Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Кремлди бушайман кылган шайлоо


Шайлоо жыйынтыгына нааразылардын митинги. Москва, 10-декабрь.
Шайлоо жыйынтыгына нааразылардын митинги. Москва, 10-декабрь.

“Бирдиктүү Орусия” шайлоодо конституциялык көпчүлүктү жоготушу Кремлдеги элитаны анча бушайманга салып, осол жагдайда калтыргандай болду.

Орус саясатындагы бул өзгөрүш жетекчилик жана кайра президенттикке ат салышып көрүүгө чакырык алган Владимир Путин үчүн эмнени билдирет?

"Бирдиктүү Орусия" эмнеден жазды?

4-декабрдагы шайлоодо “Бирдиктүү Орусиянын” аброюна жана кадыр-баркына өтө катуу сокку урулду.
Эгерде марттагы шайлоодо экинчи айлампа жөнүндө сөз болуп калса, Путин үчүн бул чоң катастрофа болот.
Павел Салин

2007-жылдагы шайлоонун негизинде Мамлекеттик думадагы орундардын үчтөн экисин ээлеп, керек болсо Конституцияны да өзгөртүүгө кудурети жетип турган партия бул жолу 50% жетпеген добуш топтоду. Албетте, бул башка атаандаштардыкына караганда көп. Бирок партия буга чейинки 15% добушту колдон чыгарып жиберди дегенди билдирет.

Аналитиктер муну Орусияда экономикалык бейстабилдүүлүктүн өскөнү, көз карандысыз жарандык коом күчтөнүп баратканы жана интернеттин саясий инструмент катары ролу өскөнү менен түшүндүрүп жатышат. Булардын бирин да бийлик азырга чейин өзүнө реалдуу коркунуч келтирчү фактор катары карабай, маани бербей келген дешет.

Москвадагы “Саясий баа берүү” аналитикалык борборунун эксперти Павел Салиндин айтымында, “Бирдиктүү Орусия” адатта колдонуп үйрөнүп калган административдик ресурс: медиага кысым жана региондордогу элиталарды жумшоо өңдүү ишенимдүү стратегия азыр эми жарабай калды.

“Шайлоо өнөктүгү маалында “Бирдиктүү Орусия” олуттуу бир ката кетирди, - деди Салин. - Ал 2007-жылдын күзүндө колдонулган эле методду кайталагысы келди. Алар ошондон бери орус коому кескин өзгөрүп кеткенин эске алышкан жок”.

Аналитиктер буга чейин коомдун көпчүлүк бөлүгү жашоо шарттары эле жакшыра берсе, Путинди жана анын командасын колдогонду уланта берүүгө даяр болчу дешет. Бирок экономикада проблемалар чыгып, шарт начарлай баштаганда бийлик өзүнүн кадамдарын мурдагыдан өзгөрткөн жок.

Ошондуктан Салин азыркы абалды жөнгө салууга ыкчам аракеттер көрүлбөсө, мартта Владимир Путин үчүнчү жолу президенттикке ат салышканда дагы бир жолу уятка калышы мүмкүн дейт.

- Путин өзү жана ага иштеп жаткан саясий технологдор азыркы кырдаалдан олуттуу жыйынтык чыгарышы керек. Антпесе, мартта Путин да азыр “Бирдиктүү Орусия” кабылган абалда калышы ыктымал. Эгерде марттагы шайлоодо экинчи айлампа жөнүндө сөз болуп калса, Путин үчүн бул чоң катастрофа болот.

Путин президенттик шайлоодо жеңээринен эч ким деле күмөн санабайт, албетте. Бирок анын Кремлге карай жолу өзү ойлогончолук оңой болбой калышы ажеп эмес.

"Путиндин доору аяктап атканына күбө болуп турабыз"

Аналитиктердин көбү нааразылыктын толкуну 24-сентябрда “Бирдиктүү Орусиянын” курултайында Владимир Путин президенттикке талапкер деп аталганда башталганын айтышат.
Путин азыркы абалга жооп болчу чараларды көрө баштады. Келерки жылдын бюджетинде чыгашалардын 33% коргонууга жана күч органдарына жумшалаары каралды. Демек, алар өзүнүн режимин жана бийлигин күчкө таяп жатышат...
Лилия Шевцова

Бул ойду колдогон “Карнеги” корунун саясий аналитиги Лилия Шевцова дал ошол күнү нааразылык даана байкала баштаганын айтты:

- Менимче, 24-сентябрда “конституциялык путч” болуп, Путин Кремлге кайткан күнү жаңы доор башталды. Сибирде, Ыраакы Чыгышта жана башка региондордо көз боёмочулуктарга, мыйзам бузууларга карабастан “Бирдиктүү Орусия” жеңилгенин айтышууда. Бул - партия легитимдүүлүктү жоготту дегенди билдирет. Марттагы шайлоого да мунун кесепети тийет. Жалпылап айтканда, биз Путиндин учуру аяктай баштаганынын күбөсү болуп турабыз.

Шевцова коомдун колдоосунан айрыла баштаган премьер репрессивдүү аракеттерге барбас бекен деп чочулап турганын айтат.

“Путин азыркы абалга жооп болчу чараларды көрө баштады. Келерки жылдын бюджетинде чыгашалардын 33% коргонууга жана күч органдарына жумшалаары каралды, - деди “Карнеги” корунун Москвадагы аналитиги Лилия Шевцова. - Демек, алар өзүнүн режимин жана бийлигин күчкө таяп жатышат”.

Бирок ошол эле “Карнегинин” дагы бир аналитиги Николай Петров азыр түзүлгөн кырдаалды Путин үчүн анчалык деле коркунучтуу эмес деп сүрөттөйт. “Путин мурда эле бул партия элдин колдоосун жогото баштаганын сезген, ошон үчүн бул ирет шайлоодо анын тизмесине кирген жок, Медведев кирди”, - дейт Петров.

Анын ишениминде, бир четинен, азыр Мамдумада “Бирдиктүү Орусия” конституциялык эмес, жөнөкөй көпчүлүккө ээ болуп калганы деле бийлик үчүн, башкаруу үчүн көп маселе болбойт. Анткени ошончолук эле Конституцияны өзгөрткүдөй зарурарт маселе чыкса, улутчул Владимир Жириновскийдин либерал-демократтары баары бир даяр турушат. Алар дайыма башкаруучу партияны колдоп келген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG