Укук коргоочулар жабык жайларда кармалгандардын коопсуздугу мамлекеттин жоопкерчилигинде экенин айтышууда. Анын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.
"2026-жылдын 07-февралында, болжол менен саат 12:30 чамасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (мындан ары ТИЗО-1) абак бөлмөсүнүн ички тор эшигинде, өзүнүн шымын колдонуп айыпталуучу А.К.К., асылып турган абалда табылган. Мекеменин дарыгерлери тарабынан көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан айыпталуучу А.К.К., ошол жерден көз жумган", - деп жазылган маалыматта.
Учурда ЖАМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, соттук өндүрүшкө чейинки текшерүү иш амалдары жүрүп жатат.
ЖАМКнын маалыматында айыпталуучу 2025-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3,5,7,14-бөлчөктөрүндө көрсөтүлгөн кылмыш үчүн кармалып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук сотунун 2025-жылдын 1-октябрындагы чечими негизинде камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы колдонулган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 26-январындагы чечиминин негизинде, камакта кармоонун бөгөт коюу чарасы 2026-жылдын 29-мартына чейин узартылган.
Айыпталуучу ЖАМКнын №21 мекемесине (ТИЗО-1), 2025 жылдын 17-декабрында которулган. Ага чейин Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖда кармалып турган.
Дагы караңыз ЖАМК Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун өлүмүн ырастадыУкук коргоочу Азиза Абдирасулова жабык жайларда өз жанын кыйгандардын коопсуздугу мамлекеттин жоопкерчилигинде экенин айтып келет. Ал оор кылмыштарга шектүүлөр өмүрүн кыйып, жазадан кутулуп жатканы өкүнүчтүү жагдай экенин билдирди.
“Жабык жайларда кармалып тургандар аскер адамы болобу, оорулуу болобу же жаш бала болобу, айыпкер болобу — алардын коопсуздугу, өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин жоопкерчилигинде. Убактылуу кармоо жайларында, тергөө абактарында өлүм-житимдердин акыркы кездерде кайра-кайра кайталанып жатканы баарыбызга белгилүү. Эгер адам кылмыш кылса болсо, кылмышы үчүн сөзсүз жооп берүүгө тийиш. Аны мамлекет жоопко тартышы керек. Өткөндө Ак-Ордодо “адамдарды өлтүрдү” делген баланы качты деп атып салышты. Ал бала сот жообуна тартылбай калды. Ал жерде эки адамдын өлүмү турат. Бул жерде болсо Абдыров деген жигит “ушунча адамдарды өлтүргөм, кыздарды зордогом” деп моюнуна алып жатат. Муну сот жоопко тартышы керек болчу. Анын өмүрүн сактоо ошол мекеменин түздөн-түз милдети эле. “Өзүн-өзү асып алды” деген жооп да эмес, актануу да эмес, бул мамлекетке ишенбөөчүлүктү жараткан кооптуу жагдай. Демек, мамлекеттин жоопкерчилигиндеги адам өзүн-өзү асып алса боло берет экен деген ойго түртөт. Бул жерде мекеменин кызматкерлери эмнеге көрүшкөн эмес, жанында ким болгон? Өзүн-өзү асып алганга кандайча шарт түзүлүп калды? Жабык жайларды кыдырып жүргөн укук коргоочу катары айтам, тергөө абактарында өзүн-өзү асып алганга мүмкүнчүлүк болбойт”.
Айсулуу Мукашева былтыр 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы жети кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген. Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан.
Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматында шектүү буга чейин төрт жолу түрдүү берене менен соттолгон.
Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси ("Тоноо") менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны "киши өлтүрүүгө аракет жасаган" деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси ("Кылмыш кылуу далалаты") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегия райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") жана 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган.
Бул окуяга президент Садыр Жапаров да реакция кылган. Анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов иш президенттин жеке көзөмөлүндө экенин жана өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” демилгесин көтөргөнүн билдирген.
Бирок Конституциялык сот өлүм жазасын киргизүү Баш мыйзамга каршы келет деген бүтүм чыгарган.
Ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу” беренелери менен Кумарбек Абдыровдун ишин караган мурдагы судьялар Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаеваны кармаган. Андан тышкары прокурор (Д.М.) жана шектүүнүн мурдагы адвокаты (С.Ж.) 20-декабрга чейин камакка алынган.
Дагы караңыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн ишин караган мурдагы үч судья кылмыш жообуна тартылат