Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Обама: Иракта аскерий операциялар аяктайт


Президент Барак Обама быйыл августтун этегинде Иракта аскерий операциялар аяктай турганын тастыктады.
Президент Барак Обама быйыл августтун этегинде Иракта аскерий операциялар аяктай турганын тастыктады.

АКШ президенти Барак Обама 31-августта америкалык контингент Ирактагы аскерий милдеттерин аяктай турганын ырастады. Өткөөл мезгил үчүн бул өлкөдө 50 миңдей контингент калат. Ага ирак полициясы менен армиясын террорчуларга каршы операцияларды өткөрүүгө, жарандык адистердин коопсуздугун камсыз кылууга жактыруу иши тапшырылат. Эмдиги жылдын этегинде Ирактан америкалык бардык аскерлер чыгарылат.

Атланта шаарында ветерандар жыйынында сөз сүйлөп, президент Обама мындан бир жыл мурда берген убадасын бышыктады.

"Кызматка киришкенден көп өтпөй мен Ирактагы стратегиябызды жарыялагам, жоопкерчилик толугу менен ирактыктарга өтөрүн, 2010-жылдын 31-августунда аскерий милдеттерди аяктай турганыбызды айткамын. Мен убада бергендей, ошол иштин баарын өз маалында жасап жатабыз", -деп айтты Обама.

Айтымда, Обама ушул ай ичинде ирак темасына дагы бир нече курдай кайрылат. Быйыл ноябрда конгресс толугу менен, сенаттын үчтөн бир бөлүгү кайра шайланат. Ак үй ушул өнөктүк алдында Обама өз сөзүнө бекем турарын шайлоочулардын эсине салгысы келет. Обаманы Атлантага коштоп келген Ак үйдүн өкүлү Билл Бертон "президент өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарып жатканын" белгиледи.

Өз сөзүндө Обама ушул айдын соңуна барып 90 миң солдат Ирактан кайтып келерин эске салды. "Ирактагы зобун-зомбулук төмөндөп баратат. Эмдиги айда биз милдетибизди өзгөртөбүз, аскерий операциялардан Ирактын коопсуздук күчтөрүн колдоого жана жатыктырууга өтөбүз", -деп билдирди Обама жана ушул милдет да оңой болбой турганын эскертти.

Августтун этегинде Иракта АКШнын элүү миңдей контингенти калат. Мындан бир жыл мурда – Обама президенттик кызматка киришкен маалда – алардын саны 144 миңдей бар эле.

Иракта быйыл мартта парламенттик шайлоо болгон. Ошондон бери өкмөт курала элек. Арасат ушул жагдай америкалык контингентти чыгаруу планын кечеңдетиши мүмкүн деген кооптонуулар пайда болгон эле.

Обама Ооганстандагы жагдайга да кайрылды жана бул өлкөдөн жакшы жаңылыктар аз келип жатканын моюнга алды. Обама ооган жериндеги контингентти дагы отуз миңдей аскер менен толуктаганы жатат. Июль айы соңку тогуз жыл ичинде америкалыктар үчүн эң көп жоокерин жоготкон ай болду. Коалициялык контингенттин колбашчысы алмашты. Анын соңунан Wikileaks сайтына миңдеген аскерий жашыруун материалдар жарыяланып кетип, коомчулук арасында ар түрдүү пикирлерди жаратты.

"Мурдагыдай эле Ооганстанда биз ири проблемаларга туш келебиз, бирок прогресске жетишип, ачык-айкын жана өтөсүнө чыга турган милдеттерге күч үрөп жатканыбызды америкалыктар билип койгону маанилүү",- деп кошумчалады Обама.

XS
SM
MD
LG