Украин бийлиги "Танеко" мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын билдирди. Кремль бул маалыматты ырастай элек. 10-августта эртең менен Татарстандын Нижнекамск шаарына учкучсуз учактар чабуул койду. Орусияга караштуу жумурияттын башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 08:30да дрондор менен «жапырт чабуул» коюлду.
«Соккулар өндүрүштүк объекттерге да, жарандык объекттерге да урулуп жатат. Тилекке каршы, каза болгондор бар. Республиканын башчысы кырдаал боюнча соңку маалыматтар менен ыкчам кабардар болууда», — деп билдиришти Татарстандын бийлик өкүлдөрү.
Бир жарым сааттан кийин Рустам Миннихановдун басма сөз кызматы 12 киши каза болуп, 39 адам жабыркаганын билдирди. Нижнекамскиге кошумча медициналык бригадалар жөнөтүлдү.
Саат 10:16да чабуул тууралуу Минниханов өзү да билдирүү жасады. Бирок анын жарыялаган маалыматында дрондор ишканаларга сокку урганы айтылган жок. Татарстандын башчысы «душмандын учкучсуз аппараттары жарандык объекттерге чабуул койгонун» жазды.
Болжол менен бир сааттан кийин каза болгондордун саны 13кө жеткени белгилүү болду. Нижнекамскинин мэри Радмир Беляев алардын арасында бала да бар экенин тактады. Кийинчерээк анын беш жаштагы кыз экени жана ал дарыгерлер келгенге чейин чарчап калганы белгилүү болду.
Беляев «дрондор өнөр жай объекттерине гана эмес, турак жай секторуна да тийгенин» ырастады.
Орусиянын Тергөө комитети жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:50дө Нижнекамскидеги «өнөр жай жана жарандык объекттерге» жасалган чабуулга байланыштуу теракт беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.
Миннихановдун жарлыгы менен 10-август Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыялады.
Ал телеканалдарга жана маданий мекемелерге «көңүл ачуучу берүүлөрдү жана иш-чараларды токтотууну» сунуштады.
Курман болгондордун жакындарына Волга дарыясынын боюндагы бир катар аймактардын жетекчилери көңүл айтты. Алардын арасында Башкортостандын башчысы Радий Хабиров, Чувашиянын жетекчиси Олег Николаев, Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских, Киров облусунун башчысы Александр Соколов, Пенза облусунун губернатору Олег Мельниченко жана башкалар бар.
Түшкү саат экилерге жакын Татарстандын бийлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө эки миллион рублдан төлөнөрүн билдирди. Жабыркагандарга жараатынын оордугуна жараша 300 миңден 600 миң рублга чейин берилет.
«Мындан тышкары, белгиленген нормаларга ылайык, жарым-жартылай же толугу менен жоголгон мүлк үчүн да кенемте төлөнөт», - деп кошумчалады Казан шаар бийлиги.
Сокку урулган объекттер тууралуу божомолдор
Нижнекамскиде так кайсы объекттерге чабуул жасалганы азыркыга чейин ишенимдүү түрдө аныктала элек. Эртең менен украиналык Телеграм-каналдар шаардын өнөр жай аймагынан түтүн чыгып жаткан кадрларды жарыялашты. Ал аймакта мунай-химия тармагындагы бир нече ишкана жайгашкан.
Astra басылмасы чабуулга Европадагы эң ири мунай-химия комплекстеринин бири «Нижнекамскнефтехим» ишканасы кабылышы мүмкүн экенин жазды. Нижнекамскинин өнөр жай аймагында мындан тышкары «ТАНЕКО» жана «ТАИФ-НК» мунай иштетүүчү заводдору да жайгашкан.
Кийинчерээк Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 10-августка караган түнү “ТАНЕКО” мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын» билдирди.
Түшкө маал Татарстандын бийлиги Нижнекамскидеги чабуулдан жабыркагандардын саны 48ге жеткенин маалымдады.
Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда кайсы объекттерге чабуул жасалышы мүмкүн экени тууралуу өз божомолдорун жазышты. Алар жумушчулар жашаган жатаканага, базарга же өнөр жай аймагына сокку урулганын айтышты. Казан бийлиги каза болгондордун арасында Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары бар экенин билдирди.
Интернетте чабуул коюлуп жатканда тартылган видеолор көп таркаган жок. Буга шаарда интернеттин өчүрүлүшү бирден бир себеп болду. Андан тышкары чабуулдарды жана алардын кесепеттерин сүрөткө, видеого тартууга тыюу салынган.
Ар кандай социалдык тармактардагы айрым колдонуучулар «Кама» мейманканасынын аймагына да сокку урулганын жазышты. Ал жерде музей, администрация жана мектептерден башка эч нерсе жок, ал тургай жылуулук электр борбору да жок, - деп жазды «Пикабу» сайтында «bbetelgeize» аттуу колдонуучу.
Кийинчерээк InKazan басылмасы райондук администрацияга таянып, Нижнекамскидеги чабуулдан кийин Школьный бульварындагы үй жабыркаганын билдирди. Убактылуу жайгаштыруу өтүнүчү менен 93 адам кайрылган.
№3 лицейде дрон чабуулунан жабыркагандар үчүн жардам берүү пункту ачылды. Ал жерде тургундар ысык тамак, суу, кургак азык-түлүк жана жата турган орун ала алышат.
«Үйлөрү олуттуу оңдоону талап кылган Нижнекамск тургундарына бийлик убактылуу турак жай берет», - деп айтылат билдирүүдө.
Жергиликтүү тургундардан «ТАНЕКО» заводуна чабуул жасалганы тууралуу да бир топ билдирүүлөр түшүүдө.
"Завод күйүп жатат, так кайсы жери экени түшүнүксүз. «ТАНЕКО» тарапта, жалын бийик", - деп жазды «Дмитрий» аттуу колдонуучу Telegramдагы «Дорожный контроль Нижнекамск» чатында.
Социалдык тармактарда өчүрүлгөн билдирүүлөр да абдан көп. Аларды ким өчүрүп жатканы баракчалардын администраторлорубу же колдонуучуларбы белгисиз.
"Нижнекамск үчүн абадан коргонуу системасына акча бөлгүлөчү, шаар күн сайын коркунучка кабылып жатат. Бийликтен башка бизди ким коргойт? Өзүңөрдү эле ойлобогула, силер деле 300 жыл жашабайсыңар", - деп жазды «Елена» аттуу колдонуучу «ВКонтакте» социалдык тармагындагы «Нижнекамск ВКонтакте» тобунда.
Ошол эле учурда чабуулдан кийин жакындары менен байланыша албай калганын айткан тургундар да бар. Кийинчерээк алардын туугандары байланыш жок баш калкалоочу жайларда отурганы белгилүү болгон.
Нижнекамск тургундарын тынчсыздандырган дагы бир маселе - шаардын алдыда белгилене турган 60 жылдык мааракеси. Социалдык тармактарда иш-чараларды жокко чыгаруу чакырыктары пайда болду.
«Агентство» басылмасы 10-августта Татарстанга жасалган чабуул «согуш башталгандан бери Орусиянын аймактарына жасалган эң көп адам өмүрүн алган чабуулдардын бири» болгонун билдирди.
«Буга чейин Украина менен согуш жүрүп жаткан мезгилде Орусиянын аймактарына жасалган аба соккуларынын ичинен бир аймакта мындан көп адам каза болгон эки гана учур болгон. 2023-жылдын декабрында жана 2024-жылдын майында мындай соккулар Белгород облусуна жасалган», - деп такташты журналисттер.
Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Нижнекамскиге келди. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Лилия Галимова билдирди. Галимова «бул аймакта хостел соккуга кабылып, анда тогуз киши каза болгонун» тактады.