"Китеби бийлигин коргоп береби?" Борбор Азиянын жазмакер президенттери

Түркмөнстанда президенттин китептерин окуу иш-чаралары уюштурулуп турат. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Тарыхтан тартып саясий манифестке, мемуарга чейинки том-том китептер. Борбор Азия лидерлеринин жазганы учурунда көп нускада китепканаларга, элге таратылат. Жеке таасирин күчөтүү каражаты катары кызмат кылган чыгармалар аларга адабий да, саясий да өлбөстүктү кепилдей албай турганын убакыт көрсөтүүдө.

"Улут лидеринин" ондогон эмгеги

Тажикстанды 30 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон Борбор Азия аймагындагы лидерлер арасынан эң көп жазган, "калеминен чаң чыккан" автор. Анын библиографиясында топтолгон китептер 20дан ашат. Китептердин көбү тарых, мамлекеттүүлүк, маданий мурас жана улуттук саясат жөнүндө.

Ар бир китептин жасалгасы да өзгөчө: мукабасы жакшы, кагазы сапаттуу, басмасы мыкты. Китептердин негизгилери: "Тажиктер тарых күзгүсүндө: Арийлерден тартып Саманилерге чейин", "Улут тили — улуттун болмушу" жана "Тажиктер тарых күзгүсүндө". Ар биринин баасы орточо айлык маяна 325 долларды түзгөн бул өлкөдө 16-27 долларга жетет.

700 беттен турган "Тажиктер тарых күзгүсүндө" китебинде автор тажиктердин байыркы замандан тартып XIX кылымдын соңуна чейинки басып өткөн тарых жолун баяндайт. "Биз кимбиз, каяктанбыз, тамырыбыз кайдан болот?" деген суроо коюлуп, тажик элинин келип чыгышы, алардын ата-бабалары, отурукташкан жерлеринин чек аралары, мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү жана цивилизацияга кошкон салымы жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр тизмектелет.

Китептен алынган цитаталардын бири, өлкөдө "улут лидери" деген макамга ээ болгон президенттин саясий керээзи катары жарыяланып жүргөнү: "Жараткан эң оор трагедиядан — Мекенден жана мамлекеттүүлүктөн ажырап калуудан сактаса экен" деген ой.

"Арийлерден тартып Саманилерге чейин" деген китепте негизги көңүл эң байыркы тамырларга, арийлер цивилизациясы идеясына бурулат, этностун түптөлүшү, тилдин калыптанышы өткөндү жана азыркыны туташтырып туруучу үзгүлтүксүз байланыш катары көрсөтүлөт. "Улут тили — улуттун болмушу" китебинде мына ошол ойдун уландысы камтылган. "Тажик тили биздин элибиздин бардык улуу руханий баалуулуктарынын чагылдырылышы", — дейт автор.

Тажик президентинин китептери Дүйшөмбүдөгү китеп дүкөндөрүнүн биринде.

Тарых менен филология Эмомали Рахмонго анчейин деле жакын эмес багыттар. Биографиясы тууралуу расмий маалыматка караганда, Тажикстандын президенти мектепти аяктагандан кийин Куляб облусунда кесиптик-техникалык окуу жайда электрик кесибине окуган. Экономикалык адистик боюнча жогорку билимди ал 30га чыкканда, Ленин атындагы Тажик мамлекеттик университетин сыртынан окуп алган.

Адатта саясий лидер жазды деген китептер "адабий кулдардын" – жардамчылардын жана редакторлордун катышуусу менен жаралары эч кимге деле жашыруун эмес. Бул коомдук ишмерлер үчүн кеңири эле таралган көрүнүш, айрыкча, эгер сөз саясий же тарыхый мазмундагы чыгармалар тууралуу болуп жатса. Автор деп расмий түрдө президент көрсөтүлөт, ал эми жардамчыларынын катышуусу, адатта, "көшөгө артында" калат.

2017-жылы Тажикстандын Теле көрсөтүү жана радио уктуруу комитети мамлекеттик жана менчик радиостанцияларды эфиринен Рахмондун чыгармаларынан адабий окууларды көрсөтүп, угузуп турууну милдеттендирген. Мындай демилгесин бийлик эл арасында улуттук аң-сезим жана мекенчилдик сезимдерин бекемдөө аракети менен түшүндүргөн.

Ошол эле жылы Рахмондун чыгармалары өлкөдө эң көп сатылган китептердин катарына кирген жана бул тенденция ошо бойдон дээрлик өзгөрбөгөнүн китеп дүкөндөрүнүн сатуучулары айтууда. Алардын белгилешинче, окуу жылы башталган август жана сентябрь айларында суроо-талап эң жогору болот. Дал ошол учурда мугалимдер, окуучулар жана мамлекеттик кызматкерлер президенттин китептерин көбүрөөк сатып алышат. Кызыгуунун мындай туруктуулугу жогорку окуу жайларда калыптанып калган тажрыйба менен да түшүндүрүлөт. Ал жактарда Рахмондун китептерине арналган атайын бурчтар ачылып, "Улут лидеринин салымы" деп аталган атайын лекциялар окулуп турат. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин иш ордундагы үстөлүн анын китептерисиз элестетүү мүмкүн эмес. Бирок күн сайын окуган деле киши жок болгондуктан аларды жасалга катары кабылдаса деле болчудай.

Мамлекеттүүлүк идеясынан тартып экинчи үй-бүлөсүн жарыялоого чейин

Борбордук Азиядагы дагы бир "улут лидери" Нурсултан Назарбаев жалпысынан эсептегенде элүү чакты китептин автору деп көрсөтүлгөн. Кесиби боюнча металлург, мурдагы партиялык кызматкер Назарбаев Казакстандын биринчи президенти катары мамлекеттин СССР урагандан кийинки калыптанышы тууралуу жазган китептери - "Казакстан жолу", "Тарых агымында", "Эгемендик доору", "21-кылымдын босогосунда". Кийинчерээк "Абай жөнүндө сөз", "Эгемен өлкөнүн келечеги", "Ой толгоо" жана башка монографиялары, сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйнактары жарык көргөн.

Алматыдагы Улуттук китепкана. Назарбаевдин китептери. 2012-жыл.

2022-жылдагы кандуу Каңтар окуясы Назарбаевдин таасирин кыйла алсыратып койгон эле. Ошол окуядан кийинки мезгилде жарыяланган китеби "Менин өмүрүм. Көз карандылыктан — эркиндикке" деп аталды. Бул мемуарында ал балалык чагы, кызмат жолу жана президенттик жылдары тууралуу баяндаган.

Окурмандардын көпчүлүгү китептин "Жүрөккө өкүм жүрбөйт" деген бөлүмүнө көңүл буруп, никесиз төрөлгөн балдарын ачыкка чыгаруу аракети катары кабылдашкан. Назарбаев анда биринчи жолу экинчи үй-бүлөсү бар экенин ачыктаган. 1999-жылы "Мисс Казакстан" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Асел Исабаева (Курманбаева) менен "мусулман салты боюнча" нике кыйдырганын жазган. Өзүнөн 40 жаш кичүү кыз менен жакындашкан себеби деп расмий жубайы Сара Назарбаева мурдагы борбор калаа Алматыда калууну каалап, өзү Астанага көчүп баргандан кийин "жалгыз калганын" атаган.

"Асел мага татынакай эки уул тартуулады — 2005-жылы Тауман, ал эми 2008-жылы Байкен төрөлдү. Алтымыш беш жаштан ашканда мен кайрадан аталык кубанычка батуу, өз перзентиңди искөө бактысына бөлөндүм", — деп жазган Назарбаев "үч кызы — Дарига, Динара жана Алиянын апасы, жаштайынан таяныч болгон, эң оор сыноолор башынан өткөн кезде жанында турган Сарага ар дайым ыраазы болуп, кам көрөрүн" да белгилеген.

Китептин "Каңтар окуясы" деген бөлүмүндө Назарбаев 2022-жылдын январындагы кан төгүлгөн окуя үчүн жоопкерчилик Казакстандын чалгын мекемесинин мурдагы башчысы Карим Масимовдо экенин кыйыткан. Масимов көп жылдар бою Назарбаевдин эң берилген тарапташтарынын бири деп эсептелип келген жана аны ал эки жолу премьер-министр кылып дайындаган. "Чыккынчылар ар дайым болгон", - деген автор "Иса Машаяк жанында отурган Жүйүттүн чыккынчы экенин билгенби?" деп кошумчалаган.

