Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Түркмөн лидери Парижде Франция президенти менен жолугушту


Франциянын президенти Николя Саркози Түркмөн мамлекет башчысын Елисей сарайынын босогосунда тосуп алды, Париж, 1-февраль, 2010-жыл
Франциянын президенти Николя Саркози Түркмөн мамлекет башчысын Елисей сарайынын босогосунда тосуп алды, Париж, 1-февраль, 2010-жыл

Түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедов бүгүн Парижде Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркози менен жолугушту. Адам укуктарын коргогон бир катар эл аралык уюмдар президент Саркозини сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандагы адам укуктары маселесин козгоого үндөшкөн.

Эки лидер Франция менен Түркмөнстандын алакаларын, Ашгабад менен Европа биримдиги ортосундагы кызматташтык, Ооганстандагы кырдаал жана маң заттарынын аткезчилиги өңдүү маселелерди талкуулашты.

Жолугушуудан кийин жасалган биргелешкен билдирүүдө Саркози жана Бердимухаммедов эки тараптуу байланыштардын өркүндөшү региондогу, дүйнөдөгү тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка салым кошууда деп баса белгилешти. Президенттер энергия, инфраструктура, туризм, курулуш жана коммуникациялар тармагындагы алакалардын кеңейип жатышын кубатташты.

Бул – Бердимухаммедовдун Франциядагы алгачкы сапары.

Байкоочулар белгилегендей, 3 күндүк сапар маалында экономикалык кызматташтык үстөмдүк кылмакчы. Бердимухаммедов газга бай өлкөнү чет элдик инвесторлор үчүн ачууга убада берген.

Атын атагысы келбеген франциялык эксперт “Азаттык” менен маегинде тараптардын экономикалык кызматташтыгы жөнүндө буларды айтат:

- Биз бир нече чөйрөдө экономикалык мамилелерди жакшыртууну көздөйбүз. Маселен, бизди мунай жана газ тармагы, газ өндүрүү, аны иштетүү кызыктырат. Ошондой эле инфраструктараны өнүктүрүү иштерине тартылууга үмүт кылабыз. Жаңы технологиялар жагынан сунуштай турган көп нерселерибиз бар.

Ашгабад түркмөн газын Еврошаркеттин кардарларына Россияны кыйгап өткөн жолдор менен жеткирип турууга даярдыгын ишара кылган эле.

Түркмөн мамлекет башчысы ошондой эле адам укуктарынын абалы жакшырып жатканын ырастаганы менен, сынчылар өзгөрүүлөр дээрлик жокко эсе дешет.

Бердимухаммедов жана Саркози Евробиримдик менен Түркмөнстан ортосунда адам укуктары жаатында жүрүп жаткан диалогго байланыштуу канааттануусун билдиришти. Бирок укук коргоочулар андай сүйлөшүүлөр анча жемиш бербей жатат деп сындашууда.

Түркмөн лидери Парижге аттанаардын алдында Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Франциянын адам укуктары лигасы, Хьюман Райтс Уоч жана Чегарасыз кабарчылар уюмдары биргелешкен билдирүү жасап, Түркмөнстанда жарандардын эң негизги эркиндиктери жана укуктары олуттуу түрдө чектелип жатканын белгилешти.

Укук коргоочулар президент Саркозини визиттен пайдаланып, Түркмөнстандагы адам укуктарынын өкүнүчтүү абалы жөнүндө кеп козгоп, түркмөн лидеринен абалды жакшыртууну талап кылууга үндөшкөн.

Адам укуктары боюнча эларалык федерерациясынын өкүлү Саша Кулаеванын айтымында, Париждин кысым көргөзүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн:

- Менимче, Франциянын колунда азыр, мурдагыдан айырмаланып, бир нече мүмкүнчүлүк бар. Биринчиси, албетте, Шериктештик жана Кызматташтык келишими. Экинчиси – визиттин жүршүндө жана андан кийин кол коюла турган макулдашуулар. Түркмөнстан аларга дайыма кызыкдар деп ойлойм. Кыскасы, Франциянын жакшы мүмкүнчүлүгү бар.

Европа биримдиги менен Түркмөнстан ортосундагы Шериктештик жана Кызматташтык келишимине Түркмөнстандагы адам укуктарынын начар абалына байланыштуу бир нече жыл бою кол коюлбай келген. Макулдашууга ылайык, тараптар адам укуктарын урматтоого милдеттенме алышат. Ал принцип бузулса, тараптардын бири келишимди убактылуу токтотууга укуктуу. Былтыр кол коюлган документ шаркетке кирген ар бир мамлекеттин улуттук парламенттери тарабынан ратификацияланышы керек. Укук коргоочулар келишим эки өлкө - Франция жана Улуу Британия тарабынан жактырыла элек дешүүдө. Франция парламенти ушу тапта аны ратификациялоону караштырууда.

Бердимухаммедов Саркозини Түркмөнстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Француз президенти чакырууну кабыл алды.

XS
SM
MD
LG