Крым боюнча орток пикир табылган жок

Керри жана Лавров Лондондо. 14-март, 2014 -жыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы менен Орусиянын тышкы иштер министри 14-марттагы Лондондо өткөн жолугушууда Крым боюнча бир пикирге келе алган жок.
Байкоочулар баамында, азыр Крым кризиси кандай шарт-жагдайда жөнгөрүлөт же Орусия менен Батыштын ортосунда кеңири масштабдагы жана экономикалык кесепеттери бар саясий кризиске айланабы деген суроонун жообу негизги маселелердин бири болуп турат.

Батыш өлкөлөрү жекшембиде өтүүчү референдумду эл аралык укукту, Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверенитетин бузган, Орусиянын Крымды аннексиялап алышына алып баруучу чара катары баалашууда.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри 14-мартта Лондондо өткөн сүйлөшүүдөн кийин АКШ жана эл аралык коомчулук Крым референдумунун жыйынтыгын тааныбасын баса белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Москва Крым элинин тандоосун урматтай турганына токтолду:

- Биз президент Путиндин оозу менен Крым элинин, атүгүл Крымдын көп улуттуу калкынын тандоосун урматтарыбызды айтканбыз. Ал эми бул референдумдун жыйынтыгына мамилебизди анын жыйынтыгы чыккан соң айтабыз.

Лавров өз сөзүндө Орусияда Украинанын түштүк-чыгышына аскер киргизүү "планы жок жана андай план болушу мүмкүн эмес" деп ырастады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Крымда референдумга каршы нааразылык жыйын өттү



Орус тышкы иштер министри сүйлөшүүлөр учурунда президент Путин Крым боюнча референдумга чейин чечим кабыл албасын ачыктаганын АКШ Мамлекеттик катчысы да белгиледи.

Жон Керри менен Сергей Лавровдун Лондондогу жолугушуусу алдында эгер Орусия Крымды өзүнө кошуп алуу пландарынан баш тартпаса, мунун кесепети оор болору, Кошмо Штаттар менен Еврошаркет координацияланган чараларды көрөрү эскертилген.

Эскертүү АКШдан жана Евробиримдиктин ири өлкөлөрү Германия менен Британиядан да айтылган эле.

Батыш өлкөлөрү Крым референдумунан кийин Орусияга карата кандай конкреттүү жазаларды колдоноору эң эрте дегенде келерки аптанын башында билинчүдөй.