Сирия өкмөтү БУУнун сунушун четке какты

Стефан де Мистура жана Валид Муалем

Сирия өкмөтү Алеппонун оппозиция ээлигиндеги аймактарына автономия берүү тууралуу Улуттар Уюмунун сунушун четке какты. Эрегиштин аягы көрүнө элек. Акыркы эле күнү өкмөттүк да, оппозициялык да күчтөрдүн чабуулунан ондогон балдар курман болушту.

20-ноябрда БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан де Мистура Дамаскка келген. Андан мурдараак ал Сирия өкмөтү ок атышууну токтотуп, саясий мунапыска келиши керектигин кайталаган. Чабуул улана берсе дагы көп кан төгүлүп, акыры жеңиш жеңилүүгө тете болорун эскерткен.

Ушундан улам де Мистура Дамаскта Башар Асад режимине шаардын куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн аймагына автономия берүүнү сунуштады. Ал мындай чара убактылуу жана Алеппого гана тийиштүү экенин кошумчалады.

Сирия өкмөтү болсо БУУнун сунушун четке какты. Тышкы иштер министри Валид Муаллем мындайча жүйө келтирди:

- Ал киши Алеппонун чыгышындагы козголоңчуларга автономия берүү тууралуу кеп козгоду. Биз сунушту толук четке кагарыбызды айттык. Ал биздин суверенитетибизди бузуу болуп саналат.

Алеппо 2012-жылы экиге бөлүнүп, чыгышын куралдуу оппозиция, батышын өкмөт көзөмөлдөйт.

Министр Алепподогу мамлекеттик институттар козголоңчулар сүрүлүп чыгырылгандан кийин гана калыбына келээрин кошумчалады. Анын сөзүндө Сирия өкмөтү Алеппонун чыгыш райондоруна чабуулун басаңдатары тууралуу кыйытма болгон жок.

Министр Муаллем ал жердеги "275 миң адамды алты миң козголоңчунун колунда калтырбайбыз" деди. Ошол эле учурда кепке келбеген өкмөттүн куралдуу оппозициянын чабуулдарынан жайкын тургундар да курман болууда. Маселен, баш кеңсеси Британиядагы Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм 15-ноябрдан берки өкмөттүк чабуулдан кеминде 103 адам мерт кеткенин билдирген.

Андан кийин бул сан дагы өстү.

Алеппо, 16-ноябрь, 2016-жыл.

Дамасктагы сүйлөшүүдөн жекшембиге оогон түнү Алеппонун чыгышына хлор бомбасы ташталган деп болжолдонууда. Ал бир үйгө даана тийип, ичиндеги алты кишиден турган үй-бүлө кырылган. Күбөлөр тарткан видеодон алардын төртөө өспүрүм балдар экенин көрүүгө болот. Ошол жердеги күбөлөрдүн бири мындай деди:

- Бейкапар уктап атканбыз. Окуя түнкү бирлерде болду. Эмне болгонун көрмөккө чыгып, бирок адегенде тумчугуп жанына баралбадык. Ал газ түрүндөгү хлор экен. Ошондон кийин биз балдарга жардам бермекке жүгүрдүк. Бирок барганыбызда алар тумчугуп өлүп калышкан экен.

Айтылып жаткандай хлор, же химиялык бомба чабуулу болгон-болбогону алдыда аныкталышы керек. Негизи андай курал колдонууга "Химиялык куралдар боюнча конвенция" тыюу салат. Сирия ал келишимге 2013-жылы Орусиянын кысымы астында кошулган. Ошого карабастан Сирия өкмөтү кийинки жылдары бир нече ирет хлор бомбасын таштады деп айыпталып келет.

Бул арада козголоңчулар да жооп кайтарууда. 20-ноябрда Алеппонун батышындагы мектеп ракетадан аткыланып, 12 окуучу мерт болгон. Дагы алтымыштайы жаракат алганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Ошентип, өлкөдө тынчтык орнотуунун кезектеги аракети четке кагылды. Мурдараак Сирия кризисин чечүү боюнча АКШ, Орусия башындагы топтун сүйлөшүүлөрү да үзгүлтүккө учураган бойдон уланбай турат.

Бул арада алты жылга чукулдаган жарандык согуштан көз жумгандардын саны 300 миңди чамалады. Миллиондогон адамдар жанын сактап калууга качкын болушту.