Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59

Германия Путинди акциялар менен тосуп алды


Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президентин бейөкмөт уюмдарга "жакшы мүмкүнчүлүк” берүүгө үндөдү.

Чет өлкөлөр каржылаган бир катар уюмдар жакында массалык текшерүүлөргө кабылган. Президент Владимир Путин орус эли кайсы бейөкмөт топ кайсы өлкөдөн жана “кандай максатта” акча алып жатканын билүүгө акылуу деп билдирди.

7-апрелде Германиянын Ганновер шаарында Эл аралык өнөр жай жарманкесин ачып жатып, Меркел Орусия гүлдөп-өнүгүш үчүн активдүү бейөкмөт уюмдарга муктаж болгонун айтты.

Канцлер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жаратылыш ресурстарына жана инфраструктурага салынган инвестицияга көз каранды болгонун, экономиканы ар түрдүү кылып, инновацияларды киргизүүдө өкмөттүк эмес уюмдар чоң роль ойной турганын белгиледи:

- Биз Орусияга инновациялар, изилдөөлөр, алдыга жылып, өлкө калкынын өркүндөп-өсүшүн көздөгөн жаш, жигердүү адамдарды окутуп, даярдоо жагынан пайдалуу болууну каалайбыз. Мындай ийгиликке жарандык коом болгондо гана жетишсе болот деп ишенебиз. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы жолугушууда сөз козгогонбуз жана бул багыттагы талкууну улантууга, идеяларыбызды өнүктүрүүгө тийишпиз. Бейөкмөт уюмдар жана Германияда инновациялардын мотору катары белгилүү болуп калган башка түзүлүштөргө мүмкүнчүлүк бериш керек.

Марттын аягында Орусияда иш алып барган бир катар өкмөттүк эмес уюмдар массалык текшерүүлөргө туш болгон. Алардын арасында Фридрих Эбер жана Конрад Аденауэр фонддорунун өкүлчүлүктөрү да бар болчу. Буга байланыштуу Орусиянын Берлиндеги дипмиссиясынын жетекчиси немис Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Орус бийлиги инспекторлор ошол уюмдардын өз иштерин уставдарына жана өлкө мыйзамдарына ылайык жүргүзүп-жүргүзбөгөнүн текшеришкенин ырастап келишти.

Укук коргоочулар болсо рейддерди аларга кысым көрсөтүү катары мүнөздөшөт. Былтыр ноябрда кабыл алынган мыйзам боюнча сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардан Орусияда “чет элдик агенттер” катары кайра каттоодон өтүүнү талап кылынган.

Германиядагы сапары алдында президент Путин кайсы бейөкмөт топ кайсы өлкөдөн жана “кандай максат менен” акча алып жатканын билүүгө акылуубуз деп билдирген.

Дүйшөмбүдө Ганноверде Меркел менен биргелешкен пресс-конференцияда Владимир Путин жогоруда сөз болгон мыйзам күчкө киргендер бери 4 айдын ичинде бейөкмөт уюмдардын дарегине чет мамлекеттерден 28 миллиард 300 миллион рубл же 1 миллиард доллардай акча которулганын белгилеп, биздин элдин ошол акчанын кайдан келип жатканын билүүгө укугу бар деди:

- Бизди өкөмттүк эмес уюмдардын ишмердиги эмес, алардын чет өлкөлөрдөн массалык каржыланышы тынчсыздандырарын Меркел айымга түшүндүрүүгө аракеттендим. Биз аларды жаап, же тыюу салууну көздөбөйбүз. Биздин иш-аракеттерибиз ички саясатка аралашкан бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлөрдөн агылган каражатты көзөмөлгө алууну максат кылат.

Путин Меркел менен жарманке өтүп жаткан борборго келген маалда аялдардын укуктарын коргогон "Фемен" уюмунун жарым-жартылай жылаңачтанган мүчөлөрү аны “диктатор” деген ураандар менен тосуп алышты.

Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков муну “кадыресе бейбаштык” деп сыпаттап, алар “жазаланууга тийиш” деди.

Жекшембиде да активисттер нааразылык акциясын уюштуруп, орус мамлекет башчысын "Пусси Райот" тобунун мүчөлөрүнүн тагдырына көңүл бурууга, бейөкмөт уюмдарды куугунтуктоону, “саясий террорду” токтотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG