Гидроэнергетиканын мааниси артууда

Тажикстандагы Нурек ГЭСи.

Швеция борбору Стокгольмдо Суу боюнча дүйнөлүк жумалык өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл анда дүйнөнүн суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу ыкмасы катары суу сактагычтарды куруу, гидроэнергетика маселеси да алдыңкы планга чыгууда. Белгилүү болгондой, бул - Борбор Азия аймагы үчүн да олуттуу жана талаштуу маселе.
Өзү Азия менен Африканын бир катар өлкөлөрүндө гидроэнергетикага алгачкы кызыгуу өткөн кылымдын экинчи жарымында, бир жагынан ал кездеги СССРдин таасири жана колдоосу менен жаралып, инженерлик долбоорлор ишке ашырылган.

Энергия өндүрүүнү дүйнөлүк масштабдан караганда, гидроэнергетиканын үлүшү азыр деле анчалык олуттуу эмес.

Анткен менен бүгүн электр энергиясына болгон керектөөнүн жылдан-жылга көбөйүшү, ошол эле учурда айрым өлкөлөрдүн коопсуздук жүйөсүнөн улам Атомдук электр станциялардан баш тарта башташы, айрым эксперттердин айтымында, гидроэнергетиканын да эл аралык маанисин көтөрүүдө.

Ирактагы ГЭС

Бир жагынан суу сактагычтарга, ирригациялык системаларга суроо- талап айыл чарбасында түшүмдүүлүктү арттыруу зарылчылыгынан улам да күчөөдө.

Андыктан Суу боюнча Стокгольмдогу эл аралык институт жыл сайын өткөрүүчү дүйнөлүк жумалыкта быйыл мына ушул маселелер да алдыңкы планга чыгып жатат.

Аталган институттун улук эксперттеринин бири Ана Каскао мындай дейт:

- Белгилүү бир бурулуш учурда баары өзгөрөт. Бир кезде плотиналарга, өзгөчө терс кесепти барларга каршы чыгуу мода болгон. Бирок кайра он жылдан кийин биз дамбалар боюнча пикирибизди кайра өзгөрткөнбүз. Анткен менен биз кайра эле дамбалардын баарына каршыбызбы же кээ бир дамбалар туура өнөктөштөрдүн, жаратылыш таануучулардын, адам укугун коргоочулардын катышуусу менен туура пландала алабы? Мындай учурларда алар өлкөлөр үчүн пайдалуу боло алышы мүмкүн.

Суу саясаты боюнча эксперт Ана Каскао кошумчалагандай, учурда гидроэнергетиканын эбегейсиз потенциалына кызыгуу, дүйнө энергиянын экологиялык жактан таза булактарына жүз буруп, Жапониядагы былтыркы кырсыктан кийин өзөктүк энергиянын коопсуздугу боюнча чочулоолор көбөйгөнүнөн улам да артууда.

Бирок суу сактагычтар менен плотиналар айрым учурда экологияда тең салмактуулук бузулганынан, ошону менен бирге суу ресурстарын бөлүшүүгө келгенде эл аралык талаштарга жем таштаган учурлар болгон.

Маселен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө Ефрат, Тигр, Иордан дарыяларынын боюндагы суу сактагычтар боюнча пикир келишпестик бар. Иран менен Ооганстан Гилменд дарыясына орнотулган плотиналардан улам да кер-мур айтышып жүрөт.

Борбор Азиядан болсо Өзбекстан Тажикстан Рогун ГЭСи үчүн куруучу суу сактагычка каршылыгын ачык жана такай айтып келүүдө.

Рогун ГЭСи курулуп жаткан жер.

Расмий Ташкент колдогон Өзбекстан Экологиялык кыймылы жакында Кыргызстандын “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу планын сындап чыкты.

Стокгольмдогу Суу жумалыгы учурундагы талкууларда, уюштуруучулардын айтымында, сууну башкаруу маселеси боюнча мамлекеттердин саясий деңгээлде тыгыз кызматташтыгына негиз жаратууга аракет жасалат.

Мында модель катары климаттын өзгөрүшү боюнча глобалдык кызматташтык алынмакчы.

Келерки 2013-жылды Улуттар уюму суу кызматташтыгынын эл аралык жылы деп жарыялаган.

Стокгольмдогу суу институтунун коопсуздук жана башкаруу боюнча эксперти Андерс Ягерскогдун айтымында, бул иш-чарага даярдык көрүү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да маанилүү:

- Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрү Суу кызматташтыгынын эл аралык жылын чындап талап кылышкан. Быйылкы суу жумалыгы келерки жылкы
иш-чараларга даярдык көрүүнүн маанилүү бөлүгү. Борбор Азиядан мында алдыга чыккан өлкө Тажикстан болду.


Тажикстан менен Өзбекстан суу боюнча талашында буга чейин Улуттар уюмунун трибунасын да пайдаланышкан.

Сууну да товар катары кароо керек деген турумду карманып жүргөн Кыргызстан бул маселеде эл аралык платформаларды азырынча жигердүү пайдалана элек.

Быйыл гана Марсел шаарында өткөн дүйнөлүк суу форумдун жыйынтык декларациясында Кыргызстандын суунун экономикалык мааниси жөнүндөгү сунушу камтылган.