Эгемен Казакстандын азыркы, экинчи президенти Касым-Жомарт Токаев кесипкөй дипломат. Ал Назарбаевдин өкмөтүндө иштеген, Акордого келгенге чейинки убакта биринчи президентти мактап-жактап жазып жүргөн. Мисалы,"Эгемендик туусу астында"(1997-жыл) китебинде Назарбаевдин ролу негизги катары көрсөтүлгөн. Ал "Дал анын жетекчилиги астында Казакстан өзүнүн мамлекеттүүлүгүн куруп, дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алды" деп жазган.

Ал эми "Ал тарых жаратууда" деген (2018-жыл) китебинде Токаев "Назарбаев феномени" жөнүндөгү ой-жүгүртүүсүн улантып, аны "улуттук идеянын жаратуучусу жана генератору" деп атаган жана азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрккө да теңеген.

"Нурсултан Абишевич Назарбаевге чыныгы элдик Элбасы наамы жогору жактан эч кандай көрсөтмөсүз эле ыйгарылган. Муну менен көп нерсе айтылды. Эл Казакстандын дал ошол Биринчи Президенти жол баштоочунун оор жүгүн көтөрүп кетти деп эсептейт", - деп белгилеген ал.

Елбасы (эл башы) деген расмий макамынан жана ошого жараша өзгөчө укуктарынан Назарбаев кандуу Каңтар окуясынан кийин ажыраган. Анын ордуна келген Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин айтып, Башкы мыйзамдан туңгуч президент тууралуу жазылгандын баары алынган.

2022-жылдагы Каңтар окуясынан кийин Токаев мурдагы президент тууралуу башкача сүйлөп калганын байкоого болот. 2023-жылы, мисалы, Назарбаевдин мемуары тууралуу төмөнкүчө айтканы бар: "Менимче, бул китеп эгемендик хроникасы катары кызыктуу... мемуар, эгерде андагы жазылгандын 50 пайызы чындык болсо, ошол жетиштүү болгону менен маанилүү...".

Кемел Токаевдин китептери жана Касым-Жомарт Токаевдин атасына арналган китеби.

Ал эми Токаевдин өзүндө саясаттан тышкары да темадагы китептери бар. "Атам жөнүндө" деген китебинде ал атасы, жазуучу Кемел Токаев тууралуу: "Атам нукура интеллигент болгон... ал эч качан адамдар жөнүндө ушак айтчу эмес... ал ар дайым башкаларга кам көрчү..." Ал атасынын оор тагдырына кайрылып, жетимдиги, согуш жана фронтто жарадар болгону тууралуу кеңири баяндайт. Бирок атасы жараат алганы тууралуу бул китептеги версия өткөн жылы Москвада Владимир Путин Токаевге берген "сыйлык баракчасындагы" маалыматтан айырмаланып турат. Документте Кемел Токаев вермахттын бир нече аскерин өлтүрүп, бирөөнү туткунга алган кармашта жарадар болгону айтылат. Ал эми китепте "Ал немис көзгө атарынын тирүү бутасына айланган... танктан кулап түшүп, эсин жоготкон абалда жаткан...", - деп башкача баяндалат.

Орусия президенти Владимир Путин Касым-Жомарт Токаевге атасынын сыйлык баракчасын тапшырууда. 2025-жылдын 9-майы.

Казак президентинин атасы Кемел Токаевдин 100 жылдыгына карата өлкөдө анын чыгармаларынын беш томдугу кайрадан басылып чыккан. Кемел Токаевди казак адабиятындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү деп да атап жүрүшөт. Ошентип, президенттин атасынын томдору уулунун монографиялары жана туңгуч президенттин эмгектери сакталып турган текчелердеги китептердин катарына барып кошулду.

