Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик: Next TV кызматкерлери сурак берди

Бишкекте Next TV телеканалына кылмыш ишинин козголушун айыптаган нааразылык акция өткөн.

Next TV телеканалынын айрым кызматкерлери 7-мартта Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Атайын кызмат өткөн аптанын аягында "улут аралык кастыкты козуткан" деген берене менен кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директорун камакка алган. Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалымат таратпоо тууралуу эскертти.

Соңку окуяларды медиа коомчулук сөз эркиндигине кысым катары баалап жатат.

Улуттук коопсуздук комитетине 7-мартта Next TV телеканалынын эки кабарчысы, бир оператору менен эсепчиси сурак берди. Каналдын жетекчиси, саясатчы Равшан Жээнбеков булардан башка кызматкерлер дагы кийинкиге чакырылганын ырастады.

Атайын кызмат журналисттердин суракка чакырылышына байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Аталган телеканалдын директору Таалай Дүйшембиев 5-мартта соттун чечими менен эки айга камалган. Ошондой эле Next TVнын кеңсеси жабылып, ишин токтоткон.

Дагы караңыз Журналисттерди каралоо: күч органдарына жабылган көө


Ал ортодо президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалымат таратпоо тууралуу эскертти. Ал билдирүүсүндө атын атабастан жеке менчик телеберүүлөр тууралуу жазган.

Эрбол Султанбаев.

"Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телеберүүдөн таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса, "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телеберүү жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар",- деп айтылат билдирүүдө.

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, азыркыдай кыйчалыш шартта жоопкерчилик тууралуу эскертүү орундуу.

"Мурдагы, соцтармактар жок, интернет өнүгө электеги сөз эркиндиги менен азыркы убактагы сөз эркиндигинин айырмасы асман менен жердей болуп калды. Себеби, азыр эч түйшүгү жок эле бардык эле адам телефонун ачып соцтармакка кирип, каалаганын жазып чыгып кете берет. Азыр Украина менен маселе болуп жаткан кезде, каатчылык, кымбатчылык болуп жаткан учурда ар кандай имиштер жүрүп жатат. Атайын фейктердин армиясы бар. Коомдогу агрессия, көралбастык, ушул сыяктуу нерселер болуп жаткан кезде ар бир эле жаран этият мамиле кылса деген ой. Соцтармактын өзгөчөлүгү ушу болуп жатпайбы: далили жок эле нерселер кетип, эл дүрбөп калып жатат. Коомдук аң-сезим бузулууда. Бир нерсени бөлүшөрдөн мурун сын көз караш менен карап, чын эле ушундай факт барбы, же жокпу деп тактап-талдап анан чыгарыш керек го. Ар бир эркиндик жоопкерчиликти талап кылат".

Дагы караңыз "Кыргыз журналистикасы тизгинделбейт"


УКМК Next TV социалдык тармактардагы баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын экс-башчысынын сөзүнө таянып, "Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабар тараткан деп айыптап жатат. Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын мурдагы башкы чекистине шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин айткан.

Журналист Кайыргүл Урумканова соңку окуяны сөз эркиндигине кысым катары баалады жана бул кабарчылардын өзүн өзү чектөөсүнө дагы жол ачарын эскертти.

Кайыргүл Урумканова.

"Бул азыркы бийликтин өтө чоң катачылыгы. Анткени, Next TV жөн эле телеканал эмес. Кыргызстанда оппозициялык телеканалдар жокко эсе. Көбүнчө телеканалдар социалдык, же болсо көңүл ачуучу контентке өтүп кеткен. Өзүн-өзү чектөөгө өтүп алышкан. Ушул нерсе телеканалдар ортосундагы атаандаштыкка алып келбейт. Бул бийлик айтып жаткандай дезинформация эмес, элге ар тараптуу маалымат жеткирүү. Эл эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечип, иргеп алат. Жалпыга маалымдоо каражаттары жасап жаткан ишти бийлик жокко чыгарып жатат. Эркин журналисттер, эркин блогерлер коомго жардам берели дейбиз да. Акты карадан айырмалоону, кайсы маалымат кайдан келип жатканын, ким кандай позицияны карманарын, ошонун баарын көрсөткөнгө аракет кылабыз да. "

Мындай пикирге талдоочу Айданбек Акматов да кошулат. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында саясатты Орусиядагы абал менен да салыштырды.

Айданбек Акматов.

"Next TV телеканалы көбүнчө "Азаттык", "Говори ТВ" жана башка эркин медианын маалыматтарын бүт республикага таратып жаткан маалымат каражаттарынын бири болгон. Телеканалга кылмыш ишинин козголушу, анын редакторун камоонун максаты бул каналдын ишин токтотуу болгон. Бул ошого шылтоо болуп берди. Бийлик бул телеканалды шылтоо таап жапты. Экинчи жактан, Орусияда жалпыга маалымдоо каражаттарына жасалып жаткан мамилени бул жерде колдонуп жатышат".

Дагы караңыз "Болотгейт": айыптоо жана каралоо, бийликке айтылган сын


Next TV телеканалына ачылган кылмыш иши жыл башынан бери жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге каршы козголгон үчүнчү иш болуп калды.

Ушул жылдын башында иликтөөчү журналист Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап, көп өтпөй кайра кое берген. Анда Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгону белгилүү болгон.

Темиров менен Назаров аларга маңзатты атайылап салып коюшканын айтып чыгышкан жана бул окуяларды куугунтук катары сыпатташкан.

Мындан көп өтпөй Kaktus.media порталы кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Тажикстандын Asia Plus сайтынын маалыматын көчүрүп жарыялаган окуяга байланыштуу прокуратура басылмага кылмыш ишин козгогон.

Өткөн айда журналист Семетей Талас уулу атайын кызматка сурак берип чыккан.

Дагы караңыз Дагы бир журналисттин суракка чакырылышы суроо жаратты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн айда басма сөз жыйынында журналисттердин кармалышы, иш козголушу тууралуу пикирин билдирип, тергөө иши бүткөндө баа берилерин айткан.

Лондондогу The Economist Intelligence Unit (EIU) уюмунун демократия тууралуу дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан соңку бир жылда сегиз орунга артка кетип, авторитардык режими бар өлкөлөрдүн катарына кошулган.