Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Клинтон Асадды сөздөн ишке өтүүгө чакырды


Сириянын өкмөтү БУУнун элчиси Аннан сунуш эткен тынчтык планын кабыл алды. АКШнын мамкатчысы Клинтон Сириянын президенти сөзүнө тураарын иши менен көрсөтүшү керек деп жатат.

Сириянын президенти Башар ал-Асаддын Кофи Аннандын тынчтык демилгесин кабыл алгандыгы тууралуу кабарга Хиллари Клинтон "Сирия режиминин сөзүнөн иши маанилүү" деп жооп кайтарды:

Асаддын режими Аннандын планын кабыл алып, Бириккен улуттар уюмуна кат жазганы маанилүү башталыш. Бирок Асад убаданы ашыра берип, кемите иш кылаарын эске алганда, сөз эми чукул аракет менен бекемделиши керек. Асаддын канчалык чын сүйлөп, убадасына бек тураарын анын сөзү эмес, ишине жараша баалашыбыз керек

Аннандын жардамчылары Асаддан БУУнун мурдагы элчисинин тынчтык планын кабыл алып жаткандыгы айтылган кат келгендигин бышыкташты.

Планда кан төгүүнү дароо токтотуу, курчоодогу аймактарга гумжардам жеткирүүгө мүмкүндүк берүү жана оппозиция менен сүйлөшүү баштоо каралган.

Хиллари Клинтон Сириянын оппозициясын да өлкөнүн бардык жарандарынын укуктарын коргоого тийиш экендигин эскертти:

Оппозиция ынтымакташып, Сириянын келечеги тууралуу бирдиктүү турумун иштеп чыгышы керек. Алар бардык сириялыктарды камтып, бардык жарандардын укуктарын коргой тургандыгын ачык-айрым көргөзүшү зарыл. Биз Стамбулда оппозицияга мына ушул стратегия менен чыгышы үчүн катуу кысым көрсөтүп жатабыз.

Оппозиция топтору 27-мартта Сириянын Улуттук кеңеши элдин атынан чыгып, Сирия элинин расмий өкүлү болот деп макулдашты. Бул тууралуу Стамбулда экинчи күн катары менен өткөн жыйындан кийин жарык көргөн билдирүүдө айтылды.

Оппозициянын бир нече өкүлү Сирия президенти Асад жана анын өкмөтү Аннандын тынчтык планын чындап ишке ашыраарына ишенбестик билдиришкендиги кабарланды.

Мындан тышкары «биздин көз карашыбыз жетиштүү деңгээлде эске алынбай жатат» деп нааразы болгон күрттөрдүн тобу оппозициянын жыйынынан чыгып кеткендиги айтылууда.

Бириккен улуттар уюму бул күнү Сирияда набыт болгондордун саны 9 миңден ашкандыгын билдирди. Уюмдун Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык элчиси Роберт Серри курмандыктардын өсүшүнө өкмөттүн куралдуу жана куралсыз оппозицияга каршы аракеттери себеп болуп жаткандыгын билдирди.

Серри ошондой эле Аннандын Сирия бийликтерине тынчтык келишимин аткара тургандыгын ачык-айкын көрсөтүшү керек деп эскерткенин кошумчалады.

Сирияда шейшембиде согуш аракеттери уланып, куралдуу козголоңчулардын артынан түшкөн өкмөттүк аскерлер коңшулаш Ливандын аймагына чейин кирип баргандыгы кабарланды. Ливандын коопсуздук күчтөрү сириялык аскерлер чек араны кесип өткөн деген ырастоону чеке кагып, бирок Сирия тарапта атылган октор Ливандын аймагына келип түшкөндүгүн ырасташты.

XS
SM
MD
LG