Камакка алуу буйругу берилгендердин арасында мурдагы депутат, белгилүү талдоочу Назли Ылыжак да бар. 2013-жылы журналист коррупция жаңжалына малынган министрлерди, "Таксим" аянтындагы демонстрацияларды күч менен таркатууну сындаган макалалары үчүн “Сабах” басылмасынан иштен кетирилген жана ошондон бери оппозицияга өткөн.
Бир топ жогорку даражалуу аткаминерлердин ысымдары аталган ал коррупция жаңжалынын артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турганы айтылып келген. Анкара өкмөтү 15-июлдагы кутум үчүн да учурда АКШда бозгунда жашап жүргөн динаятчыны күнөөлөйт. Гүлен өзү айыптоолорду четке кагып, бийликти төңкөрүү аракетин катуу сындаган.
Ал окуядан кийин 60 миңден көп киши жумуштан айдалып же камалды. Куугунтуктоолорго аскерлерден тышкары полиция, сот, прокуратура кызматкерлери, мугалимдер, мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдар, журналисттер алынууда.
Ишемби күнү Фетхуллах Гүлендин жакын тууганы Мухамад Сайт Гүлен кармалды. Жергиликтүү маалымат каражаттары ага террорчулук айыбы тагылышы мүмкүн деп жазышат.
Ошол эле күнү президент Режеп Тайип Эрдоган өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийинки биринчи буйругу менен Гүлендин тарапкерлери менен байланышы бар деп шектелген миңден ашуун менчик мектеп, ар кыл кайрымдуулук фонддор, 30 чакты медициналык мекеме, 15 жогорку окуу жайларды жабууну талап кылды.
Президенттин дагы бир буйругу кутумга шектелгендерди күнөө тагыла электе мурункудай төрт күн эмес, отуз күнгө чейин кармоого жол берет. Эрдогандын айтымында, мындай чара кылмыш ишти толук иликтөөгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Өзгөчө кырдаал шартында президент мыйзамдарды парламенттин жактыруусуз эле кабыл ала алат. Мамлекет башчы ошондой эле куралдуу күчтөр “түп тамырынан тазаланарын” эскертти.
Түркия 15-июлдагы окуяларга чейин эле сөз эркиндигин чектеген өлкө катары аталып келген.
Ал эми бир нече күн мурун өлкө боюнча үч айга чукул кырдаал киргизилгенден кийин Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын күчү убактылуу токтотулары жарыяланган.
Ага чейин Эрдоган керек болсо өлүм жазасы калыбына келтирилерин да айткан.
Улуттар уюму, Батыш өлкөлөрү кутумга тиешеси бар делгендерди мыйзам чегинде жоопко тартуу, мыйзам үстөмдүгүн сактоо, адам укуктарын урматтоо, кармалгандарга адвокаттары, жакындары менен кездешүүгө уруксат берүүгө үндөшүүдө.
25-июлда Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Франциянын "Франс-2" телеканалына берген маегинде:
- Азыркыдай кырдаалда Түркия жакын арада жана узак перспективада Евробиримдикке мүчө боло албайт, - деп билдирди.
Юнкер Анкара бийлиги өлүм жазасын калыбына келтирсе, шаркетке кошулуу сүйлөшүүлөрү дароо токтотуларын кайталады.
Төңкөрүш аракетинен кийин чара көрүүдө мыйзамды сактоо чакырыктары өлкө ичиндеги оппозиция, жарандык коом өкүлдөрү тарабынан да айтылып келатат.
Жекшембиде Стамбулдагы "Таксим" аянтында оппозициялык Республикалык элдик партия жана башка саясий күчтөр демократияны колдогон митинг өткөрүштү.
Акцияга президенттин “Адилет жана өнүгүү” партиясынын мүчөлөрү да катышты.
Элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу “Республика жана демократия” деген митингге чогулган он миңдеген кишинин алдында сүйлөп, бийликти массалык куугунтуктоолордон алыс турууга үндөдү:
- Мамлекет таарыныч, ачуулануу сезимдерине жетеленбөөгө тийиш. Кутумду уюштургандарды мыйзамдын чегинен чыкпай соттош керек. Мамлекеттин биримдигин жана ар-намысын сактоо үчүн бул эң биринчи талап. Кыйноо, ырайымсыз мамиле, коркутуп-үркүтүү, кысмактоо бизди козголоңчулар менен бирдей кылып коет. Андайга жеткирбөө керек.
Ал эми митингге катышкандардын бир бөлүгү бийликтин акыркы кадамдарына кооптонуу менен карашса, башкалары чукул кырдаал элге эмес, террорчуларга каршы киргизилген деп ишенишет.