Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

АКШлык чалгынчылар террорчуларды ичинен иритет


Президент Барак Обама улуттук коопсуздукка жооптуу кызматтардын башчылары менен жыйын өткөрүүдө. Ак Үй. 5-январь, 2010
Президент Барак Обама улуттук коопсуздукка жооптуу кызматтардын башчылары менен жыйын өткөрүүдө. Ак Үй. 5-январь, 2010

Пентагон АКШга коркунуч туудурган экстремисттик топторго каршы согушту ийгиликтүү жүргүзүү үчүн чалгындоо операцияларын кеңейткени ачыкка чыкты.

Мындай буйрукту АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командасынын башчысы, генерал Дэвид Петреус былтыр 30-сентябрда берген. Бул жөнүндө “The New York Times” гезити АКШлык ырасмий адамдарга жана аскерий документтерге таянып, 25-майдагы санында кабарлады. Гезиттин жазышынча, буйрук Американын атайын операцияларды өткөрүүчү күчтөрүн Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Сомали жарым аралындагы өлкөлөргө, анын ичинде Иранга жөнөтүүгө жол ачкан.

АКШнын атайын күчтөрүнүн жоокери офицерлерди тарткан тик учардын коопсуздугун камсыздоодо. Ооганстан, 24-февраль 2010

Бул кабарды не Мамдепартамент, не Ак Үй комментариялай элек. Бирок, “The New York Times” гезитинин аты аталбаган ырасмий булактарга шилтеп жазышынча, буйрук АКШнын чалгындоо кызматтарына экстремисттик топторго “кирип, аларды жок кылууга же сокку ура алат” дегенди түшүндүрөт. Дал ушул буйруктан кийин Йемендеги “ал-Каидачыларга” каршы согуштук аракеттер күчөгөн жана согушчандарга таандык деп шектелген кемеге ракетадан сокку урулган; Йемендин армиясын мыктылап куралдандырууга 155 миллион доллардан көп акча бөлүү пландалган.

Аталган буйрук “ал-Каида” жана башка АКШга коркунуч туудурган террордук уюмдар тууралуу маалымат чогултууну жакшыртуу үчүн түрдүү өлкөлөрдөгү диссиденттик топтор менен байланыш түзүүгө да уруксат берет. Ошондой эле Ирандын ядролук программасына байланыштуу маалыматтарды топтогонго көмөктөшө алчу диссиденттерди же топторду аныктоо да буйрулган деп боолгойт гезит. Анткен менен, 7 барактык директивада кайсы бир өлкөгө сокку уруу жөнүндө эч кандай сөз жок.

Пакистандын анти-террордук күчтөрү Равалпинди шаарындагы машыгууда. 2-апрель 2010


Президент Барак Обаманын администрациясы Иранды уранды байытуудан баш тартыруу үчүн дипломаттык жана экономикалык жолдор менен аракеттенүүнү оң көрөрүн билдирген. 18-майда АКШнын элчиси Сюзан Райс Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы жаңы санкциянын долбоорун талкуулар алдында мындай деп билдирген болчу:

- Бул долбоордун максаты - биз Иранга каршы көрүп жаткан дипломаттык аракеттерди алмаштыруу эмес, колдоо. Биз дайыма Иран өз мидеттенмелерин аткаруусу жана эл аралык коомчулук менен мамилесин жакшыртуусу үчүн эшик ачык экенин айтып келебиз. Резолюциянын долбоору БУУнун Иранга каршы мурда киргизген санкцияларына негизделген жана аларды дагы кубаттуу кылат.

Деген менен, “Нью-Йорк Таймстын” ырасташынча, Пентагон президент Барак Обама сокку урууга качандыр уруксат берет деген тейде, согуштун планын түзүп койгон.

Маалыматка караганда, Пентагондогу жетекчилер арасында атайын күчтөрдүн жоокерлери непада колго түшүп калса, “шпион” катары соттолот, себеби аларды Женева келишимине ылайык согуш туткуну ирети коргоо мүмкүн болбой калат деп чочулоолор бар экен.

XS
SM
MD
LG