Каримов доорунун жараксыз болуп калган китептери, жаңы "улут лидеринин" "Жаңы Өзбекстаны"

Коңшу Өзбекстанда туңгуч президент Ислам Каримовдун басма мурасына карата мамиле соңку жылдары кыйла өзгөрдү. Мындан он жыл мурда эле анын эмгектери китеп рыногунун бир бөлүгү гана эмес, милдеттүү программанын элементи болуп кабылданчу. Мамлекеттик кызматкерлер анын баарын изилдеп, студенттер ошол китептер боюнча сынак тапшырышчу. Каримовдун көзү өткөндөн кийин жогорку окуу жайларындагы анын китептерин бүт чыгарып, жок кылып жатышканы тууралуу айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан.

Мисалы, 2018-жылы Бухара мамлекеттик университетинин студенти жүк ташуучу машинелерди айдап келишип, Каримовдун ал жактагы китептерин жүктөп, "макулатурага" алып кетишкенин журналисттерге айтып берген. Бир кезде ар бир студент үчүн милдеттүү деп эсептелген китептин тагдыры акыры ошентип аяктаганы өзүнчө бир белги эмей эмне!?

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов. 2009-жыл.

Каримовдун китептери дээрлик көзү өткөнгө чейин чыгып келген. 2016-жылы, өзбек президенти дүйнөдөн өтөрүнө бир нече ай калган кезде «Узбекистон» басылмасы анын дароо "Эркиндик менен дем алган эл эзели өз жолунан кайтпайт" жана "Турмуш сыноолорунда чыңдалган Кашкадарыя эли ар кандай бийик ашууларды ашууга кудуреттүү" деп аталган эки жаңы китебин басып чыгарган.

Анын "Өзбекстан XXI кылым алдында" деген китеби программалык эмгектердин катарына кирчү жана "экономикасы туруктуу, күчтүү демократиялык мамлекетти куруу" деген стратегиялык максат катары даңазаланчу. Каримовдун "Жогорку руханият — жеңилгис күч" аттуу эмгеги мекенчилдикке жана Ата Мекендин бакубаттуулугу үчүн кызмат кылууга чакырган. 2016-жылы китеп эң көп сатылып жаткандардын катарына кирген. Бирок мындай ийгиликтин себеби окурмандардын бул китепке болгон чоң кызыгуусунда эмес, бекем түзүлгөн, мамлекеттик кызматкерлер менен студенттерди аны сатып алып, окуп-билүүгө милдеттендирген системада болчу.

Өзбекстандын башчылыгына 2016-жылы Каримов каза болгондон кийин келген Шавкат Мирзиёев да китеп жазат. Анын сүйлөгөн сөздөрүнүн, кайрылууларынын жана саясий билдирүүлөрүнүн жыйнагы "Жаңы Өзбекстан" деген аталыш менен басылып чыккан. 2024-жылы Мирзиёевдин "Азыркы жана жаңы Өзбекстан" аттуу жаңы китеби жарык көргөн, анда автор өзү тууралуу "улут лидери" деп жаза баштаган.

Анда Мирзиёев "Өзүн өзү өзгөртө алган, убакытты мүмкүнчүлүккө, мүмкүнчүлүктү жетишкендикке, ал эми жетишкендикти өнүгүүнүн өзөгүнө айландыра алган улут — улуу улут. Ошол улут жашоосун, социалдык чөйрөсүн өзгөртүүгө жөндөмдүү экенинен, көздөгөн максатына сөзсүз жетеринен шек жок. Мына ушундай улуу ишеним менен жашаган улуттун лидери болуу мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик", - деп белгилеген.

"Рухнаманын" ордуна Бердымухамедовдордун чай жөнүндөгү китептери

Өлкө башчысынын көзү өткөндөн кийин анын артында калган мурасын кайрадан карап чыгуу Борбор Азия чөлкөмү үчүн бир гана мамлекетке таандык уникалдуу көрүнүш эмес. Ошондой эле жолдон Түркмөнстан да өткөн. Туңгуч президенти Сапармурат Ниязов каза болгондон кийинки алгачкы мезгилдерде аны дээрлик ыйык адамдай кабылдоо маанайы сакталып калган, бирок, бара-бара мурдагы доордун мындай символу көмүскөдө кала баштаган.

Ниязовдун китептеринин эң башкысы — Түркмөнстанда көп жылдар бою ыйык деп эсептелген «Рухнама». Ал мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутулуп, мамлекеттик кызматкерлер ал боюнча кадимкидей сынак тапшырып, жада калса айдоочулук күбөлүк алуу үчүн да ошол китептин мазмунун билүү милдеттендирилген. Автор өзү «Рухнамасын» түркмөн элинин руханий насаатчысы болушу шарт деп аныктап койгон.

Биринчи президенттин тушунда мектептерде жана мекемелерде "Ыйык Рухнама" деген атайын бөлмөлөр болгон жана ал жерде китеп борбордук орунду ээлеген. Кийин, бийликке Гурбангулы Бердымухамедовдун келиши менен Ниязовго мынчалык таазим этүү культу өзгөрө баштаган. Текчелерде анын китептеринин жанында жаңы президенттин эмгектери пайда болуп, бара-бара таптакыр жок болуп да кеткен.

Бердымухамедов ишке киришер замат жазуучулук менен да активдүү алектенип, эл алдында өзүн саясатчы гана эмес, жазуучу, акын жана композитор катары да көрсөтүү аракетин баштаган. Ал бийликте отурган 15 жыл ичинде Түркмөнстанда медицина жана экономикадан баштап жылкы чарбачылыгына, дары өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жана чайдын пайдасына чейинки ар түрдүү темада болжол менен 60тай китеп басылып чыкты. Президенттин чыгармалары арасында лирикалык поэзия жана музыка менен коштолгон ырга айланган тексттер да бар.

Гурбангулы Бердымухамедов. 2016-жыл.

2016-жылы анын түркмөн музыканты Шүкүр бакшыга арналган "Тынчтыктын, достуктун жана бир туугандыктын музыкасы" аттуу китеби жарык көргөндө Прагада жашаган жазуучу Кудайберди Халлы: "Китеп жазуу кандайдыр бир илдетке айланып калган сыяктуу. Баары Сапармурат Ниязовдон башталган. Аны "пайгамбардын" деңгээлине чейин көтөрүү керек болчу, ошондуктан "Рухнама" китеби пайда болгон", - деп бир чети шылдыңдап жазганы болду эле.

Бара-бара Бердымухамедовдун тексттери башка тармактарга да жайыла баштаган. 2022-жылы президенттик кызматтан кеткенден кийин (Түркмөнстанда бийлик династиялык транзит түрүндө ишке ашып, мамлекет башчылыкка анын уулу Сердар Бердымухамедов келген) анын «Өмүрүмдүн маңызы» китебинен үзүндүлөр мечиттерде, анын ичинде Орозо айын жыйынтыктаган айт намаз алдында да окулуп турган.

2023-жылы мекеме жетекчилерин "билбесеңер иштен айдайбыз" деп коркутуп, мурдагы президенттин чыгармаларын жатка билүүгө милдеттендирип жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан. Билим берүү мекемелеринин башчылары «Түркмөн мамлекеттүүлүгүнүн принциби», маданият кызматкерлери «Түркмөн маданияты», күч кызматкерлери «Мекенди баатырлар даңктайт», ал эми саламаттыкты сактоо өкүлдөрү «Бакыт саламаттыктан башталат» деген китептерди жатка билүүгө тийиш болушканы айтылган.

Аты-жөнүн атагысы келбеген маектештердин бири тамаша-чын аралаш айтып өткөндөй, "Мурдагы президент түрдүү багыттар боюнча адис катары 60тан ашык китеп жазган. Балким эч ким окубагандыктан ал ошол китептерди баары билиши, эстеп калышы керек деп эсептейт окшойт".

Гурбангулы Бердымухамедов. 2019-жыл.

Түркмөнстанда бийлик башчы алмашканы менен баягы эле китеп басып чыгаруу салты өзгөргөн жок. 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлерин Сердар Бердымухамедовдун акын Махтумкулинин 300 жылдыгына арналган «Махтумкули — аалам ойчулу» аттуу китебин эл арасында жайылтуу, сатып таратуу ишине мажбурлап жатышкандыгы кабарланган. Балканабад шаарында жашаган окутуучулардын бири айтып бергендей, бул китепте «эч кандай философия же илимий маалымат жок», болгону борбор калаада өткөрүлгөн расмий иш-чараларда тартылган сүрөттөр жана баяндоолор.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов

Отуз жылдан бери Түркмөнстанда жарандарды адегенде «Рухнаманы», андан соң Гурбангулы Бердымухамедовдун көптөгөн китептерин сатып алууга милдеттендирген туруктуу көрүнүш калыптанып калды. Эми бул тизмеге анын уулунун китептери да кошулуп жатат. Мукабадагы ысымдар жаңыланууда, бирок китеп жөн гана сөз эмес, бийликтин куралы деген логика ошол бойдон уланууда.

