Сары багалек болуптур...

Кыргызстанда өткөн улуттук аңчылык фестивалы. 2015-жыл

Кыргыз тилинде «сары» деген сөзгө уланып айтылган ар кыл маанидеги сөздөр арбын. Айрымдарына көңүлүңүздөрдү бура кетели.

«Сары багалек болуу» деп коёт. «Эгин сууга чаңкап калганда же бышууга жакындап калганда сабагынын төмөнкү сагактары сарала болуп саргая баштаган учурду айтат. Мисалы: «Эгиндин сары багалек тартканына караганда суусагандай түрү бар, эртеңден калтырбай суу салгыла» дейт.

* * *

«Сары изине чөп салуу» деп коёт. Артынан сая түшүү, катуу куугунтукка алуу, такай аңдуу салуу. «Милиция кылмышкерлердин сары изине чөп салды» дейт.

«Сары изине чөп ченөө» деген да барын айрымдарыбыз биле бербесек керек. «Тиешелүү органдарга биздин кабарыбызды жеткирип, сары изибизге чөп ченеп жүргөн ошол» дейт.

* * *

«Сары казак болуу» деп коёт. Бир нерсени абдан зарыга күтүү, көзүн сатып зарыгуу. «Менин колумдан келип турганда ата-энеңе акча таап берип турганың жакшыбы же сары казак болуп жок нерсеге көзүңдү сатып кор болгонуң жакшыбы?» дейт.

* * *

«Сары карын» дейт. «Үч-төрт жолу төрөгөн аялга карата же үч-төрт жолу тууган бээге карата айтылат. «Сары карын бээ» деп коёт. «Сары карын болгон аял экен» дейт.

* * *

«Сары кыр» деген бар. Чабылган чөптүн же кырманга төгүлгөн эгиндин кыр-кыр болуп үйүлүп турган үймөгүн айтат. «Чөп чабык башталгандан бери бир айга чамалады. Барган сайын сары кыр болгон үймөктөр сарайларга толуп баратты» дейт.

* * *

«Сары майдай сактоо» деген сөз бар. Абдан зарыл, керектүү, кымбат нерсе катары сактоо, катып, жоготпой сактоо. «Ал энесинен калган ошол билерикти кийин небереме берем деп өлөр өлгөнчө сары майдай сактап жүрүп өттү» дейт. «Кемпирдин сары майдай сактаган акчасын уурулар уурдап кетиптир» дейт.

* * *

«Сары майдай тийүү» же «жүрөгүнө майдай тийүү» дегендер бар. Экөө тең бирдей эле маанидеги сөздөр. «Тим эле жүрөгүмө сары майдай тийген экен, экинчи көрөйүн деген көзүм жок» дейт.

* * *

«Сары ооз балапан» дейт. Өтө эле жаш, акыл-эси толо элек, өз алдынча оокат кылууга жарай элек дегени. «Анын баласы отузга жакындап калганына карабастан дагы эле сары ооз балапан бойдон калыптыр» дейт.

«Сен мага акыл үйрөткөнүңдү кой, азыр али сары ооз балапансың» дейт.

* * *

«Сары оору» дейт. Оор кайгы, терең кайгы дегендик. «Сары оору болдум айыңдан» дейт. «Сары оору кылдың сагынтып» дейт.

* * *

«Сары таман» деп коёт. Асыйдан ашкан, баралына толуп турган жылкыга же өгүзгө айтылат. «Бул жолкусу азоо чалыш айбан эмес, далайды көргөн сары таман ат экен» дейт.

* * *

«Сары чолок» деп коёт. Бир сомдук акчаны кыргыздар ушинтип «сары чолок» деп атап алышкан. «Такси арзан, сары чолоктон үчтү бере коюп эле айылыма жетип барам» дейт.

* * *

«Сары эсеп». Эсеп-кысапты, соода-сатыкты мыкты билген өңдөнүп зыкымдык кылган же так эсептейм деп жатып кымырып-кымтып алганды жакшы көргөн кишилерге карата айтылган. «Илгеркидей адамдар жок, базардын төмөн тарабы жалаң эле сары эсеп жандарга толуп кетиптир» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​