Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

БУШ АКШ АСКЕРЛЕРИН ИРАКТАН ЧЫГАРУУНУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТТУ


АКШ президенти Жорж Буш июлдан кийин аскерлерди Ирактан чыгарууну убактылуу токтотууга буйрук берди. Ак Үйдө сүйлөгөн сөзүндө Буш ошондой эле согушка жиберилген аскерлердин мөөнөтү 15 айдан 1 жылга чейин кыскартылат деп билдирди.

Буш АКШ куралдуу күчтөрүнүн Ирактагы кол башчысы Дэвид Петреуска мындан аркы кыскартуулар жөнүндө чечим чыгаруу үчүн зарыл болгон убакыт берилет деди.

-31-июлга чейин Ирактагы америкалык согуштук бөлүктөрдүн саны былтыркыга караганда 25 процентке кыскартылмакчы. Андан кийин генерал Петреус аскерлердин санын азайтуу Ирактагы кырдаалга кандай таасир этип жатканын анализдөө үчүн убакыт талап кылынат деди. Мен ага канча керек болсо ошончолук убакыт берилет деп жооп бердим.

Былтыр январда Буш Иракка 5 кошчума бөлүк же 30 миңдей жоокер жиберүүнү буйруган. Бул – мазапаралык урушту басаңдатуу, Ирак бийликтерине жардам берүү иретинде жасалган.

Мындай стратегия максатына жеткенин белгилеген Буш: -15 ай мурун Америка жана Ирак өкмөтү коргонуу турумдарын ээлеп келсе, бүгүн демилге биздин колубузда,-деп айтты.

Мунун далили катары Буш жайкын тургундар арасындагы жоготуулардын азайышын, Ирак өкмөтүнүн Вашингтон койгон максаттарга жетүү үчүн прогресс жасап жатканын келтирди.

Былтыр Ак-Үй Нури ал-Маликинин өкмөтүнөн 2007-жылдын ноябрына чейин өлкөнүн бардык чөлкөмдөрүндөгү коопсуздукту камсыздоону өзүнө алууну талап кылган. Мындан тышкары мыйзамга мунайдан түшкөн киреше бардык ирактыктар ортосунда тең бөлүштүрүлөт деген жобо киргизилүүгө жана аймактык шайлоолор өткөрүлүүгө тийиш эле.

АКШ армиясынын маалыматына ылайык, кошумча аскерлер жайгаштырылгандан бери кол салуулар 60 процентке, шийилер менен сунилердин урушунан набыт болгондордун саны 90 процентке азайган.
Жергиликтүү армия 18 дубандын жарымында гана коопсуздукту камсыздоо вазийпасын өзүнө өткөрүп алды. Ал эми мунай жөнүндөгү жобо кечеңдөөдө, жергиликтүү шайлоолор болсо быйыл октябрга чейин өткөрүлбөй турганы анык.

Буш согуш олуттуу чыгым алып келип жатканын моюнга алды. АКШ Ираккка басып киргенден бери ал жерде курман болгон америкалык жоокерлердин саны 4 миңден ашты. Урушка жалпы жонунан 500 миллиард доллардан ашык каражат сарпталды.

Буш Ирактагы экономикалык прогресс кайра курууга жумшалган каражаттын бир бөлүгүн жергиликтүү өкмөткө жүктөөгө шарт түзөт деп белгиледи.

Президент ошондой эле Жакыңкы Чыгыштагы жалпы абалды сөз кылып, Иран коңшу мамлекет менен тынчтыкта жашоону же Ирактагы “мыйзамсыз согушкер топторду каржылоону жана машыктырууну” уланта берүүнү тандашы керек деди.

-Иран туура багытта иш алып барса , Америка Иран менен Ирактын жакшы мамилелерин колдойт. Иран жаңылыш жолду тандаса, Америка өз кызыкчылыктарын, аскерлерин жана ирактык шериктерин коргоого бар аракетин жумшайт.

Өз сөзүн президент “согуш кыйын болгону менен ал соңсуз эмес” деп жыйынтыктады.

Сенаттагы оппозициянын лидери Харри Риид болсо президенттин сөзүн мындайча баалады:

-Президент ал өзү баштаган жана аягы көрүнбөгөн урушту улантуу үчүн Американын ресурстары чектелүү экенин алигиче түшүнбөй жатат.

Рииддин айтымында, Буш өлкөнүн эмки мамлекет башчысына оор чечимдерди калтырып кетип жатат.

XS
SM
MD
LG