Кыргызстандагы «даңазалоого карай алгачкы кадамдар»

Кыргызстанда, коңшуларынан айырмаланып, бир кишинин керт башына ачыктан ачык сыйынуу да, президенттик китептерди милдеттүү түрдө окуп, жаттоо деген да болгон жок.

Туңгуч президент Аскар Акаев экономикадан тартып саясий мемуарларга жана улуттук иденттүүлүк жөнүндөгү ой жүгүртүүлөргө чейинки ондогон илимий эмгектин, монографиялардын, китептердин автору жана авторлошу болгон. Анын жазгандарынын арасында "Өткөөл экономика физиктин көз карашында" жана "Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас эпосу" бар. Анын китептерин окугула деген милдет коюлган эмес.

Акаевден кийин бийликке ыңкылап жолу менен келген экинчи президент Курманбек Бакиевдин байкаларлык китеп мурасы деле жок. Бакиев кулатылып, Убактылуу өкмөт иштеп, өлкөдөгү саясий система кайрадан түзүлгөндөн кийин президенттикке келген Алмазбек Атамбаев «Балалыктын сыйкырдуу бакчалары» деген повесть жазган. Үзөңгүлөштөрү айтып бергендей, бул чыгарманы ал мамлекет башчылыктан кеткенден кийин, бир нече кылмыш иши козголуп, камакта отурган учурда жазган. Камактан ал 2023-жылы дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат алгандан кийин бошонуп, Кыргызстандан дароо чыгып кеткен. Кайтып келерин убада кылган мурдагы президент ошо бойдон мекенине келе элек. Чет жактан жасаган билдирүүлөрүндө ал азыркы президент Садыр Жапаровду сындап келет.

Дагы караңыз

Садыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылат

Ал эми учурдагы президент Садыр Жапаровдун "китеп куржунунда" азырынча эки эмгек бар. Биринчиси "Саясаттагы 10 жыл" деп аталат жана ал 2015-жылы Жапаров Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, чет жакта саясий эмиграцияда жүргөн учурда жарык көргөн. Ал эми "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты" деген экинчи китеби 2023-жылы, Жапаров бийликке келгенине эки жыл болгондо басылып чыккан.

Бул китептерди кыргызстандык эркин журналист, "Новые лица" гезитинин башкы редактору, азыркы тапта чет мамлекетте жашап жаткан Лейла Саралаева изилдеп чыккан. Мекенинде ага сын көз караштагы макалаларынан улам "жапырт башаламандыкка чакырык жасоо" деген негизде айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Саралаеванын пикиринде, Жапаровдун биринчи китеби "өтө жөнөкөй, күнүмдүк жашоодогу тил менен" жазылган жана аны кандайдыр бир терең анализ жүргүзүү аракети эмес, байкоолорунун жыйындысы гана деп мүнөздөсө болот.

"Мисалы, менин кызыгуумду ал өзүнүн үзөңгүлөштөрүнүн бири Акматбек Келдибеков парламентке, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн кайсы бир казакстандык демөөрчүдөн 3 миллион доллар алганы тууралуу баяндаган бөлүмү жаратты", — деген Саралаева ошол эпизоддо кыргыз саясатында тышкы каржылоо кантип колдонулары тууралуу «ачыктан ачык моюнга алуу» бар экенин белгилеген.

Жапаровдун экинчи китебин Саралаева президенттин өлкөнүн өнүгүүсү, анын идеологиясы, каада-салты жана маданияты тууралуу идеялардын алып жүрүүчүсү деген образын бекемдөөгө багытталган "кадимки пиар" деп мүнөздөгөн:

"Бул китептин баалуулугу барбы же жокпу, айтуу кыйын. Балким, президенттин эмнени кыялданарын баамдап көрүү жагынан баалуулугу бардыр. Ал азыркы тапта эч нерсе менен мактана албайт жана айткандарынын баары — келер чак".

