Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун өлүмү тууралуу маалымат тастыкталды

Кумарбек Абдыров
Кумарбек Абдыров

17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шек саналып жаткан Кумарбек Абдыров тергөө абагында каза болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) маалыматты ырастап, Абдыровдун өлүмүнүн жагдайы тууралуу кенен маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы булактарына таянып ал өз жанын кыйганын, сөөгү абакта асылган абалда табылганын жазышты.

Мукашева былтыр 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы 7 кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG