Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Түркмөндөрдүн абалы Европарламенттин "кабыргасын кайыштырды"


Тулпарчан президент Бердимухаммедов
Тулпарчан президент Бердимухаммедов

Европарламенттин депутаттык тобу Түркмөнстанга барып келгенден кийин Ашгабат менен Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуну июлга чейин, атүгүл күзгө дейре кечеңдете турууга расмий Брүсселди үндөштү.

Парламентарийлер береги келишимге кол койгондон мурда Түркмөнстанда адам укугунун жакшыртылышын талап кылышты.

Ошондой эле Ашгабат убадасын аткаруусу үчүн Евробиримдиктин дипломаттарына кысым жасоо зарыл дешти.

Өнөктөштүк келишими күзгө калчудай

Өнөктөштүк жана кызматташтык келишими Европа Биримдигинин мурдакы советтик республикалар менен мамиле жүргүзүү саясатынын стандарттык формасы.

Келишим саясый-экономикалык диалогго мыйзамый негиз болуу менен катар жаш күнкорсуз өлкөлөрдө демократиянын жана базар (рынок) экономикасынын өнүгүүсүн колдоого багытталган.

Президент Гурбангулы Бердимухаммедов президенттин жаңы сарайынын ачылыш салтанатында. 18-май 2011
Европарламенттин депутаттык тобу апрелде Түркмөнстанга барып, адам укугунун абалы менен таанышып кайткан.

25-майда Тышкы иштер комитети алардын баяндамасын угуп талкуулаган соң, береги келишимди саалгыта турууну оң тапты.


Комитет Өнөктөштүк келишимин январда жактырган болчу.

Адам укугу боюнча чакан комитеттин төрайымы Хайди Кутала Ашгабатка барган топтун мүчөсү.

Фин парламентарийинин “Азаттык” үналгысына айтышынча, ал Түркмөнстанда коом мүчөлөрү коркуп жашаганына аябай кабатыр болуп кайткан:

- Бизге Түркмөнстанда жарандык коомдун бир да өкүлү менен жолукканга мүмкүндүк беришпеди. Биринчиден, жарандык коомдун өкүлдөрү болгон учурда да кездешүү алар үчүн өтө коркунучтуу болмок. Экинчиден, жарандык уюмдар катуу көзөмөл астында кармалып, атүгүл мүчөлөрү абакка салынгандыктан, анын активисттери абдан аз. Мен Түркмөнстан диссиденттик көз карашка жол коюусу керектигин аңдашын каалайм.

Түркмөн маселеси Европарламенттеги бардык чоң партияларды жаатташтырды.

Португалиялык парламентарий Ана Гомес расмий Ашгабат менен
Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн майрамы. Ашхабад. 2011

түзүлгөн убактылуу келишим ушу тапта расмий Брюсселди канааттандырат дейт:

- Биз адам укугунун сакталышын талап кылган менен катар эле Түркмөнстанда Евробиримдиктин тиешелүү өкүлчүлүгү болушун талап кылууну зарыл деп билебиз.

Муну Өнөктөштүк жана кызматташуу келишими талап кылбайт. Ал үчүн Өнөктөштүк жана кызматташуу келишиминин кереги жок.

Биз азыркы өтмө келишимди дагы талдап көрүүбүз зарыл. Убактылуу соода келишиминде адам укугу боюнча пункт жана Түркмөнстан аткарчу негизги талаптар бар.


Европарламент Өнөктөштүк жана кызматташуу келишимин бекиткенден мурда биринчиден Түркмөнстанда Евробиримдиктин туруктуу өкүлчүлүгү болуусун каалайт.

Экинчиден, саясый туткундардын абактан бошотулушу жана адам укугуна көз салып турчу көзкарандысыз байкоочу зарыл деп эсептейт.

Азыр Евробиримдик-Түркмөн карым-катнашы Ашгабаттагы “Европа Үйү” аркылуу жүргүзүлөт.

Анын кызматкерлери - жергиликтүү жарандар.

Гомес айымдын пикиринче, аларды европалык дипломаттар менен алмаштыруу керек:

- Азыркы кызматкерлер өтө репрессивдүү жагдайда жумушка алынган. Түркмөнстандагы кырдаал адамдарды өзүн өзү цензуралоого мажбурлайт жана алар өздөрүн парламент күткөндөй алып жүрүшпөйт. Эгер кызматкерлер Евробиримдиктин тышкы аракеттер кызматынан жөнөтүлсө, алар келишимди жоготуп койобуз деп коркушмак эмес.

Европарламенттин имараты алдындагы айкел. Страсбург.
Европарламенттин мындай демилгесине Түркмөнстан менен келишимди тез ратификациялоого кызыккан дипломаттар нааразы.

Алар Брүссел менен региондо жалгыз Түркмөнстан Кызматташтык жана өнөктөштүк келишимин түзө элегин бетке тутушуп, аны саалгытпай бүткөрүүгө кызыкдар.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон айымдын өкүлү Мая Косиянчичтин сөзүнчө, жаңы келишим Брүсселдин Ашгабатка болгон таасирин күчөтмөк экен:

- Биздин көз карашыбызда, Түркмөнстан Өнөктөштүк жана кызматташуу келишими тарабынан кой-ай делбеген региондогу жалгыз өлкө. Биз тээ жыйырма жыл мурдакы жол-жобо менен иштөөдөбүз. Биздин ишенимибизде, Биримдик жакшы буроого жана адам укугуна таасир этчү жакшы механизмге ээ болушу үчүн Өнөктөштүк жана кызматташуу боюнча мына бул келишимге кол койгон абдан маанилүү.

Мындай пикирге фин парламентарийи Хайди Гутала кошулбайт:

- Алар Түркмөнстандагы адам укугун жакшыртуу үчүн кандайдыр бир олуттуу иштерди аткарып жатабыз дегендей түр көрсөткөнгө аракет кылышат. Мен анын бирин да көрбөдүм. Алар ошондой эле Өнөктөштүк жана кызматташуу келишими кырдаалды толук жакшыртат деген жаңылыш көз карашты жайылтууда.

Серепчилер Евробиримдиктин эки уюму арасындагы келишпестикти 2009-жылкы Лиссабон келишими түзгөн бийлик тутумунун туундусу деп билишет.

Түркмөнстан менен түзүлчү Өнөктөштүк жана кызматташуу келишимин Европарламент жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ратификациялоосу керек.

XS
SM
MD
LG