Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Сирия: АКШ менен Орусия орток пикир таба алган жок


Жон Керри - Сергей Лавров.
Жон Керри - Сергей Лавров.

Кытайдын Ханчжоу шаарында Чоң жыйырманын саммити өтүүдө. Анда АКШ жана Орусия дипломаттары Сирияда кызматташууну сүйлөшүп, бирок бир жыйынтыкка келе албаганы кабарланды. Бул арада Анкара Сириянын Түркия менен чектешкен аймактары “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдан тазаланганын кабарлады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ханчжоу саммитинин кулуарларындагы сүйлөшүүдө Сирия боюнча бир пикирге келе алышпаганы 5-сентябрда кабарланды. Эки өлкөнүн башкы дипломаттары Сирияда кызматташуу боюнча бир нече жумадан бери сүйлөшүү жүргүзүп келатканы белгилүү. Ал сүйлөшүүлөрдө Сирияда курчоого алынган райондорго гуманитардык жүк жеткирүү, АКШ колдогон куралдуу оппозиция жайгашкан жерлерге Сирия учактарынын абадан соккусун токтотуу, чалгын маалыматтарын алмашуу маселелери ортого коюлуп келатат.

Орусия өз кезегинде Кошмо Штаттар Сириядагы өкмөткө каршы чыккан күчтөр менен террордук уюмдарды так ажыратууну, алардын жайгашкан жерлери боюнча маалымат бөлүшүү маселесин көтөргөнү кабарланган.

4-сентябрдагы сүйлөшүүдөн кийин Жон Керри АКШ менен Орусиянын ортосунда тактоочу маселелер көп болуп жатканын белгиледи:

- Өтө көп техникалык маселелер такталды. Көп нерсе айкын болду. Бирок дагы бир нече татаал маселелер бар. Мына ошолорду кантип эки тарап үчүн ыңтайлуу чечүүнүн аргасын караш керек.

Керринин айтымында, ал Сергей Лавров менен 5-сентябрда дагы бир жолугуп, орток пикир табууга аракет жасайт. Бирок АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйшөмбүдөгү кабарлоосуна караганда, Керри менен Лавровдун сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады.

Бул арада Түркия өз чек арасына жакын жайгашкан Сириянын аймактарын “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюмдан тазалаганын кабарлады. Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым 4-сентябрда түрк телекөрсөтүүсүндө сүйлөгөн сөзүндө Сириянын Азаза шаарынан Жераблус шаарына чейинки 91 чакырым аралык тазаланды деп билдирди.

Сириядагы операцияларга тартылган түрк танкы
Сириядагы операцияларга тартылган түрк танкы

Түркиянын Сирия түндүгүндөгү операциясы “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмга эле эмес, ал жерлердеги күрт түзүлүштөрүнө да каршы багытталган. Түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Түркиянын аскерий операциясынын максатынын бири Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо деди:

- Биз эч качан Түркиянын түндүгүндө жасалма мамлекеттин түзүлүшүнө жол бербейбиз. Качан гана PYD же Сирия түндүгүндөгү күрттөрдүн демократиялык биримдик партиясынын террордук уюму биздин мамлекет үчүн коркунуч туудурууну токтоткондо, ошондо Түркияга кайтабыз. Анткени биздин негизги милдеттерибиздин бири өлкөнү коргоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо. Биз ал үчүн бардык зарыл болгон нерселерди жасайбыз.

Түрк өкмөтүнүн кабарлоосу боюнча, Азаза шаарынан Жераблус шаарына чейин аралыкты көзөмөлдөөнү өз колуна Сирия араптары жана түркмөндөр алды. Алар Сирия эркиндиги армиясынын туусу алдында күрөшүп келатышат.

Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары боюнча уюмунун маалыматы боюнча, Түркия менен чектешкен аймактардан кол жууп калгандан кийин “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдун тыш дүйнө менен байланышы үзүлдү. Укук коргоо уюму Сирия эркиндик армиясынын жоокерлери түрк танктары жана аскерлеринин колдоосу менен Түркия чек арасына жакын жайгашкан Сирия айыл-кыштактарын да көзөмөлгө алганын ырастады.

Түркия Сирия түндүгүндө аскерий операциясын 24-августта баштаган. Анын максаты чектеш райондорду Даиш жана күрт түзүлүштөрүнөн бошотуу экени кабарланган.

Сирия
Сирия

Бул арада, 5-сентябрда Сириянын Тартус, Дамаск жана Хомс шаарларында теракт жасалып, 40ка жакын адам өлгөнү, ондогондор жарадар болгону кабарланды. Ал эми Сириянын куралдуу күчтөрү Алеппо шаарында өткөн айда куралдуу оппозицияга алдырган райондорду кайтарып алып, оппозиция күчтөрүн толук камалоого жетишкенин Сириянын расмий маалымат каражаттары 4-сентябрда маалымдады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG