Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Кыргызстан-Орусия: ГЭСтер боюнча сүйлөшүүгө чекит коюлду


Камбар-Ата-2 ГЭСи, 30-август, 2010-жыл.
Камбар-Ата-2 ГЭСи, 30-август, 2010-жыл.

Кыргызстанда жаңы ГЭСтерди куруу боюнча 14-15-августта кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү өттү.

Анын жыйынтыгы боюнча "Азаттыктын" суроолоруна кыргыз президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жооп берди.

Исаков: Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталды

“Азаттык”:
Сапар мырза, мына кечээ күнү орус тарап менен ири келишимдерге жетишилгени кабарланды. Камбар-Ата-1 ГЭСинде кайсы тарапта канчадан үлүш боло турган болду?

Исаков: Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын каскады боюнча эки тарап эки жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келаткан. Кечээ күнү ушул маселелерге чекит коюлду. Орус тараптан биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов, кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев тиешелүү протоколго кол коюшту. Буга ылайык, Камбар-Атада ар бир тарапта үлүш 50 пайыздан болот. Эң негизгисин айтсам, ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кол коюлган протоколдордо Кыргыз Республикасынын чыныгы мамлекеттик кызыкчылыктары сакталды.

“Азаттык”: Жогорку Нарында курула турган ГЭСтердин үлүштөрү кандай бөлүндү жана курулуштар качан башталат?

Исаков: Бул жакта да үлүштөр 50 пайыздан болду. 1-ноябрга чейин тараптар Жогорку Нарын каскадына капсула коёру протоколдо так жазылды.

“Азаттык”: Бул ГЭСтерди башкаруучу органдар түзүлүш керек. Ал жерде жетекчилик кандай бөлүштүрүлдү?

Исаков: Анда да Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталды. Маселен, Директорлор кеңешинде кыргыз тараптын мүчөлөрү көбүрөөк болот.

“Азаттык”: Сапар мырза, аскердик объекттер боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү маалым. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы орус аскерий объекттери бириктирилдиби? Алар Кыргызстанда канча мөөнөткө калат?

Исаков: Азыр үч объект боюнча үч түрдүү келишим бар, анын ичинде Кант боюнча. Ошол келишимдер акыркы мөөнөткө чейин иштеш керек деп сүйлөшүп жатабыз. Аскерий объекттер боюнча келишимдер 45 жылдык мөөнөт менен кол коюлуш керек деп сөз болуп келген. Бул жерде принципиалдуу бир келишимге келдик, 15 жылга кол коюлсун деп. Орусиянын бирдиктүү базалары боюнча эң негизги келишим күчүнө заматта кирбейт, беш жылдан кийин күчүнө кирет деп жатабыз.

“Азаттык”: Базаларга ижара акы кандай чечилди? Мурунку абалда калабы?

Исаков: Мурунку деңгээлинде калат. Бирок Кант аба базасында, башка объекттерде электр энергия, тиричилик керектөөлөргө кыргыз тарап төлөп келген. Эми андай болбойт. Орус тарап өзү төлөйт.

“Азаттык”: Дагы бир орчун маселе - Кыргызстандын Орусияга карызы. Кыргызстандын 190 млн. доллардан ашуун карызын “Дастандын” 48% акциясына алмашабыз деген сөз болуп келген. Бул маселе кандай чечилди?

Исаков: Бул маселе дагы чечилип жатат. Кыргызстандын эки карызы бар. Биринчи тышкы карыз - 189 млн. доллар. 2005-жыл 5-сентябрдагы келишимдин негизинде 190 млн. тегерегинде тоңдурулуп коюлган. Эми ошол карыз толук кечилет. Экинчи карыз - 300 млн. доллар. Бул карыз 2016-жылдын 15-мартынан баштап кечиле баштайт. Он жылдын ичинде тең үлүштөр менен кечилет. Эң негизгисин айтсам, бул насыялардын үстөк пайыздары төлөнбөйт. Үстөк пайыз болбойт.

“Азаттык”: Мунун ордуна орус тарап эмне сурап жатат. Жөн эле кечип коюп жатабы? “Дастандын” акциясынан да баш тартып жатабы?

Исаков: “Дастандын” акциялары Кыргыз Республикасынын менчиги. Кыргызстан аны аукционго коюп сатат. Аны орус тарап болобу, башка тарап болобу, компаниялар болобу катышып, сатып алса болот. Ким көп каражат сунуш кылса, ошого берилет.

“Азаттык”: Кыргызстан орус тарапка убада кылган 48 пайыздан башка акциялар жөнүндө сөз болуп жатабы?

Исаков: 48% да ошонун ичинде.

Азаттык”: Демек 100% сатыкка коюлабы?..

Исаков: 100% деп айта албаймын. Кыргыз тарап өзүнүн улуттук кызыкчылыгына карап чечимге келиш керек.

“Азаттык”: Сапар мырза, ГЭСтердин курулушу канча мөөнөткө белгиленип жатат жана кирешелерди бөлүштүрүү жагы кандай каралып жатат? Орус тарап ГЭСтер өзүн актаганга чейин киреше орус тарапка болуш керектигин талап кылып жатканы айтылган эле?

Исаков: Эми эң негизги маселе менчик 50 пайыздан болот. Бирок ойлонуп көрсөк, негизи кыргыз тарабына деле жакшы болот го, эгерде орус тарап өзүнүн салган акчасын тезирээк кайтарып кетсе. Бул боюнча орус тарап менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Биздин эксперттер, адистер бул боюнча дагы иштейт.

“Азаттык”: Белгиленген маселелерге сентябрь айында чекит коюлат да?..

Исаков: Эң туура. Сентябрь айында келишимдерге кол коюлуп калыш керек деп күтүп жатабыз. Бул протоколдордо да белгиленип кетти. Мисалы, электр энергетика боюнча эки келишимге 15-сентябрга чейин кол коюлуш керек. Мүмкүн бир нече күн айырмасы болушу мүмкүн. Бирок протоколдо белгиленип кетти. 1-ноябрга чейин Жогорку Нарын каскадында капсуланы коюу аземи болот. Тышкы карыз боюнча да 5-пунктта так жазылып кетти, 15-октябрга чейин тараптар тиешелүү келишимдерге кол коёт деп. Анан 30-ноябрга чейин ички процедуралар бүтөт деп жатабыз.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тарап бул сапарды кандай баалап жатат?..

Исаков: Дагы бир жолу айтып кетсем, бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бизди абдан кубандырып жатат. Эң негизгиси бул жыйынтыктар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG