Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Доллардын "өпөң-чычаңы" качан токтойт?


Евро айкүр турганда, доллар жамбаштаганга мажбур.
Евро айкүр турганда, доллар жамбаштаганга мажбур.

Өтүп бараткан 2009-жыл алтындан кийинки эле резервдик валюта эсептелген АКШ доллары үчүн татаал жыл болду.

Февралда акча базарында бир евро 1 доллар 25 сентке сатылса, октябрда бир евро 1, 50 долларга чейин арзандады. Бирок акыркы жумаларда доллар кайра акырындап болсо да кубаттана баштады. Доллар келерки жылы ушул арышын кармайбы же жокпу?

Доллар чиренип барып токтогондо

2008-жылдын аяк ченинде Кошмо Штаттардын Борбордук банкы глобалдык финансылык кризистин мизин мокотуу үчүн бир катар
АКШнын Борбордук банкынын төрагасы Бен Бернанкенин саясаты долларды кунун качырбай кармоо жана кубаттандыруу.
чараларга барган эле. Ошондо банктардын проценттик ставкалары рекорддук төмөнкү деңгээлге түшүрүлүп, экономиканы жандандыруу үчүн Ак Үй ири социалдык программаны кабыл алган жана күчтөн тайган компанияларга миллиардаган доллар аманат берген.

Береги чаралардын натыйжасында быйыл февралда евро акча бир кыйла күчүн жоготуп, 1, 25 долларга чейин арзандады. Экономикада оңолуунун алгачкы белгилери байкала баштаганда инвесторлорлор капиталды кирешелүү тармактарга салгандын ордуна кайрадан долларды сатып ала башташты.

Бул жөнүндө Лондондогу VTB Capital инвестициялык банкынын стратегия боюнча аналитиги Нейл Маккиннон мындай деген оюн билдирди:

-Бул жылы Борбордук банк “масштабдуу жеңилдетүү” саясатын ырасмий түрдө кабыл алып, төлөм акыларын(проценттик ставка) дээрлик нөлгө түшүргөндөн кийин АКШ доллары шыр эле инвесторлор менен чайкоочулар барктаган акчага айланды. Андан улам инвесторлор менен чайкоочулар долларды карызга алып, баалуу кагаздарга, товарга, өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн акцияларына, кирешени чоң берген акчаларга жумшашат.

Ал эми евронун куну өсүп жатты жана октябрда 1 евро 1,50 долларга тең болду. Анткен менен, АКШ доллары кээ бир талдоочулар күткөндөй такыр эле кунсуз акчага айланбады. Анын жүйөсүн Лондондогу атактуу Chatham House изилдөө боборунун эксперти Ванесса Росси мындай түшүндүрөт:

"Жайында доллар минтип отурса өтө тез арзандап кетет деген учур болбодубу. Ошондо жаңылган экенбиз. Акыркы алты айда доллар кризиске чейинки кубатына кайра келгенин баарыбыз көрдүк".

Еврону буттан чалган Грекия жана башкалар

Евромейкиндиктеги экономикалык жагдайга байланыштуу акыркы жумаларда евро арзандап, доллар кубаттанууда. Грекиянын
Германиянын автоөнөр жайынын узактан берки сыймыгы "Opel" кризистен аман чыгары күмөн болууда.
эбегейсиз ички карызы ашкере болду; Австрия банктарынын бирин улутташтырды. Ирландия, Испания жана Португалия да кыйын мезгилди баштан кечирүүдө.

Лондондун Standard Bank Plc банкы сүрөттөгөндөй, Ирландия менен Грекияда экономика азыр “адам чыдагыс абалда” турат. Тескерисинче, акыркы статистикалык маалыматтар Кошмо Штаттар 16 айга созулган рессециядан чыгып, атүгүл 2, 5 процеттен кем эмес өскөнүн көрсөттү жана Борбордук банктын төрагасы Бен Бернанке долларды колдоочу кадамдарды жасайт деген божомолдор айтылууда. Анын себеби тууралуу Нейл Макиннондун пикири мындай:

-Рынок жумушсуздук жана чекене соода боюнча соңку маалымттарды көрүп: “Ырас эле АКШ экономикасы- акыларын бутуна ишенимдүү туруп бараткан көрүнөт. Борбордук банктын жыл бою түрдүү кредиттерди берүүнү жеңилдетип, эми төлөмдөрүн көбөйтүүнү ойлонуп жатпайбы!?” дешүүдө.

Талдоочулар АКШ экономикасы оңолуп баратканын күбөлөгөн белгилерге карабай, “Доллардын арзандап кетүү коркунучу жок” дешип, ишенимдүү айтуудан алыс. Андай этияттыкка: “Борбордук банк финансы рыногун контролдоо үчүн кабыл алган чаралар качан токтотулат?” деген суроо жана бюджеттеги олчойгон тартыштык негиз болууда.

Алсак, 1-октбярга АКШнын карызы 1, 4 триллион долларды түздү. Ырас, доллардын кубатына таасир этчү тышкы соодадагы тескери баланс бир кыйла кыскарды. Ошондо да, доллардын наркы өсүп жаткандыктан, жакынкы мезгилде АКШ акчасынын арзандап кетерине кээ бир эксперттер ишенишпейт.

-Менимче, “Доллардын кыйрашына коркунуч жок ” деп айтуу ырахат эмеспи. Доллардын куну качып турганда АКШ бюджеттин чыгашасын дагы көбөйтсө да доллар күчтөнүүдө. Андыктан, жакын арада доллар арзандайт деп ойлобойм,- дейт Вашингтондогу эл аралык экономиканы изилдөөчү Peterson институтунун талдоочусу Жон Уильямс.

Ушундан улам серепчилер АКШ доллары жакынкы жылдары резервдик валюта бойдон кала береринен эч күмөн санашпайт. Ал эми улуттук банктар, айрыкча, валюта корунун эң чоң бөлүгүн доллар менен сактаган Кытай менен Россия доллардын арзандашынан коркушат.

Чын, Москва жана Бээжин өз учурунда долларды туруктуурак башка валюта менен алмаштырууга чакырышканы менен азыр андай демилге өчүп калды. Ошентип, жарандар долларды резервдик акча катары сакташ керекпи же аны башка акчага алмаштырганы жөнбү? Бул суроого Chatham House борборунун эксперти Росси мындай пикирин айтты:

-Азыр доллар күчүн жоготчу же кубаттанып кетчүдөй жышаан байкалбайт. Ошон үчүн доллар анча - мынча калдактагандай болуп турат. Доллар бутуна бекем турдубу, аны келерки алты айда же андан мурдараак билебиз.

Лондондук эксперт айткан туура болсо, доллар эзелки кубатына толуп, күчтүү акчага айланабы же жокпу, алдыдагы жарым жыл аралыгында, балким андан да эрте билинет.

XS
SM
MD
LG