Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

Түркия: ишке ашпаган төңкөрүш


Түркия, Стамбул
Түркия, Стамбул

Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракети учурунда мерт болгондор саны 200гө жетти. Мындан сырткары кечээ түндөн берки окуялар, кагылышуулар учурунда 1400дөн ашуун киши жаракат алган.

Түркия армиясынын Башкы штабынын башчысынын милдетин аткаруучу, генерал Үмит Дүндар бүгүн Анкарадагы басма сөз жыйын учурунда “төңкөрүш аракети үзгүлтүккө учурады” деп билдирди жана муну полиция менен прокурорлордун ыкчам аракеттерине байланыштырды.

Генерал Дүндар берген маалыматтарга караганда, төңкөрүш аракетине катышкан 104 жоокер өлтүрүлдү.

Алардан тышкары түнкү окуялар учурунда өмүрү кыйылган 90 кишинин 41 полиция кызматкери, 47си жайкын тургундар.

Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, ушул сааттарга карата 2800дөн ашуун аскер кызматчылар төңкөрүшкө тиешеси бар деп кармалды. Кеминде беш генерал жана 29 полковник кызматынан четтетилди. Коопсуздук операциялары али уланууда. Бир генерал жок кылынды.

Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Мындан сырткары Стамбул шаарындагы Кулели Аскер академиясында төңкөрүшкө кошулду деген айып менен 80 курсант кармалды. Бул Академияда жалпысынан 95 чет элдик курсант билим алат. Арасында Азербайжан, Грузия, Ооганстан, Албания, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Сомалиден келгендер бар. Алар академияны бүтүргөн соң кайра мекенине кайтат.

Стамбулдагы кыргыз консулдугу Аскер академиясындагы бардык кыргыз курсанттар Кыргызстанда каникулда экенин билдирди.

Ал эми Түркияда каза болгон жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат ушундай экенин кыргыз Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Түркиянын мыйзамдуу бийлигин колдорун жана бул өлкөдө тезинен тынчтык, тартип орношун кааларын айтты. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда билдирди.

Гүлендин тарапташтары камакка алынды

"Азаттыктын" Стамбулдагы кабарчысынын маалымдаганына караганда, учурда АКШда жашаган түркиялык диниятчы, азыркы бийликке жакпаган Фетхуллах Гүлендин аскер бөлүктөрүндөгү тарапкерлери, Эге, Мерсин шаарларынын жандармериясынын командирлери камалды.

Ал эми Фетхуллах Гүлен бул төңкөрүшкө катышы жок экенин айтканын бир катары дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Ал арада түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жактоочуларын көчөдө калууга чакырды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Twitter социалдык түйүнү аркылуу тараткан катта айтылат.

Эрдоган белгилегендей, анын жактоочулары көчөлөрдө төңкөрүш аракети кайра тутанышына жол бербөө үчүн кала бериши керек. Эрдоган бүгүн эртең менен жактоочулары алдына Стамбулдун аэропортунда жолуккан.

Эрдогандын талапкерлери Түркиянын ири шаарларында митинг өткөрүүдө

Түркия: Эрдогандын жактоочулары көчөгө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Бүгүн Бишкек убактысы менен түнкү саат экиден кийин Түркиянын бийлиги Стамбулдагы Европа менен Азияны бириктирип турган Босфор көпүрөсүн жаап салган. Аскер командирлеринин бир бөлүгү бийликти басып алууга аракет кылганын премьер-министр ырастаган.

Түркиянын куралдуу күчтөрү өлкөдөгү бийликти "колго алып", демократиялык түзүлүш жана адам укуктары сакталаарын билдирген. Стамбул көчөлөрүн аскерлер ээлеп, көчөдө атышуу башталган.

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда бардык каттамдар токтотулган.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым түз эфирден НТВ түрк телеканалына берген интервьюсуна Анкарада аскердик төңкөрүлүш аракети болгонун ырастаган. Ал Түркиянын атуулдарын сабырдуу болууга чакырган.

- Тынчтыкты сактагыла, биз абалды жакынкы арада жөнгө салууга аракет кылабыз. Айрым аскердик топтор мамлекет аманат кылган куралдарды алып, аскерий көтөрүлүш кылуу аракетин ишке ашырып жатат. Биз мындай аракеттерге жол бербейбиз, - деген Биналы Йылдырым.

Калабада түрк парламентинин имараты жабыркады. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Анкарадагы парламент имаратынын жарымы талкаланган. Бомба спикердин кабинетинде жарылганы айтылууда.

Түрк парламентинин азыркы абалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

"Азаттыктын" Стамбулдагы кабарчысы социалдык тармактарга чектөөлөр киргизилип жатканын, интернеттин ылдамдыгы өтө жай болуп калганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG