Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Түркмөн президенти түрдүү партиялар түзүлсүн деди


Түркмөн президенти жакында Францияга сапарлап барганда. 1-февраль, 2010-ж.
Түркмөн президенти жакында Францияга сапарлап барганда. 1-февраль, 2010-ж.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов элдин баарын таң калдырып, ар түрдүү саясий партия түзүү керек деп жар салды. Эгемен Түркмөнстанда буга чейин бир гана партия жашоо сүрүп келген.

18-февраль күнү Түркмөнстан жыл сайын боло жүргөндөй, 10 күнгө созулчу Улуттук байрак күнүн майрамдоого камданып калганда, президент Гурбангулы Бердымухаммедов өкмөт жыйынында күтүүсүз саясий жаңылыгын жар салды:

- Мен белгилеп койгум келет, биздин өкмөт нагыз демократиянын принциптерин өнүктүрүп жакшыртмакчы. Ушуну эске түйүү менен, кимде-ким жаңы саясий партия түзгүсү келсе, Түркмөнстандын конституциясына ылайык, андай партия каттоого алынат. Ал балким, дыйкандар партиясы, же башка багытта болушу мүмкүн...

18 жылдан ашуун убакыттан бери маркум түркмөнбашы Сапармурат Ниязов түптөгөн Түркмөнстан демократиялык партиясынан башканы укпаган өлкө үчүн бул жаңылык эстен тандырчудай эле окуя болду. Бердымухаммедов жаңы түзүлчү партиялар “оппозициячыл” болот, же болбойт деп тактаган жок. Ошентсе да, Түркмөнстанда жашаган жалгыз оппозиция лидери Нурберды Нурмамедов бул жаңылык аны курсант кылганын айтат.

- Биринчиден, мен президенттин билдирүүсүн кошколдоп кубаттайм. Бирок билдирүү турмушка ашыш үчүн бир катар кадамдар жасоо керек. Азыркы тапта Түркмөнстанда саясий партия түзүүгө мыйзамдык негиз жок. 1992-жылы социалдык уюмдар, саясий партиялар тууралуу мыйзам кабыл алынган, аны бирок өкмөт ишке киргизген эмес. Кийин 2003-жылы кайра социалдык уюмдар менен саясий партияларды каттоо жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, алар атайын мыйзам боюнча катталат деп жазылып калган. Ал кандай атайын мыйзам экени алигиче белгисиз.

Нурберды Нурмамедов өзү башында турган Агзыбирлик Элдик кыймылы 1990-жылы социалдык топ катары катталып, үч ай өтпөй анын каттоо күбөлүгү кайра жок кылынган. Ошондон бери кайра каттатуу аракетинен майнап чыкпай келет.

Эмнеси болсо да, Бердымухаммедовдун өзү айткандай “нагыз демократия орнотуу” ниети чын эле оппозициячыл, өкмөттүн ишин сындоого, элдин сөзүн бийликтегилерге жеткирүүгө батынган партиялардын жаралышына алып келеби – аны мезгил көрсөтөөр. Антпесе, жаңы түркмөн партиялары коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандагыдай аты оппозициялык, иш жүзүндө бийликтегилердин кызыкчылыгына кызмат өтөп калышы ыктымал.

Байкоочулар 52 жаштагы дымактуу түркмөн лидери Бердымухаммедов жаштар жана башка калк катмары арасында атайын кыймылдар уюштуруп, өзүнүн саясий келечегин кепилдөө аракетинде болушу мүмкүн дешет. Түркмөн президенти азырынча далай жылдардан бери чет өлкөлөрдө баш калкалап, мекенине каттай албаган саясий диссиденттердин кайтып баруусуна да расмий уруксат бере элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG