Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:44

Орусия: сазга тарткан коррупция


Эл аралык Transparency International уюмунун жылдык иликтөөсү жарык көрдү. Анда 178 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине баа берилген.

Орусия тизмеде 154-орунду ээледи. Өткөн жылга салыштырмалуу Орусия 8 тепкичке ылдый түшкөн. Ага аткаминерлердин өз кирешесин жашыруусу себеп болгон. Орусиядан кийинки орундарда Иран, Зимбабве, Мексика, Тажикстан, Папуа-Жаңы Гвинея жана башка африкалык өлкөлөр турат.

"The Washington Post" гезити Орусияда акыркы он жылдан бери В.Путиндин күчтүү бийлик орнотуу аракети паракорчулуктун кеңири жайылуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бергенин жазды.

Кремлге Дмитрий Медведев келип, 2008-жылкы экономикалык кризистен соң ал Батыш менен жакындашуу аракетине өткөн. Бирок алака түзүүдө дал ошол паракорчулук бөгөт болууда.

Transparency International уюмунун жетекчилеринин бири Елена Панфилова өлкөдө жарандык коом менен бийлик тыгыз болбогонун айтат:

- Азыр Орусия паракорчулук менен күрөшүү үчүн белсенип киришти. Аны жарандык коом колго алды. Бир гана маселе – бийлик үн катпай турат.

Калк ишенбейт

Сурамжылоо жыйынтыгы боюнча, ушул тапта Орусия калкынын 80 пайызына чукулу “паракорчулук түбүбүзгө жетмей болду” деп даттанган. Мындан он жыл мурда эл арасында мындай маанай байкалбаганын “Левада” борборунун адиси Денис Волков айтат. Сурамжылоого катышкандардын 71 пайызы азыркы бийлик турганда паракорчулук менен күрөш эч натыйжа бербей турганын билдиришкен.

Ал эми “Бирдиктүү Орусия” партиясынан депутат Сергей Марков “паракорчулук экономикалык өнүгүү үчүн эч кандай тоскоолдук жаратпайт, эң башкысы – ырааттуулук керек. Экономика үчүн башкы коркунуч – бейстабилдүүлүктө”,-деп эсептейт.

Лондондогу эл аралык институттун профессору Филип Хансен “Орусияда азырынча паракорчулук менен чындап күрөшүү ниети байкалбайт”,-деп белгиледи.

Transparency International уюмунун жаңы отчетуна ылайык, Орусияда паракорчулук сазына эң көп сот системасы жана мамлекеттик кызматкерлер баткан. Уюмдун адиси Юлий Нисневич “атаандаштык жетишпеген жерде паракорчулук башталат”,-деген пикирде.

Быйылкы жылдын жыйынтыгына ылайык, тизмедеги алдыңкы орундарга Дания, Жаңы Зеландия жана Сингапур чыккан.

XS
SM
MD
LG