Сирияда тынчтык планына көзөмөл тобу келе баштады

Дамаскинин Доума районунда өкмөттүк аскерлердин чабуулунан кийинки абал, 15-апрель, 2012

Сириядагы зомбулукту токтотуу планы кандай ишке ашырылып жатканына көз салуу миссиясы бүгүндөн тарта иштей баштады, бирок уруш уланууда.
Ошол байкоочулар миссиясынын башчысы, генерал Ахмед Химмич курамы алты адамдан турган алгачкы топ дүйшөмбүдө Сирияга барган учурда иш ийгиликтүү болооруна ишенээрин айтты.

"Биз мүмкүн болушунча эртерээк ишибизге киришиш үчүн даярданып жатабыз", - деди Химмич.

Анткен менен өлкөдө зомбулук дале токтотула элек. Жумуриятка байкоочулар миссиясы келген күнү эле оппозициянын очогу саналган Хомс шаарында өкмөттүк күчтөр танктар жана ракета менен айрым райондорго чабуул коюшканы айтылды.

Активисттер интернетке койгон айрым видео-тасмаларда Хомстун жанындагы Халдыер райончосунда танктар менен аткылоо болгону көрсөтүлөт.

Оор аткылашуулар бул күнү Хама шаарынын борборунда жана Түркия менен чек арага жакын жайгашкан Идлиб шаарында да болгону кабарланды.

БУУнун тынчтык миссиясынын башчысы, генерал Ахмед Химмич иш "ийгиликтүү болооруна" ишенээрин айтты, 16-апрель, 2012

Өлкөнүн өзүндөгү жана сырттагы активисттер дүйшөмбүдөгү зомбулукта кеминде эки адам өлгөнүн айтышты.

Бул кабарлар бир жылдан ашык убакыттан берки жаңжалды токтотуу үчүн “президент Башар ал-Асад өзү берген убадаларга катуу турбайт го” деген күмөн саноолорду күчөттү.

Кан төгүүлөрдү токтотуш боюнча Бириккен улуттар уюмунун мурдагы баш катчысы Кофи Аннандын планы өткөн бейшембиде күчүнө кирген. Ага ылайык, өкмөт жана оппозиция негизги калк жайгашкан шаарлардан аскерлерин чыгарып кетиши керек.

Бул план – тынчтыкка жетишүү боюнча Сириянын жакын өнөктөштөрү Орусия менен Кытай да колдогон алгачкы эл аралык план. Анда Сириядагы режим менен оппозициянын ортосунда саясий диалог түзүү демилгеси каралган.

"Аткарыла элек" план

Планды Сириянын президенти Башар Асад Орусиянын басымы менен гана акыры жактырганга аргасыз болду, бирок азырга чейин Хомстогу кыргынды токтотууга же калк көп отурукташкан шаарлардан аскерлерин чыгарып кетүүгө кирише элек.

Ошол эле маалда оппозиция да өкмөттүк аскерлерге ок атып, келишимди бузду.

Тынчтык планы өткөн бейшембиде күчүнө киргенден бери эле 40 адам өлгөнү айтылып жатат.

Сирияда президент Асадга каршы үлкөн демонстрациялар былтыр мартта башталгандан бери Бириккен улуттар уюму 9000ден ашуун адам кырылып калганын билдирген.

Азыр эми келишим чындап аткарылбай жатканын Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да сындап, азыр бүтүн дүйнө бул планга күмөн саноо менен карап жатканын белгиледи.

Дүйшөмбүдө Брюсселде сүйлөп жатып, Пан Ги Мун бардык тараптарды тынчтык планында көрсөтүлгөндөрдү аткарууга чакырды. Ал Сириядагы режимге кайрылуусунда Улуттар уюмунун байкоочуларына өлкөдө кеңири иштөөгө мүмкүнчүлүк беришин эскертти.

"Жумуриятта кеңири иштөөгө мүмкүнчүлүктү кепилдөө озуйпасы - Сириянын өкмөтүнүн мойнуна тагылган милдет, - деди баш катчы. - Байкоочулар тынчтык планы кандай иштеп жатканын текшериш үчүн кайсыл жерге болбосун эркин кире алышы керек".

Дамаскиге алгач болгону алты эле адамдан турган байкоочулар миссиясы жеткирилди. Ушул эле күнү кечирээк дагы башка топ келиши күтүлөт. Анан апта этегине чейин алардын саны 30 адамга жеткирилиши керек.

Бириккен улуттар уюму бул миссия менен жалпысынан 250 байкоочу барышы керек деп турат. Бирок алардын барыш-барбашы келерки аптада уюм менен Сириянын режими ортосундагы сүйлөшүүлөргө жараша чечилмекчи.