Трамптын өкүлү Путин менен жолугушту. Москва Киевдин сунушуна кандай жооп берет?

АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Санкт-Петербургдагы Константин сарайында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусун баштады. Бул тууралуу маалымат каражаттары кабарлады. Бир күн мурда ал Ослодо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөн.

Бул Уиткоффтун орус президенти менен тогузунчу жолугушуусу.

Ал Владимир Путин менен саламдашары менен 74 жаштагы америкалык Стивен Хаббардды бошоткону үчүн ыраазычылык билдирди.

Мичиган штатында туулган Хаббардды орус аскерлери 2022-жылдын апрелинде туткунга алган. Ага украин күчтөрүнүн катарында жалданма жоокер катары согушкан деген айып тагылган.

Путин Хаббард Санкт-Петербургдагы Пулково аэропортунда экенин айтты. Маалыматка караганда, ал Уиткофф менен чогуу АКШга учуп кетет.

Трамп 20-октябрда, Уиткоффтун сапарынын алдында, Путинден Хаббардды бошотууну суранганын айткан. Анын сөзүнө караганда, Вашингтондон бул үчүн эч нерсе талап кылынган эмес. Ал Кремлдин кадамын "буга чейин болуп көрбөгөндөй" деп мүнөздөдү.

2024-жылы Орусиянын соту Хаббардды алты жыл 10 айга эркинен ажыраткан.эркинен ажыраткан.

72 жаштагы Стивен Хаббард сот отурумунда. Москва шаардык сотунун басма сөз кызматы 2024-жылдын 7-октябрында тараткан видеодон алынган кадр.

Хаббард Орусияда кармалып турган америкалыктардын ичинен Вашингтон расмий түрдө "мыйзамсыз кармалган"деп тааныган жалгыз жаран болчу.

Көп өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп да Хаббарддын бошотулганын ырастап, ал жакында үй-бүлөсү менен көрүшөрүн билдирди.

"Мекениңе кош келдиң, Стивен. Кайтып келгениңе абдан кубанычтабыз", - деп жазды ал Truth Social тармагына.

АКШ менен Орусиянын президенттеринин соңку телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Трамп орус дизелинин экспортун колдоого багытталган келишимди жарыялаган. Ошондой эле өзү өткөн айда кол койгон мыйзамдын негизинде киргизилүүгө тийиш болгон санкцияларды колдонбоо чечимин кабыл алган.

Киев жана анын батыштык өнөктөштөрү бул кадам Москванын согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн дагы күчөтүшү ыктымал экенин эскертишкен.

Орусиянын прокурорлору Хаббард айына миң доллар төлөнүүчү келишимдин негизинде Украинанын Харьков облусундагы аймактык коргонуу күчтөрүнүн катарында согушканын билдиришкен. Ошол кезде облустун кыйла бөлүгүн орус аскерлери ээлеп турган.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер ооруп калгандыктан, жолугушууга келе албай калганын билдирди. Маалыматтарга караганда, ал сүйлөшүүгө видео байланыш аркылуу кошулат.

Ослодогу жолугушуу, Киевдин сунушу

"Тынчтыкка кантип жетүү боюнча так ойлорубуз бар", - деди Зеленский 20-октябрда Ослодогу сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге.

Жолугушууну Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре жана Финляндиянын президенти Александр Стубб өткөрүшкөн.

Зеленскийдин айтымында, Уиткофф орус тарапка Украина, Орусия жана АКШ лидерлеринин үч тараптуу сүйлөшүүсүн өткөрүү сунушун жеткирет.

"Америкалыктар ушул идеяларды орусиялыктарга жеткиришин каалайбыз. Маанилүү идеялардын бири, лидерлер гана чече ала турган маселелерди талкуулоо үчүн үч тараптуу жолугушууга өтүү", — деди ал.

АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре Украинадагы кырдаал боюнча жолугушуу өтчү бөлмөгө кирип баратышат. Осло, 2026-жыл, 20-октябрь.

Ал эми Трамп Путин менен Зеленский келишимге жетиш үчүн сөзсүз бетме-бет жолугушуусу шарт эмес экенин айтты.

"Алар бир бөлмөдө отурууга милдеттүү эмес. Менимче, муну башка жол менен да жасай алышат", - деди Трамп 20-октябрда журналисттерге.

Индияда сапарда жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Уиткофф менен Зеленскийдин Ослодогу сүйлөшүүлөрүн оң баалады.

"Жолугушуу жакшы өттү. Күтүүсүз же таң каларлык эч нерсе болгон жок. Эми ал ушул демилгелер менен Санкт-Петербургга барып, аларды орус тарапка жеткире алат. Кандайдыр бир жылышка жетише алабызбы, көрөлү", — деди Рубио 21-октябрда.

Зеленский Орусиянын ракеталык соккулары тууралуу чалгын маалыматтарын берип жатканы үчүн АКШга ыраазычылык билдирип, алдын ала эскертүү системасы азыр натыйжалуу иштеп жатканын айтты.

"Чалгын кызматы иштеп жатканына ыраазыбыз. Мен алдын ала эскертүү жөнүндө айтып жатам. Бул элибиз, балдар, чоңдор, жайкын тургундар үчүн өтө маанилүү. Анткени баллистикалык ракеталар учурулганда, бизге эскертүү берилет", - деди Зеленский Норвегиянын баш калаасында.

Ал Киев энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу боюнча АКШнын сунушун дароо колдогонун, бирок Орусия чабуулдарын улантып жатканын кайталады. Зеленский муну Украинага бекем коопсуздук кепилдиктери зарыл экенинин далили катары белгиледи.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Киевдин энергетикалык объектилерге сокку урбоо чакырыгына жооп берип, Москва убактылуу ок атышууну токтотууга эмес, узак мөөнөттүү тынчтыкка умтуларын билдирди.

Финляндиянын президенти Стубб Ослодогу сүйлөшүүлөрдө узак мөөнөттүү маселелерде да, чукул чечиле турган суроолордо да "чыныгы жылыш" болгонун айтты.

Анын сөзүнө караганда, катышуучулар тынчтыкка жетүүнүн айрым негиздерин, ошондой эле коопсуздук жана экономика боюнча маанилүү жагдайларды аныкташкан.

Орусиянын чабуулдары уланууда

Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабай, Москва Украинага чабуулдарын улантты. Түн ичинде бир нече аймакка дрон жана ракеталык соккулардан кеминде төрт киши каза болду.

Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, 21-октябрда Орусиянын баш калаага аба соккусунан эки киши мерт болуп, дагы экөө жараат алды. 24 кабаттуу турак жайга зыян келтирилди.

Украинанын ДТЭК энергетикалык холдинги Орусиянын чабуулдарынан кийин Киевдин бир катар аймактарында электр жарыгы авариялык тартипте өчүрүлгөнүн 21-октябрда билдирди. Энергетиктер электр камсыздоону калыбына келтирүүдө.

Харьков облусунда Орусиянын дрон чабуулунан эки киши болгонун облустук бийлик билдирди.

Львов облусунун бийлигинин маалыматына караганда, түн ичинде орусиялык дрон ишканага сокку урган. Эки жумушчу жараат алып, кулаган сыныктар жакын жердеги жеке үйгө зыян келтирген.

Украинанын Аба күчтөрү 21-октябрда билдиргендей, Орусия түн ичинде канаттуу ракеталар жана 186 чабуулчу дрон менен кол салган.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз күчтөрү Украинанын логистикалык түйүндөрүнө, порт инфраструктурасына жана кемелерине дрон менен сокку урганын билдирди.

Министрлик ошондой эле Орусиянын бир катар аймактарында абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 373 дронун атып түшүргөнүн маалымдады.