Келер чакка басым жасоо, журналисттин пикиринде, рефлексиянын (өткөнгө баам салуунун) жоктугу. Ал китептеги текст боюнча анча деле кесипкөй эмес пиар-технологдор иштеген сыяктанат деп эсептейт. Дизайны, анын баамында, анча деле эмес:

"Мен жасалганын сапаты өтө начар экенин байкадым. Эң эле эптеп-септеген коллаж, кайсы бир жеринде куш учуп баратат, ал эми Садыр Жапаров бырышкан костюмчан".

Саралаева китеп кантип жайылтылып жатканына, министрликтерге, илимий институттарга жана китепканаларга, анын ичинде Улуттук илимдер академиясына берилип, илимий симпозиумда тааныштырылганына да өзүнчө көңүл бурган:

"Бул даңазалоого, бир кишинин керт башына сыйынуучулукка карай ташталган алгачкы кадамдар".

«Кызыктай көрүнүш»

Борбор Азия аймагын изилдөөчү Брюс Панниер жазмакер президенттер феноменин өлкө эгемендик алган алгачкы жылдардан тартып байкала баштаган "кызыктай көрүнүш" деп атоодо:

Брюс Панниер

"Китеп жазуу Борбор Азия лидерлери үчүн эмне себептен мынчалык маанилүү болуп калганын айтуу кыйын. Кимиси биринчи болуп жаза баштаганын эстей албай жатам, бирок Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бул ишке абдан эле эрте киришкени эсимде, ал академиялык чөйрөдөн келген адам экенин эске алганда, логикалык жактан бул туура эле. Бирок Акаевдин "Өткөөл экономика физиктин көз карашында" сыяктуу китептери анын негизги билим чөйрөсүнө кирбеген тема болчу.

Панниердин баамында, ар бир лидер бара-бара өзүнө ылайыктуу багытты тандап алган:

"Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун өлкөнүн өнүгүү келечеги каралган «Өзбекстан XXI кылымдын босогосунда» аттуу китеби болгон, ал эми Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов түркмөн эли үчүн руханий колдонмо деп эсептелген «Рухнаманын» автору".

Президенттердин жазганы, Панниердин айтымында, биринчи кезекте саясий кызмат аткарат:

"Бул китептер президенттин өзүн таанытуусуна кызмат кылат жана анын кадыр-баркын бекемдөөгө арналат. "Карагылачы, мен кандай акылдуумун, дал ошондуктан мен лидермин" деп өзүн өзү мактоо сыяктуу дагы".

Адабий көз караштан алып караганда, эксперт кошумчалагандай, лидердин китеби узак убакыт бою окурмандын колунан түшпөгөн учур өтө сейрек:

"Президент жазды делген китептерди, жада калса жакында эле жарык көргөн Сердар Бердымухамедовдун эмгектерин деле эл эстеп жүрөт деп ойлобойм".

Талдоочу кошумчалагандай, президенттердин китеп жазууга мынчалык ынтызар болушуна калыптанып калган салт да себеп болушу ажеп эмес. Алар дээрлик баары өз карьерасын советтик система учурунда, партиялык жетекчилердин китептери тарыхты «туура» чечмелөөнү бекемдөөгө жана «акылман лидердин» образын калыптандырууга кызмат кылган, китеп жазуунун өзү саясий ритуалдын бир түрүнө айланган кезде баштаган. СССРди 1970-жылдары башкарган Леонид Брежневдин тушунда, мисалы, анын китептери көп нускада басылып чыгып, ошолордон улам бир цитата келтирилип турчу. Ал эми «кайра куруу» доору башталганда ошол эле китептер китепканалардан жапырт алынып, «бир адамдын керт башына сыйынуунун жана сенектик доорунун символу» катары жок кылынган.

Бирок, белгилүү болгондой, жетекчилер өткөндөн сабак алышпайт.

Азаттык Азиянын бул макаласынын түп нускасын бул жерден окуй аласыздар.