«Коронавирус жалгыз уулумду алып тынды»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы "Тез жардам" кызматынын 37 жаштагы фельдшери Валерий Гаук 4-июлда коронавирустан каза болгон. Анын жесири Александра Гаук 20 күндөн кийин эле күйөөсүнүн ордуна иштей баштады. Валерий "Тез жардамда" 12 жылдан ашуун иштеген. Анын эки кичине баласы жетим калды, өзү бир үйдүн жалгыз уулу эле.
P.S. Гауктун үй-бүлөсү тууралуу "Азаттыктын" сюжетинен кийин Саламаттык сактоо министрлиги убада кылынган 1 миллион сом кенемтени 26-сентябрда бергени маалым болду.