"Сулайман-Тоо - маданий, руханий мурас"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштун мэри Жанарбек Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушуна коомчулук ачуу сын жаадыргандан кийин түшүндүрмө берди. Ал тоонун айланасын көрктөндүрүп, тротуар жана веложол куруу гана максаты болгонун билдирди. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген ыйык тоодо петроглифтер жана археологиялык эстеликтер бар. Көптөр уюмдун тизмесинен чийилсе ыйык саналган тоонун айланасы башаламан курулуштардын кучагында калып, тоонун табигый көрүнүшү бузулат деп чочулайт. ЮНЕСКО жоболорунда корук аймагына чоң курулуш салууга тыюу салынып, тарыхый эстеликтер бекем корголот. Бирок кайсыл мэр келбесин, тоонун корук аймагын кыскартуу тууралуу маселе көтөргөнүнө эмне себеп?