Трамп ХАМАСты куралсыздандыруу макулдашылганын жарыялады

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп ХАМАС кыймылын (Кошмо Штаттар жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган) толук куралсыздандыруу тууралуу «тарыхый макулдашуу» жетишилгенин жарыялады. Бул тууралуу ал 30-июлда Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып, Газа секторунда жаңы палестин өкмөтүн түзүүгө багытталган эң маанилүү кадамдардын бири жасалганын белгиледи.

Сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери Египетте жүрдү. Трамп ортомчулук кылган Египетке, Катарга жана Түркияга ыраазычылык билдирип, ХАМАСты жана ага союздаш палестин топторун куралсыздандыруу этап-этабы менен жүргүзүлүүгө тийиш болорун кошумчалады.

ХАМАСтын жооптуу өкүлдөрү АКШ менен макулдашуу жетишилгенин ырасташты.

Аймактагы чыңалууну мындан ары азайтуунун негизги шарты катары ХАМАСтын куралсыздануусун талап кылып келген Израил азырынча комментарий бере элек.

Палестинанын ХАМАС тобу быйыл 6-июлда Газа тилкесин башкарып келген өзгөчө кырдаалдар өкмөттүк комитети жоюлганын жарыялаган. Анклавды административдик жактан көзөмөлдөө укугу жаңы улуттук комитетке өтөрү маалымдалган.

2023-жылы 7-октябрда бир күндө кеминде 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда "Хезболлага" жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согуш баштаган. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. Ошондон бери Израил аталган топтордун башчыларынын дээрлик көпчүлүгүн жок кылды. Газада, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, эки жылда 71 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Дагы караңыз

Илхам Алиев Кыргызстанда. Өкмөт Азербайжандан мунай сатып алабы?Бишкек мэриясы жеке машинелерди пайдаланууга тыюу салынбай турганын билдирдиЗеленский Орусия Түндүк Кореянын ракетасы менен сокку урганын айтты"Кыргызстан ырларымда калат". Эки элге көпүрө болууну эңсеген тажик акыны