Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

ИCЛАМАБАДДА КЫЗЫЛ МЕЧИТ СОГУШЧАНДАРДАН БОШОТУЛДУ


Пакистан армиясы шаршемби күнү Исламабаддагы Кызыл мечит комплекси согушчандардан бошотту. Армиянын өкүлү генерал- майор Вахид Аршаддын сөзүнчө, ошентип мечиттин аймагын согушчандардан тазалоонун биринчи айлампасы аягына чыкты. Сегиз күнгө созулган тирешүүдө сексенден ашуун адамдын каны төгүлгөнү ырасмий маалымдалган. Алардын көбү согушчандар.

Исламабаддын ортосундагы Кызыл мечит комплекси үчүн болгон уруштун акыркы эки күнүндө 60 ашуун адам окко учканы ырасмий маалымдалган. Алардын ичинде 10 аскер жана козголоңчулардын башчысы, мечиттин орун басар имам- хатиби Абдул Рашид Гази да бар.

10- июнда Гази багынып берүү сунушун четке кагып, алар “шейит” өлүүгө даря экенин билдиргенден кийин президент Мушарраф комплексти бошотууну буйруган эле.

Армиянын өкүлү генерал- майор Вахид Аршаддын билдиришинче, аскерлер мечиттин аймагын жарылбай калган гранаталардан, тузак- миналардан тазалап, өлгөн адамдардын денесин чогултуп жатышат.

Пакистан аскерлердин Кызыл мечиттин согушчандардан бошотуусун Ооган президенти Хамид Карзай колдоп, Исламабадды бардык радикалдуу диний топторду тып- тыйпыл кылууга чакырды:

- Исламабад бул өнөктүктү Пакистандан Ооганстанга ооган балдарын өлтүрүү үчүн өткөн террорчуларга каршы күрөшкөн сыяктуу эле улантылат.

Карзай Пакистанды талиптерге башпаанек берет деп узактан бери күнөөлөп жүрөт.

Серепчилердин бир жааты Кызыл мечитке жашынган жоон топ согушчандарды жок кылуу президент Мушаррафка каршы нааразылыкты күчөтөт деп боолгошот. Экинчи бир серепчилер шаршемби күнү аяктаган чабуул Пакистанда күч алып бараткан ислам экстремизмин ооздуктоого жардам кылышы мүмкүн, анын ийгилиги - өкмөттүн радикалдуу башка медреселердин тилин тапканыга жараша болот дешет.

Ал эми уруулар контролдогон Түндүк Батыш аймактардын коопсуздук боюнча мурдакы акими Мамуд Шахтын оюнча, согушчандар жакынкы күндөрү өкмөттүк күчтөрдөн өч алууга аракет кылат.

Оппозициядагы Ислам альянсы- Мутахида Мажлис Амал Түндүк Батыш чек ара аймагында Кызыл мечитте шейит өлгөндөрдү эскерип, үч күндүк аза күтүү жарыялады. Баса, Абдул Рашид Газинин агасы, Кызыл мечиттин имам- хатиби Азиз Гази чыгарган фатва боюнча, өкмөттүк аскерлер шейит өлдү деп эсептелбейт.

Кызыл мечит бошотулса да ордо шаар Исламабаддын көчөлөрүн аскерий черүү күзөтүүдө.

XS
SM
MD
LG