Таштанды талаасына сиңген миллиондор

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин эки долбоордун бирөө да толук ишке аша элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн Бишкектин абасын ыштап жатат. “Азаттыктын” иликтөөсү чыгардын алдында Башкы прокуратура “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланганын билдирди.