Улукбек Тарагай: Мусулман айымдардын билим алуусу - парыз

Самаркан шаары эмирзаада жана өкүмдар Улукбектин тушунда илим менен билимдин жаркыган чордонуна айланган.

Түркөйлүк менен айдыңдык өз ара тирешкен азыркы заманыбызда түрк калктарынын залкар ойчулу Улукбектин мусулман кыздарды билимге чакырган осуятын эскербей койо албайбыз.

Улукбектин улуу чакырыгы жана осуяты

Ооганстандын айрым жерлеринде талиптер исламдын туусун жамынып алып, мугалим айымдарды жана мектепке бара жаткан өспүрүм кыздарды өлтүрүп салган учурлар жөнүндөгү кабарларды окубаган киши калбады көрүнөт.

Талиптер жана аларды жолдогон өтө караңгы күчтөр өздөрүн «мусулмандык парызды аткарып жаткандар» катары көрүшөт. Кыргызстанда да «кыздарга таалим алуунун кереги жок, алар үйдө гана отурушу керек» деген салафийлердин өкүлдөрү пайда болгону жан кейитет.

Башка жакка барбастан, өзүбүздүн мекенибизде эле мындан он кылым илгери илим-билим өркүндөп турган. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари Барскани сыяктуу бабаларыбыз билимге курулай гана чакырбастан, өздөрү да мыкты аалымдар болушкан.

Студент кезимде музейлик тажрыйба алуу үчүн Өзбекстанга барган топ менен бирге байыркы Самаркан (Самарканд) шаарын алгачкы жолу кезгеним алигиче көз алдымда турат.

Шаардын борборундагы Регистан аянтында көз жоосун алган кооз имараттардын бири – өкүмдар жана окумуштуу Улукбек курган медресеге таандык. Бизге жол көрсөткүч (гид) болгон орус эжеке ар мүнөттү текке кетирбестен, Улукбек жана анын илим-билимге ширелткен доору тууралуу саймедирлеп айтып жатты.

Менин эсимде өзгөчө калганы: Улукбек медресенин каалгасына арап тамгасы менен ойдуруп жазган текст жөнүндөгү баян болду. Бул текстте Улукбек «Билимге умтулуу – ар бир мусулман эркектин (муслим) жана мусулман аялдын (муслима) парызы» деген осуят сөздү калтырган экен.

Атаганат, ал өзү түркөйлүккө чакыргандардын курмандыгы болду. Аялдар билим албашы керек дегендердин колунан жан берди.

Андан бери көп суу акты. Жылдар алмашты. Кылымдар жаңы кылымдарга кезек берип жатты. Дөөлөттөр (империялар) кулап, улам башка мамлекеттерге орун бошотуп жатышты. Муундар алмашты.

Бирок бир гана нерсе күчүн сактап кала берүүдө. Ал – Улукбек бабабыздын кыздар (болочокку апалар жана чоң энелер) билимдүү-таалимдүү болушу – ата-эне үчүн парыз деп айткан осуяты.

Айдың өкүмдар тууралуу кошумча маалымат.

Улукбек Мухаммед Тарагай (толук аты: Мухаммед Тарагай ибн Шахрух ибн Тимур Улугбек Гураган; 1394-жылдын жалган куран (март) айынын 22синде Ирандагы Султанийе шаарында туулган — 1449-жылдын тогуздун айынын (октябрынын) 27синде Самаркан аймагында өлтүрүлгөн) – Борбордук Азиядагы көрүнүктүү математик жана астроном.

Ал эмир Шахрухтун уулу жана Эмир Темирдин небереси, демек, эмирзаада (кыскартып айтканда – “Мырза”). Ал Чыңгыз хандын урпагы Махмуд хандын кызы Ак-Султан Ханике айымга үйлөнгөн соң, салтка ылайык “Гураган” (Көрөгөн, Хүргөөн, б.а. монголчо “Күйөө бала”) деген наам анын ысымына кошулган. 1409-жылдан тартып ал Самаркандын өкүмдары болуп калган.

Эмирзаада Улукбек Тарагайдын мусулмандык миниатюрадагы сүрөтү ал жашап жаткан мезгилде тартылган.

Улукбек так илимдерге, өзгөчө астрономияга кызыккан. Өзү курдурган медреседе Куранды жана шариятты окутуп тим болбостон, ошол доордогу так илимдерди, арап тилин, медицина, география, тарых ж.б. боюнча дарстарды окутууга өзгөчө көңүл бурган.

Ал Самарканга мусулман дүйнөсүндөгү мыкты илимпоздорду топтогон.

Улукбек 1424-жылы Нооруз майрамынан соң шаардын түндүк-чыгыш өңүрүндөгү Чупан-Ата деп аталган анча бийик эмес дөңсөөдөгү жайык талаада обсерватория (расадкана, жылдызкана) курдурууга киришкен. Обсерватория цилиндр шекилинде болгон. Анын диаметри 46 метр, бийиктиги 31 метр болгон.

Дээрлик беш жыл ичинде курулуп бүткөн бул үч кабаттуу ири жылдызканада ири китепкана да бар болчу. Анда 150 миңдей китеп топтолгон.

Обсерваториянын жанында атайын гүлдүү бакча негизделип, бул жай «Баг-и майдан» деп аталып калган.

Бул тууралуу устатыбыз, Өзбекстан ИАсынын академиги Бөрүбай Ахмедов өз китебинде кызыктуу баяндайт (Караңыз: Ахмедов Бурибай. Улугбек: Историческая повесть / Перевод с узбекского Мирзы Салиева. – Ташкент: Камалак, 1994. – 208 с., илл. – ISBN 5-633-00749-2. – Мындагы 99-107-беттер).

Улукбек жана ага кызмат кылган жылдызчы аалымдар (Казизаде Руми, Гиясуддин Жамшид, Али Кушчу) жетектеген астрономдор тобу 1437-жылы түзгөн жылдыздар жадыбалы ("Зиж-и гурагани") кийинчерээк улам жаңы маалымат менен толукталып турган. 1444-жылы Улукбек «Зиж-и жадиди гурагани» деген астрономиялык жалпылама эмгекти жараткан.

Улукбек түзгөн жылдыздар атласы өзгөчө тактыгы менен айырмаланган. Улукбектин чыгармасы латын тилине которулуп, Батыш Европадагы илим чордондоруна таркап, XV‑XVII кылымдарда Европада астрономия илимин өнүктүрүүгө багыттоочу ролду ойногон.

Улукбек так илимдерден тышкары, тарых менен поэзияга да өзгөчө көңүл бөлгөн.

Улукбектин тушунда Самаркан жана Бухара шаарларында эң татынакай имараттар салынган. Бул имараттар азыркы тапта ажайып архитектуралык эстеликтер катары бааланат жана 2001-жылы Самаркан шаары «маданияттардын тоом жолу» катары ЮНЕСКОнун өзгөчө тизмесине кирген.

Эмирзаада Улукбек көбүнесе тынч саясатты жактаган, бирок 1424-ж. моголдор өлкөсүнө (Кыргызстан аймагына) жортуул жасагандыгы да маалым.

Атасы Шахрух өлгөндөн кийин (1447) Улукбек Мавераннахр менен Хорасанды өзүнө бириктирүүгө аракеттенген, бирок Эмир Темирдин урпактарынын ортосундагы такты үчүн айыгышкан ички күрөш анын пайдасына чечилбеди. Бул таймашта анын тарабы жеңилип калды. Улукбекти илимге каршы чыккан эскичил молдолордун тарапкери болгон өзүнүн уулу Абдуллатиф (Абд ал-Латиф) өлтүрткөн.

Жылдызкананын (расадкананын) орду XX кылымдын башында кантип аныкталган?

Тилчи окумуштуу, ыраматылык Сатыбалды Мамытовдун маалымдашынча, айтылуу Курманжан датканын күйөө балдарынын бири Алымбек датканын урпактары сактап жүргөн жекече китепканадан бир нече кол жазманы алып кеткен экен. Андагы вакып-намалардын биринин маалыматын колдонгон археолог Василий Лаврентьевич Вяткин (1869—1932) 1908-жылы Самаркандагы атактуу обсерваториянын калдыгынын ордун тапкан.

Таланттуу тарыхчы жана өзү да Алымбек датканын урпактарынан болгон Турсунай Өмүрзакова айым бул жагдайга кыйла тактоо киргизип, маалымат булагы катары Капитолина Новоселованын «Алтаир жылдызы» аттуу романына шилтеме жасайт (Караңыз: Новоселова К.И. Звезда Альтаир. – Ташкент: Изд-во имени Гафура Гуляма, 1983. – 160 с.; Өмүрзакова Т. Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк. – Толукталган 2-басылыш. – Б.: MaxPrint, 2015. – 264 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-27-642-0. – Мындагы 16‑20-беттер).

Анда В.Л.Вяткин араб жазмасындагы ар кыл тилдердеги тексттерди мыкты окуган самаркандык Абу Сайид Магзумдун кыйла көмөгүн колдонуп келгени баяндалат. Кургак учук илдетине кириптер болгон Абу Сайид Магзумдун оорусуна кымыз дары болоорун угуп, В.Л.Вяткин аны Алайга алып жөнөйт. Орто жолдо, Ошко келгенде, Абу Сайид Магзумдун акыбалы оорлошуп, шаарда чакан ооруканада жатып калат.

Дал ошол күндөрү В.Л.Вяткин Абу Сайид Магзумга Оштогу болуш Асанбекти тааныштырат. Алымбек датка менен Курманжан датканын уулдарынын бири Асанбек Абу Сайид Магзумга өзүнүн кол жазмалардан, эски каттардан, вакып-наамалардан жана китептерден турган таңгак-таңгак болуп ирээттүү жыйылган китепканасындагы чыгармаларды темаларына жараша иргеп бөлүштүрүп, кыскача системалуу баяндап көрсөтүү өтүнүчүн айткан экен. Бул үчүн, албетте, акы төлөнмөкчү болот. Дал ошол иргөө иштери маалында табылган самаркандык вакып-наамеде (менчик ээси көрсөтүлгөн расмий документте) камтылган маалымат Улукбектин обсерваториясынын ордун тактоодо ачкыч кызматын аткарган.

Бул маалыматты болочокто да терең иликтөө зарыл. Капитолина Новоселованын «Алтаир жылдызы» аттуу романындагы бул өтө маанилүү жагдайдын чагылдырылышына булак болгон түпкү маалыматты табуу керек.

Жакында өзбек тилиндеги бир материалды интернеттен окудум. Анда Абу Сайид Магзумду В.Л.Вяткин Алайга чейин алып баргандыгы тууралуу айтылат. Оштогу чакан ооруканада жаткан Абу Сайидди Алайга алып барып, кымыз менен дарылайын деп В.Л.Вяткин дарыгер Лебедевден уруксат сурайт. Ошентип, Абу Сайид Магзум айтылуу Курманжан датканын Алайдагы жайлоодогу конушунда да болуп, саамал ичип дарыланган. Курманжан датка В.Л.Вяткинге жана Абу Сайидге меймандостук ызаат көрсөткөн.

Абу Сайид Магзумга Курманжан датканын конушунда 5 сандыкка топтолгон эски китептердин казынасын көрсөтүшкөн. Сакайган соң кайра Алайдан Самарканга кайткан чагында Абу Сайид беш сандыктын ичинен өзү иликтөөгө эч үлгүрбөгөн бешинчи сандыкты өзү менен ала кетет. Андагы вакып-наамаларды иликтеп жатып, Абу Сайид Магзум XVII кылымга таандык документке кызыгат. Анда самаркандык бир жесир аял өзүнүн менчигиндеги жер тилкесин дервиштик диний жайга белек кылгандыгы тууралуу айтылган. Мында эскерилген сөздөрдүн арасында Оби Рахмат арыгы жана Толе-Расад деген жер аталыштары учураган. Дал ушул маалыматты Абу Сайид Магзум В.Л.Вяткинге сүйүнчүлөп жеткирген.

Академик В.В.Бартольддун өтүнүчү менен В.Л.Вяткинге археологиялык казуу жүргүзүү үчүн атайын каражат бөлдүрүлгөн. В.Л.Вяткин мырза 1908-1909-жылдары Толе-Расад дөңсөөлүү жайында жүргүзгөн казуу иштеринин натыйжасында Улукбектин обсерваториясынын ордун аныктап берген.

(Караңыз: http://referat.arxiv.uz/index.php?do=files&op=download&fileid=64831&news_page=2 )

Демек, Алымбек датка менен Курманжан датканын чогулткан кол жазма байлыгынын аркасында илимде чоң ачылыш жасалып, Улукбектин жылдызканасынын калдыгы жайгашкан жер аныкталган. Азыр бул жерде заманбап татынакай музей курулган.

Айдыңдык күрөш уланууда.

Секулярдык (дин менен мамлекеттик бийлик ажырымдалган, лайык) түзүлүштү жактаган азыркы мусулмандар замандаштарын илим-билимдин заманбап деңгээлин өздөштүрүп, андан ары өнүктүрүүгө салым кошууга чакырышат. Өздөрүн нагыз мусулманмын деп санаган, бирок орто кылымдардагыдай эскичил жана тар түшүнүктөгү коомдук көз карашын таңуулап, бир гана диндин мыйзамына баш ийүүгө жана аялды эринин эрксиз кызматкерине айлантууга, үйдө гана кармоого, аларга паранжы тагууга үгүттөгөн катмарлар (арасында вахабийлер, салафийлер ж.б. бар) болсо бүгүнкү замандын Улукбектерин четинен жок кылууга даяр.

Ооганстандагы жана башка айрым өлкөлөрдөгү мугалим айымдарды жана окуучу кыздарды өлтүргөн террордук кол салуулар – дал ошол экинчи тараптын түркөйлүгүнүн айынан орун алууда.

Демек, Улукбектин өмүрүнүн соңундагы аянычтуу окуя –цивилизациябызды сактоо жана өркүндөтүү үчүн күрөшкөн айдың мусулмандар үчүн азыр да унутулгус сабак бойдон кала берүүдө. Бүгүнкү Улукбектер эч качан жеңилбеши керек, бул үчүн айымдар (кыздар, келиндер, апалар, чоң энелер) эркектерден кем эмес деңгээлде таалим алуусу үчүн кызмат кылган секулярдык түзүлүш, коомдук шарт, демократиялык мыйзам жана атуулдук эрк жана демилгелер талап кылынат.

Кыздар да ата-энеге жана коомго жардам кылып, өздөрү дилгирлик менен билимге умтулушу керек.