Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

АКШ 2011-бюджеттик жылда үнөмдүү саясатка өтөт


Президент Барак Обаманын 2011-финансылык жыл үчүн сунуш кылган АКШ бюджеттинин планы.
Президент Барак Обаманын 2011-финансылык жыл үчүн сунуш кылган АКШ бюджеттинин планы.

Президент Барак Обама АКШнын келерки 2011-жыл үчүн 3,8 триллион долларлык бюджет планын Конгресске талкууга берди.

2011-фиансылык жылдын бюджетинде чыгаша кирешеден 1, 7 триллион долларга көп каралган. Бирок экономиканы стимулдаштырууга жана жумушсуздукту кыскартууга бюджетте өзгөчө маани берилген.

2011-жылдын бюджет долбоору АКШ экономикасынын күзгүсү

Барак Обама кабарчыларга бюджеттик тартыштыкты кыскартуу үчүн чыгымдарды азайтууга туура келгенин баса белгилеп,

Президент Обама АКШнын 2011-жылкы бюджети жөнүндө Ак Үйдө журналисттерге түшүндүрмө берүүдө. Вашингтон. 1-февраль 2010

Ооганстандагы жана Ирактагы согуш жана экономикалык татаал жагдай үнөмдүү болууга мажбурлап жатканын айтты:

-Бул бюджет өлкө башына түшкөн катаал жагдайды чагылдырат. Биз согушуп жатабыз, экономикабыз өткөн эки жылда 7 миллион жумуш орду кыскарды, өкмөт он жылдык бейкам чыгымдардан кийин мойнунан карызга баткан.

2011-финансылык жылда Кошмо Штатардын бюджети 3, 8 триллион долларды түзөт. Бул 2010-жылдагыдан 3 процентке көп. Бюджетте чыгаша кирешеден 1, 66 триллион долларга көп пландалган. Эгер бул планды Конгресс бекитсе, дефицит ички дүң жыйымыдын 8,3 проценттине барабар болот. Азыр ал 10,6 процентке барабар.

Күнөө Буштун администрациясы менен Конгрессте

Президент Обама мамлекеттин олчойгон карызы үчүн жоопкерчиликти сарамжалсыз акча сарптаган Ак Үйдүн мурдакы администрациясына оодарды:

-Өткөн он жылда мурдакы администрация менен мурдакы Конгресс өтө кымбат даары-дармек программасын түзүшкөн, байлар үчүн салыкты олчойто кескен жана акча жок туруп, эки согушту ачкан. Мунун баары рессеция жана медициналык тейлөөнүн кымбаттоосу менен коштолгон.

Обаманын планында өлкөдөгү 10 проценттен көп жумушсуздукту кыскартууга 100 миллиард доллар каралган. Бул акча жаңы жумуш орундарын ачкан ишканаларга салык жеңилдигин берүү, жаратылышка зыян келтирбөөчү энергетикалык теңнологияны инвестициялоого, жолдорду жана көпүрөөлөрдү оңдоп-жакшыртууга сарпталат.


Ак Үй 2011-жылы үнөмдөө саясатына өтөт

Акчаны үнөмдөө максатында 120 программа кыскартылат. Анын ичинде Обама аздектеген айла чөйрөнү коргоого жана саламаттыкты сактоого бөлүнчү каражат да азайтылат. Булардын натыйжасында 20 миллиард долларды үнөмдөлмөкчү.

Барак Обаманын айтышынча, миллиондогон америкалыктар сыяктуу Ак Үй өзү да дараметине жараша жашоого өтөт:

-Бул Вашингтон да үй-бүлөлөр жана ишкерлер карманган стандартты тутуучу мезгил. Бул биз колдон келгенди үнөмдөчү, зарыл гана чыгымдарды жасоочу жана дасмиябызга жараша жашоочу мезгил.

Ошондой эле Айды өздөштүрүү үч жылга убактылуу токтотуламкчы. Бирок, өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу чыгымдар кыскартылбайт. Обама согуштук операциялар үчүн 192 миллиард доллар сурады. Бул акчалар Ооганстан, Пакистан жана Йемендеги аскерий операцияларга жумшалат. Президент. Буш 2007-жылы согуш үчүн 245 миллиард сураган.

АКШ 2001-жылдан бери Ирактагы жана Ооганстандагы согушка 1 триллион кетирген.

XS
SM
MD
LG