Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоо

Жекшембиде түркиялыктар өлкөнүн 13-президентин жана парламентке саясий партияларды шайлайт.

Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана эртең мененки саат 8.00до ачылды. Добуш берүү кешки саат 17.00го чейин уланат.

Жергиликтүү серепчилер бул жолу шайлоочулар жигердүү катышып атканын баса белгилешүүдө.

Шайлоо тилкелеринин дээрлик көпчүлүгү орто мектептердин имараттарында жайгашкан. 

Түркияда президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда.

Президенттикке негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган аялы Эмине Эрдоган менен Стамбул шаарында шайлоого катышты. 

Оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу аялы Селви Кылычдароглу менен Анкара шаарында добуш берди. 

6-февралдагы зилзаладан кийин катуу жабыркаган Хатай провинциясындагы шайлоочулар атайын коюлган контейнерлерде добуш беришүүдө.

Шайлоо тилкеси. Хатай шаары.

Түркиялыктар жекшембиде ошондой эле парламенттик шайлоого да добуш беришет. Жалпысынан 24 саясий партия ат салышууда.

Түркия боюнча жекшембиде 600 миңден ашык полиция кызматкери иштей турганы кабарланды.