Түштүк Кореяда калайман мушташтан жабыркаган бир нече кыргызстандык ооруканага түштү. Жергиликтүү басылмалар окуя 4-октябрга караган түнү Сеулдан анча алыс эмес Пхёнтхэк шаарында болгонун жазышты.
“Негизинен КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын ортосунда болгон. Азыр так бир улутту атап айтып койсок, “улут аралык кастыкты козутуу” болбошу үчүн тергөө иштери бүткөнчө окуянын ал жактарын ачык айтпай туруу жакшы го дейм”, - деди Түштүк Кореядагы Кыргыз студенттеринин ассоциациясынын башчысы Бектур Абдыкалыков.
Окуянын сүрөт, видеолору соцтармактарга жарыяланды
Жергиликтүү басылмалардын макалаларында мушташка 15тей борборазиялык жаран аралашканы айтылат. Соцтармакта тараган тасмаларда колуна оор союл кармаган топ адам көчөдө бири-бирине тап берип жатканын көрүүгө болот.
"Ооруканадагы кыргызстандыкка акча чогултулууда"
Түштүк Кореядагы Кыргыз студенттеринин ассоциациясы билдиргендей, баштапкы маалымат боюнча мушташта үч кыргызстандык жабыркаган. Алардын бирине операция жасалган.
Бектур Абдыкалыков
“Үч кыргызстандык деп укканбыз. Экөөнүн абалы жакшы экен. Бирөө - ошол ооруканада жатканы. Ошол окуядан оор жараат алган кыргызстандык мекендешибиз ооруканага түшкөн. Операция болуп, жандандыруу бөлүмүнөн чыгып, бүгүн өзүнө келип, абалы кыйла жакшырып калыптыр. Негизи башында абалы бир аз оор болчу. Мекендешибиздин ооруканадагы каражаттарына жана башка чыгымдарына деп азыр Кореядагы кыргызстандыктар каражат чогултуп жатат”, - деди Бектур Абдыкалыков.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
Жапырт мушташка катышууга шектелип эки кыргызстандык жана эки орусиялык жаран кармалганы айтылды.
Калган катышуучулар изделип жатканын корей басылмалары жазды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жараат алган жана кармалган кыргызстандыктардын туугандары менен байланышта экенин, аларга укуктук жардам берилип жатканын маалымдады.
Мушташ болгон жерден алынган далил буюмдар.
"2026-жылдын 4-октябрына караган түнү Корея Республикасынын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташ учурунда Кыргыз Республикасынын бир нече жараны денесинен жараат алышкан. Ошол эле күнү Кыргызстандын Кореядагы консулу окуя болгон жерге ыкчам барып, кармалган кыргызстандык жарандар, Корея Республикасынын укук коргоо органдары жана медициналык мекемелери менен жолугушууларды өткөрдү. Жараат алган мекендештердин абалына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө".
Министрлик жараат алган жана кармалган кыргызстандык жарандардын туугандары менен байланыш түзүлгөнүн, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Бул маселе кыргыз ТИМинин өзгөчө көзөмөлүндө турары да белгиленди.
"Рейддер башталды"
Бул өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар социалдык тармактардан рейддер башталганын айта башташты. Кыргыз студенттеринин ассоциациясынын башчысы Бектур Абдыкалыков да бул маалыматты тастыктады.
“Бул окуя эмитен терс таасирин тийгизе баштады. Азыртан КМШ өлкөлөрүнүн жарандары көп жашаган аймактарда рейддер күчөдү. Мечит жана башка жерлерде байма-бай рейд болууда. Негизи корей коомчулугунун реакциясы жаман болуп жатат. Комментарийлерден окуп жатабыз, угуп жатабыз. Депортацияны жана миграциялык мыйзамды катаалдаштырууну сурангандар көп болууда. Негизи эле Кореяда ушундай урушкандарга, мыйзам бузгандарга карата Кыргызстанга караганда оор чаралар колдонулат. Көпчүлүк учурда депортация менен эле чектелбейт да. Камоого чейин жетиши мүмкүн. Андан сырткары, 2,5-3 млн вон айыппул төлөнөт". Маектешибиз белгилегендей, мындай кылмышка аралашкандардын визасы узартылбайт жана айыппулуна карабай депортацияланат.
Жапырт мушташка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Тергөө иштери уланып жатканы айтылды.
Расмий маалыматтарга караганда, Корея Республикасында 20 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын айрымдары ошол жакта окугандар, иштегендер же туруктуу жашагандар.
Пхёнтхэк Түштүк Кореянын батыш жээгинде, Кёнгидо провинциясында жайгашкан тез өнүгүп жаткан порт шаары. Ал Сеул менен Тэгу шаарларынын ортосунда орун алганы менен борбор шаарга кыйла жакын.