Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Түркмөнстан Орусияга койнун ачты


Түркмөн президенти Г. Бердимухаммедов(солдо) Орусиянын 1-чи вице-премьери В. Зубков менен Түркмөнбашы шаарында. 12-август, 2011.
Түркмөн президенти Г. Бердимухаммедов(солдо) Орусиянын 1-чи вице-премьери В. Зубков менен Түркмөнбашы шаарында. 12-август, 2011.

Түркмөнстан ай башында Орусия менен алакасын жакшыртууга кызыкдар экенин ачык көрсөткөн кадамдарды жасады.

Өлкө президенти Орусияны Түркмөнстандын негизги өнөктөшү деп атады. Өзбекстандан куулган МТС байланыш компаниясына дарбазасын ачты. Бейтарап макамдуу жана ченемсиз газ коруна ээ өлкөнүн тышкы саясатындагы мындай бурулуш эмне менен түшүндүрүлөт?

Өзбекстандан чыгарылган МТС Түркмөнстанга кирди

Расмий Ашхабад июль-август айларынын тогошуусунда Орусиянын купулуна толчу жана эки мамлекет ортолук мамилени оңдогонго кызыкдар экенин көрсөткөн билдирүүлөрдү жасады. Президент Бердимухаммедов 6-августтагы сөзүндө Түркмөнстан үчүн Орусия эң зор стратегиялык өнөктөш деди. Бул Кошмо Штаттардагы бейөкмөттүк Stratfor Commentary изилдөө борбору баамдагандай, “жөнөкөй риторика” эмес. Анткени, Түркмөнстан 30-июлда Орусиянын телекоммуникация компаниясы - МТСтин өлкөгө келип иштешине макулдук берген.

Бир нече күн мурда МТС коңшулаш Өзбекстандан сүрүлүп чыкканнын эске алганда, Түркмөнстан Москвага Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөш болуп берүүгө ыклас байлап турганын көрсөтүп, кол булгалады деп баалоо мүмкүн.

Орусиянын Ашхабаддагы элчиканасы алдында кезек күткөндөр. 15-август 2012
Орусиянын Ашхабаддагы элчиканасы алдында кезек күткөндөр. 15-август 2012
Андан бир апта илгери, Москвада өткөн эки өлкөнүн өкмөттөр аралык экономикалык комиссиясынын жыйыныдан кийин Орусиянын ИТЕРА фирмасы Түркмөнстандын табигый газын сатууга мурдагыдан жигердүү катышаары маалымдалган. ИТЕРА Каспий деңизинин алкагында Түркмөнстан менен мунай-газ өндүрүүдө анча жылдан бери кызматташып жүрөт. Арийне килейген Газпром менен шериктеш ИТЕРАга ички рынокту ачуу менен Түркмөн тарап Орусияга газ сатууну кайра жандантмак.

Түркмөн өкмөтүнүн акыркы демилгелери эмнени билдирет? Суроого Лондондогу Jane’s аналитикалык талдоо мекемесинин эксперти Лилит Геврогян айым мындай пикирин айтты:

- Менимче, эки өлкө аралык байланыш калпыс бир окуяны эсептебегенде - башка Борбор Азия мамлекеттери менен салыштырганда - бир кыйла туруктуу нукта өнүккөнүн танбоо керек. Ашхабад албетте, Москва менен мамиледе Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына ашыкча көп ишенип алган. Ошентсе да, 2009-жылы “Борбор Азия-Борбор” газ куурундагы табышмактуу жардыруудан кийинки дымыгуудан соң МТС компаниясына жасалган сунуш - учур талабын, өз ара мамиле төмөн деңгээлде экенин жышааналайт. Эртеңки күндүн сересинен назар салсак, Ашхабад энергетика экспорттоо жолдорун диверцификациялоонун ыңгайы келди, эки жак тең укуктуу байланыш түзчү кез келди деп түшүнгөнүн айгинелейт.

Ал эми Түркмөнстандын Борбордук банкынын мурдакы төрагасы, азыр сырт өлкөдө жашаган Худайберди Оразов Ашхабад-Москва мамилеси түркмөн лидеринин сөзүнөн кийин эле шыр жакшы болуп кетпейт дейт:

- Эгер сиз байкасаңыз, Бердимухаммедов бир нерсе айткан болсо, ошо айтканына таптакыр тескери кадам жасайт. Ошондуктан Бердимухаммедовдун жанагы сөзүнөн кийин эле Түркмөнстандын кайсы бир мамлекет менен алакасы маданияттуу жол менен өнүгөт деп ойлоо көр пенделик болор эле. Ошондуктан тиги же бу тарап жасаган реалдуу кадамдарга карай бүтүм жасоо керек.

Ашхабад эмнеге Орусияга кучагын ачууда?

“Борбор Азия-Борбор” газ кууру азыр толук кубаттуу иштебейт. Үч жарым жыл мурдакы жардыруудан кийин Газпром түркмөн газын сатып алууну азайткан. Түркмөн тараптын маалымдашынча, 2008-жылы Орусияга 43 млрд. куб метрден көп көгүлтүр отун экспорттолсо, 2011-жылга карай анын төрттөн бири сатылган.

Түркмөнстан-Кытай газ боросунун ачылыш салтанаты. Самандепе, 15-декабрь 2009
Түркмөнстан-Кытай газ боросунун ачылыш салтанаты. Самандепе, 15-декабрь 2009
Лилит Геврогян айым Түркмөнстандын Орусия менен кызматташууну жакшыртуу ыкласы өлкөнүн тышкы капиталга болгон кызыгуусуна байланыштуу деп жоромолдойт:

- Түркмөнстан президентинин Орусия менен тең укуктуу мамиле күтүп, прагматикалык негизде кызматташалы дегени нормалдуу көрүнүш. Себеби Орусия Түркмөнстан үчүн үлкөн базар, чоң керектөөчү. МТСке дарбазаны ачуу да оң жышаананы кабарлайт. Анткени Ашхабад үчүн Орусия стратегиялык өнөктөштөн башка да мүмкүнчүлүгү зор инвестор.

Ашхабаддын тышкы саясатты диверсификациялоо аракети Кытайга газ сатуу мерчемделген деңгээлге чыкпай жатканынан улам болууда деп боолгоо да мүмкүн. Анткени 2009-жылдын аяк ченинде расмий ачылган Борбор Азия –Кытай боросу менен анын жылдык сыйымдуулугу 40 млрд. куб метр экенине карабастан, былтыры араң 4 млрд. куб метрге жакын түркмөн газы жөнөтүлгөн. Быйыл бул көрсөткүч кеминде 20 млрд. куб метрге чыгаары болжолдонууда.

Бийликке оппозициядагы Худайберди Оразовдун оюнча, Түркмөнстан президентинин Орусияга көңүл буруусу казынанын какшып баратканынан улам болушу ыктымал. Анын кесепети калктын чөнтөгүн жукартууда:

- Азыр эмес, тээ президент Ниязов заманыдан бери экономикалык өнүгүүнүн бийик темпи жөнүндө айтып жүрүшөт. Бирок үстүбүздөгү жылы күйүүчү майдын түрлөрүнө, унга болгон жеңилдиктерди алып салышты. Унга жана нанга бардык субсидия токтотулат дешти. Орточо айлык 200 долларга жетпеген өлкө элине бул оор тийди.

Июль айында, баш кеңсеси Анлгияда орун алган IWPR борборунун маалымдашынча, Түркмөн өкмөтү бекер бензин алчу жарандардын тизмесин кыскартып, 15 жылдан бери букараларга берилчү 5 кило унду токтоткон.

Жеке менчик жүк ташуучу машинелердин ээлери ар алты айда 1200 литр бекер бензинди албай калды. Эми жеңил машинеси барларга эле жарым жылда бир ирет 720 литр күйүүчү май берилет.

XS
SM
MD
LG