Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Америкалык кыялдын аягы эмне болот?


АКШдагы шайлоо супердержава үчүн гана эмес дүйнө үчүн да кыйын кезде өтүүдө. Акыркы жылдары АКШнын дүйнөлүк сахнадагы аброю кыйла төмөндөдү. Бул жөнүндө “Азаттыктын” директорунун орун басары Ненад Пейич ой жоруйт.



Косово же Грузия өңдүү өлкөлөр болбосо, дүйнөнүн булуң-бурчунда АКШга оң караган элдин саны кескин азайды. Атүгүл америкалык жарандардын көбү, атап айтсак, апрелдеги сурамжылоого ылайык, 81 проценти, өлкө жаңылыш багытта баратат деп эсептейт.

“3 президент жана Америкалык супердержаванын кризиси” деп аталган китебинде АКШнын коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Збигнев Бзежински акыркы 20 жыл дүйнө тарыхында бурулуш учур болуп калды деп жазат. Ошол кыска мөөнөттүн ичинде АКШ Кансыз согуштун жетишкендиктерин – кубатын жана аброюн жоготууга үлгүрдү”.

Абу-Грейб түрмөсүндөгү чатак, Гуантанамо Бэй абагы, Ирак массалык кыргын салуучу куралдын үстүнөн иштеп жатат деген ырастоолор, Борбордук чалгындоо кызматынын жашыруун кармоочу жайлары, прокурорлорду саясий жүйөөдөн улам кызматтарынан алуу, Ирактагы коррупция. Буш администрациясы учурунда орун алган чырдуу окуяларды атоону соңсуз уланта берсе болчудай.

Буштун тышкы саясаттагы каталары болсо глобалдуу стабилдүүлүккө залакасын тийгизбей койгон жок. Ирактагы согуш ийгиликтүү аяктаганын ал эбак эле жарыялап жиберген. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу процесси алдыга жылбай турат, АКШнын негизги шериктери Франция жана Германия менен мамилелери бир топ салкындай түштү. Глобалдуу финансылык кризис үчүн жоопкерчилик да кандайдыр бир деңгээлде анын администрациясына жүктөлүүдө.

Кээ бир аналитиктер “америкалык кыялдын” аягы жөнүндө песимисттик көз караштарын билдиришүүдө.

АКШнын Тарых каналы өткөргөн сурамжылоо көргөзгөндөй, тарыхчылардын 98 проценти Буштун президенттигин “утулуш” катары баалашкан.

Newsweek International басылмасынын редактору Фарид Закария жазгандай, финансылык кризис капитализм жок болуп баратат дегенге жатпайт, бирок АКШнын глобалдуу үстөмдүгүнө чекит коюлушу ыктымал.

Албетте, шайлоо участкаларына жөнөгөн америкалыктардын көбүн глобалдуу лидерлик жөнүндөгү маселе кызыктырбашы мүмкүн. Аларды, албетте, ички проблемалар түйшөлтөт.

Демократ сенатор Барак Обама жандырган үмүткө калган дүйнө да муктаж. Куралдын ордуна татаал маселелерди сүйлөшүү, консенсус жолу менен чечсе болот деген үмүт пайда болду. Дал ушундан улам, Обама өз өлкөсүндө гана эмес калган дүйнөдө да популярдуу болуп калды.

Анын республикачыл атаандашы, сенатор Жон Маккейн шайлоо кампаниясында өзүн оң жактан көргөзгөнү менен, партиялашы, президент Бушка тагылган айыптардан ал качып кутула албайт.

"АКШда жана жалпы эле дүйнөдө Обама президент болуп шайланыш керек дегендин жүйөөсү ушунда. Ал Кошмо штаттарды өзгөртүү менен дүйнөнү өзгөртө алат. Ал утулуп калса, дүйнө жаңы лидерди издөөгө мажбур болмокчу. Ал ким болушу мүмкүн, аны эч ким айта албайт. Бирок ошондой лидер пайда болгондо бардыгыбыз Жорж Буш башкарган жылдарды эңсеп калышыбыз ажеп эмес",- деп жыйынтыктайт Ненад Пейич.

Өзүбүздөн кошумчалай кетели, албетте, республикачыл талапкер Жон Маккейндин да колдоочулары АКШда гана эмес, дүйнөнүн башка жерлеринде да арбын. Алар да Маккейн өлкөнү башкарууга татыктуу жана кудуреттүү саясатчы деп эсептешет.

Маселен, айрым маалыматтарга караганда, Пакистандын бир катар саясатчылары жана постсоветтик аймактан АКШга барып байырлап калган диаспоранын бир кыйла өкүлдөрү Маккейнди колдоорун айтышкан.

Эскертүү: Ненад Пейичтин көз караштары сөзсүз түрдө “Азаттыктын” пикирин чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG