Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Жаңы дүйнөлүк валюта керек дегендер көбөйүүдө


Дүйнөлүк резервдик акча - АКШ долларын башка валютага алмаштыруу жөнүндө соңку кезде улам көп айтылууда. Буга 23-мартта Кытай борбордук банкынын төрагасы Чжоу Сячуан да үн кошуп, жаңы “супер-суверендүү резервдик валюта” түзүүгө чакырды.

Жаңы валюта - улуттук валюталар үстөмдүк кылган азыркы эларалык финансы системасынын кемчиликтеринен айрылтат, деп ишенет Сячуан мырза.

Чжоу Сячуан мырзанын Кытай улуттук банкынын сайтына чыккан макалада жазышынча, глобалдык финансылык кризис азыркы эларалык финансы системанын кемчилигин ачып берди. Аны туруктуу кылуу үчүн жаңы “супер-суверендүү резервдик валютага” өтүү керек, дейт Чжоу. Ал бирок долларды түз атабады.

Эки жума илгери эле Кытайдын премьер-министри Вэн Цзябао АКШнын экономикасына салынган капиталынын коопсуздугуна кепилдик берүүгө чакырган. Кытай АКШнын ири кредитору жана 1 триллион долларга жакын акчага АКШнын “тилла-заемдерин” сатып алган. Ошон үчүн Ак Үйдүн финансылык кризиске каршы күрөштө долларды ашыкча көп басып чыгаруусу долларды арзандатып, Кытай резервдик валюта катары сактаган доллардын да кунун качырат деп чочуйт ырасмий Бээжин. Ай башында Россия 2-апрелде болчу “Чоң жыйырманын” саммитинде жаңы резервдик валютаны талкуулоого чакырган. Андан мурдараак Казакстандын президенти Назарбаев жаңы дүйнөлүк акча киргизүүнү сунуш эткен.

Апта башында БУУнун эксперттери да негизги валюталардын наркы автоматтык түрдө коореляцияланып турчу дүйнөлүк валюта системасын түзүүнү кеңеш кылышты. Эксперт Авинаш Персоуд жаңы резервдик валютанын пайдасы жөнүндө мындай дейт:

- Дүйнөнүн бир бөлүгүндө мурдакыдан көп акчаны сактоону каалайт. Бул акчаны бир жерге топтобой дүйнөнүн чар тарабына жайылтат. Бул акча сактаган адамдар үчүн жакшы. Анткени алардын акчасы түрдүү валютага салынат. Бул валюта салынган жердин адамдары үчүн жакшы.

Кытай, Россия жана БУУнун эксперттери Эларалык валюта фонду - IMFтин насыя алуу укугун кеңейтүүнү жакташууда. Мындай болгондо IMF резервдик валюта ирети колдонулуп келаткан доллар, евро, фунт жана иендин катарына экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн акчаларыны кошо алмак. Колдонуудагы эларалык резервдик валюта системасы 40 жыл мурда негизделген. Жаңы “супер-суверендүү резервдик валюта” эларалык соодада жана финансылык алакаларда да колдонулуп, дүйнөлүк финансы рыногунда тең салмактуулукту сактоого көмөктөшмөк, дешет анын жактоочулары.

Лондондогу айтылуу Chatham House изилдөө борборунун эксперти Ванесса Роси жаңы резервдик валютага өтүү АКШ үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн деген пикирде. Анткени жүгүртүүдөн ашыкча доллар алынып, анын кубаты өсөт, деп боолгойт талдоочу. Россинин сөзүнчө, жаңы резервдик валютаны түзүү саясый, техникалык жана логистикалык проблемаларды чечүүнү талап кылгандыктан, бир-эки жылда түзүлөрү күмөн.

XS
SM
MD
LG