Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:32

Барак Обама Ангела Меркел менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн жашырбады


Президент Барак Обама 5-майда Германиянын канцлери жана президенти менен бирге фашисттик бийлик тушундагы Бухенвалд лагерине барды. Алар менен чогуу лагердин мурдакы туткуну, Нобел атындагы Тынчтык сыйылыгын лауреаты, жазуусу Элия Визел да болду.
Президент Барак Обама 5-майда Германиянын канцлери жана президенти менен бирге фашисттик бийлик тушундагы Бухенвалд лагерине барды. Алар менен чогуу лагердин мурдакы туткуну, Нобел атындагы Тынчтык сыйылыгын лауреаты, жазуусу Элия Визел да болду.

АКШ президенти Барак Обама жума күнү Дрезденде Германиянын канцлери Ангела Меркел айым менен жолукту. Эки лидер сүйлөшүүдөн соңку маалымат жыйынында дүйнөлүк каржылык кризис, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Ирандын өзөктүк программасы сыяктуу мезгилдин маанилүү суроолорун талкуулашканын билдиришти.

Барак Обама менен Анжела Меркел Германиянын чыгышындагы Дрезден шаарында жолугушту. (Ажайып шаар Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы күндөрү АКШ жана Британиянын аба күчтөрү тарабынан кыйратылганына карабай, бүгүн эзелки калыбында кулпурат).

Эки лидер кыска убакта глобалдык экономикалык кризисти ооздуктоо, Ооганстан жана Пакистандагы террорчуларга каршы күрөштө, ошондой эле Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууда өз ара кызматташуу жана Ирандын уранды байытуусунун коркунучу сыяктуу татаал маселелерди талкулашты. Бул проблемаларды жөндөөдө, президент Обаманын кездешүүдөн кийинки маалымат жыйынында билдиришинче, АКШ жана Германия эчен жылдардан бери үзүрлүү кызматташып жүрөт:

Барак Обама Дрездендеги пресс-конференцияда.
- Биз глобалдык экономикалык кризиске каршы аракеттенүүдө жана биздин элдин жыргалчылыгы менен экономиканы тикелөөдө чогуу иштешип жатабыз. Экономикалык мүшкүл чекараны билбейт. Алга жылуу үчүн убакыт жана тынбай аракеттенүүбүз зарыл.

Айрым маалымат каражаттары АКШ президентинин Германияда бир гана күн ырасмий визит менен болгонуна байланыштуу, америкалык-германиялык мамиле солгундап кетти деген чочулоолорду айтып жатышкан.

Барак Обама мындай божомол кептерди четке кагып, эки өлкө тыкыс кызматташып жатканын, ишембиде Нормандияда Экинчи дүйнөлүк согуштагы бурулуш учурга байланыштуу чоң мааракеге барарын айтты:

- Биздин эки өлкөнүн түгүл, биздин эки өкмөттүн да мамилеси өтө мыкты. Менин сапарым жөнүндө түрдүү кеп-сөздү айткандар, логистикалык жөнөкөй нерсени - бир жайдан экинчи жерге жетүүмдү, Жакынкы Чыгыштан келгенимди, эртең Нормандияга барарымды, бир күндө 24 гана саат бар экенин эске алышса...

1944-жылдын 6-июнунда Нормандияга түшкөн америкалык, кандалык жана британиялык аскерлер Германияга каршы Батыш майданын (фронтун) ачышкан.

6-июнда Экинчи дүйнөлүк согуштагы чечүүчү окуянын 65 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленет.

Германиянын канцлери Ангела Меркел айым өз кезегинде АКШ президенти Барак Обаманын бейшемби күнү Каирде ислам дүйнөсүнө жасаган кайрылуусу Жакынкы жана Ыраакы чыгыш үчүн да маанилүү экенин белгиледи:

- Президент Обама кечээ Каирде маанилүү сөз сүйлөдү. Ал сөз көптөгөн саясый иштерге, өзгөчө, Жакынкы жана Алыскы Чыгыштагы тынчтык жараянына түрткү болушу мүмкүн. Ошон үчүн биз прогресске жетишүүнүн ыраатын талкууладык.

Барак Обама Түштүк Азиядагы террорчуларды талкалоодо АКШ менен Германиянын НАТОнун алкагында алган милдеттенмелерин аткаруусу өтө маанилүү экенине да көңүл бурду:

- Германия НАТОнун өтө кубаттуу өнөктөшү. Өзүңүздөр билгендей, Ооганстанда биз үчүн чоң милдет бар жана Пакистанда да кырдаал курчууда. Анткен менен, биз өз милдеттенмелибизди аткарчу болсок, террорчулардын базалары биздин элдерге коркунуч жарата албайт.

Обаманын сапары алдында германиялык саясатчылар АКШ өкмөтү 2010-жылы Гуантанамодогу абак жайын жапкандан кийин террорчу деп шектенген кээ бир туткундар Геррманияга жөнөтүлөт экен деген кооптонууларды айтышкан. Буга байланыштуу Обама эч качан Германияга Гуантанамо туткундарын алууну сурап кайрылбаганын айтты:

- Биз Европа Биримдиги менен Гуантанамо абак жайын жабууда чогуу иштешүү мүмкүндүгү жана түрмөнү жабууга жардамдашуулары жөнүндө сүйлөштүк. Канцлер Меркель талкуу учурунда пикирлерин ачык айтты. Биз андан өзүңөргө бекем милдеттенме алгыла деп сурабадык. Бул маселени чечүүнүн жолдору талкууланды. Бирок, ал бизге эч кандай бекем убада да берген жок.

АКШ жана Германия Ирандын өзөктүк (ядролук) программасы Жакынкы Чыгышта жарыша куралданууга түрткү берет деп кооптонушат жана ага жол бербөө максатында өзөктүк куралдарды жайылтпоо үчүн жигердүү аракеттенүү зарыл деп эсептешет.

Россиянын жана АКШнын өзөктүк куралдарынын санын кыскартуу маселеси жана Ирандын өзөктүк курал дымагынын коркунучу, Обаманын сөзүнчө, ал жай аяктай Москвага сапарга барганда да атайын талкууланат.

XS
SM
MD
LG