Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Доллардын доору бүтө элек


Россияда тартылган шакаба сүрөттөрдүн бири "Долларды тапшырабыз!" деп аталат.
Россияда тартылган шакаба сүрөттөрдүн бири "Долларды тапшырабыз!" деп аталат.

Британияда чыгуучу The Independent гезити Перси булуңундагы өлкөлөр, ошондой эле Кытай, Россия, Япония жана Франция мунай соода-сатыгында доллар менен эсеп-кысап жүргүзгөндөн баш тартканы жатышканын жазып чыкты. Бирок муну сөз болгон өлкөлөрдүн айрымдары төгүндөштү.

Мунай сатыгында доллар менен соода кылуудан баш тартуу планына өйдөдө аталган өлкөлөрдөн тышкары Бразилия кошулганын The Independent гезитинин Жакынкы Чыгыштагы кабарчысы ырастады.

Анын макаласында айтылгандай, 11 өлкөнүн финансы министрлери менен борбордук банк башчылары жашыруун жыйын өткөрүп, эсеп-кысап иши үчүн башка "себет" түзүүнү, ага япон иени, кытай юаны, евро, алтын, ошондой эле Сауд Арапстанда, Эмираттарда, Бахрейнде, Оманда, Кувейт менен Катарда пландалып жаткан жаңы валюта киргизилерин макулдашты. Айтымда, муну кабарчыга Кытайдын жана Перси булуңундагы өлкөлөрдүн финансы чөйрөсүндөгү аты белгисиз өкүлдөр маалымдашкан.

Басылма ишендиргендей, мунай экспорттогон өлкөлөр жаңы финансы механизмине 2018-жылы өтүшөт жана бул план тууралуу АКШ өкмөтү эбак эле маалымдар болгон.

Кабарчынын макаласына редакциялык коштомо баяндама жазып, The Independent гезити "доллардын доору" аяктап, "дүйнөлүк жаңы тартип" жаралып келатканы калетсиз экенин көрсөттү жана окурмандарын АКШ валютасынын "көзү өтүп баратканына" анчейин деле өкүнбөгүлө деп эскертет.

Бирок гезиттин бул кабарын илгиртпей эле сауд араптардын борбордук банк башчысы Мухаммад ал-Яссер, анын соңунан Россиянын финансы министринин орунбасары Дмитрий Панкин төгүндөштү. Япониянын финансы министри да "муну биринчи ирет угуп отурганын" тастыктады.

Деген менен британ гезитинин бул кабарынан соң Азия биржаларында доллардын баасы кескин төмөндөп, иендин, алтындын наркы дароо асмандап кетти.

Мунай соодасында долларсыз контракт ыкмасына өтүүнү эксперттер жокко чыгарышпайт. "Мындай усул АКШ валютасынын белин мертинтиши мүмкүн. Ошол эле учурда мунун маанисин ашкере ашырып жибергенге да болбойт",-дейт Гонконгдогу британ банкынын экономисти Бен Симпфендорфер.

Кипрдеги Жакынкы Чыгыш экономика иликтөө борборунун финансы редактору Мелани Ловетт "мындай иш жакынкы аралыкта болору өтө арсар" деп эсептейт. "Булуңдагы кайсы өлкө болбосун, алардын доллардан баш тартары күмөн. Алардын валюталары долларга аса байланып калган. Атүгүл долларга анчейин тиешеси жок Кувейт деле бүт соода-сатыгын ушул валюта менен жүргүзөт".

Дүйнөдө өз мунайын бир гана Иран евро эсебинде соодалаганга өткөн. Бирок мунун экономикалык жүйөөсүнө караганда саясий өңүтү көбүрөөк.

XS
SM
MD
LG