Трамптын талабы. Европа Гренландияны коргой алабы?

Гренландиянын түпкүлүктүү инуит калкынын өкүлдөрү

АКШ президенти Дональд Трамп Дания падышалыгынын курамындагы автоном аймак Гренландияны кандай жол менен болсо да Кошмо Штаттарга баары бир кошуп алуу жана мунун зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрүн улантууда. Азыркы дүйнөлүк жаңы шартта аралдын аскердик-стратегиялык жана экономикалык мааниси кыйла жогорулады.

19-январда Дональд Трамп социалдык түйүндөргө жасалма интеллект аркылуу жасалган, анын Гренландияны аннексиялап алууга умтулуусу мурдагыдай эле бекем экенин далилдеген бир нече сүрөт жарыялады. Ошол сүрөттөрдүн биринен ал Гренландия жерине өз колу менен АКШнын мамлекеттик туусун орнотуп жатканын, артында вице-президент Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио турганын көрүүгө болот. Дагы бир сүрөттө ал европалык лидерлер менен жолугушуу өткөрүп жатканы, артында Батыш жарым шардын картасы илинип, ал картада АКШнын аймагы сыяктуу эле Гренландия гана эмес, Венесуэла жана Канада да америкалык туудай боёлуп турат.

Мына ушундай шартта Дания Гренландиядагы аскердик күчүн бекемдеп, ал жакка кошумча күч жайгаштырды, борбор шаары Нуукка 100 кишиден турган даниялык бир рота аскерин, ошончо эле аскер кызматкерин Кангерлуссуак кыштагына жөнөттү.

"Арктикалык кесилиш"

Гренландия ылдам өнүгүп жаткан арктикалык кеме жолдору ортосундагы стратегиялык мааниге ээ аймак. Ошондой эле ал Дания кысыгынын үстүндө, НАТОнун, Орусиянын жана Кытайдын аскердик-деңиз флоттору жайгашкан тилкеде орун алган. Бул НАТОнун түндүк Атлантикадагы, Гренландия, Исландия жана Улуу Британия ортосундагы коргонуу тилкеси.

Кошмо Штаттардын президенти 19-январда NBC News телеканалынын кабарчысынын Гренландияны өзүнө каратып алуу үчүн АКШ куралдуу күчтөрүнүн аскердик операциясын башташы мүмкүндүгү канчалык экени тууралуу суроосуна "Комментарийсиз" деп жооп берип, мындай ыктымалдыкты четке каккан жок.

Мамиленин кескин начарлашы

20-январда НАТО өлкөлөрү Трамптын Гренландия боюнча билдирүүлөрүнөн улам эгер аны күч менен басып алуу аракетин баштаса Вашингтон өз кызыкчылыгында колдонушу ыктымал деген негизде чалгын маалыматтарды АКШ менен бөлүшүүнү чектегени белгилүү болду. "Трамптын амбициялары европалык жана америкалык атайын кызматтар ортосунда чыңалуу жана ишенбөөчүлүк маанай жаратып турат. Биз кайсы бир маалымат Ак үйгө жетип калбасын деп көп ачык сүйлөшпөй да калдык", – деген лондондук The i Paper басылмасына британ чалгын мекемесиндеги булак.

Ал Улуу Британия менен АКШнын ортосундагы Гренландиянын айынан азыркы түзүлүп турган абалды, мамиленин бузулушун болуп көрбөгөндөй деп мүнөздөп, Батыш дүйнөсүнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын, мисалы, Five Eyes альянсынын (АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия) алакасы мурдагыдай болбой калганын айтты.

Даниялык P572 HDMS Lauge Koch кайгуул кемеси Нууктун жанында күзөттө. Гренландия, 2026-жылдын 15-январы.

19-январда Трамп "НАТО Данияга 20 жылдан бери «орусиялык коркунучту Гренландиядан алыстатышыңыз керек» деп айтып келет. Тилекке каршы, Дания бул боюнча эч нерсе кыла алган жок. Эми убакыт келип жетти, бул жасалат!!!" - деп жазды. Ошондой эле ал НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен телефондон сүйлөшүп, Гренландия америкалык жана жалпы дүйнөлүк коопсуздук үчүн негизги мааниге ээ экенин, аны АКШ гана камсыз кыла аларын айтып, "Артка жол жок, буга баары макул" деп билдирди.

АКШ президентинин мындай билдирүүлөрүнө жообунда европалык лидерлердин көпчүлүгү Гренландиянын келечегин гренландиялыктар жана даниялыктар гана аныктай аларын айтып жатышат.

17-январда Трамп Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланд жана Финляндия өлкөлөрүнөн АКШга сатык максатында ташылып кирүүчү товарлардын баары үчүн 10 пайыздык тариф төлөө талап кылынарын, 1-июндан тартып 25 пайыз болорун жарыялаган. АКШ президенти мындай талап "Гренландияны бүтүн жана толук сатып алуу келишими жетишилгенге чейин" күчүндө болорун эскерткен.

Дания менен Гренландиянын пикири жана аракети

Соңку күндөрү АКШнын талаптарынан улам Дания менен Гренландияда он миңдеген адам нааразылык акциясына чыгып жатат. Копенгагенде манифестанттар 17-январда АКШ элчилигинин алдына барып, "Гренландия сатылбайт", "Гренландиядан колуңду тарт" деген жазууларды кармап турушту, ал эми Нуукта жана аралдын башка да шаар-кыштактарында "Гренландия ансыз деле улуу!", "Американы кайра акылдуу кылалы!" деп ураан чакырып жатышты.

Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсен интернетте эки тилде чоң билдирүү жарыялап, анын аралында жана Данияда АКШнын планына каршы жүрүп жаткан демонстрацияларды "эки элдин татыктуу биримдиги" деп атады жана Нуукка көрсөтүлүп жаткан эл аралык колдоону "гренландиялыктар өз алдынча чечим кабыл алуу укугуна ээ болгон өз алдынча демократиялык улут экендигин таанып жатканынын" көрсөткүчү деп баалады. Ошону менен катар Нильсен "АКШнын соңку билдирүүлөрү, тариф киргизүү тууралуу коркутуулары буга жолтоо боло албасын" белгилеп, "Бизге басым жасалышына жол бербейбиз" деди.

Гренландиянын тургундары Кошмо Штаттардын президентинин демилгесине каршы экенин, андайлар көпчүлүктү түзөрүн соңку апталарда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөтүүдө. Алар Дания падышалыгынын курамындагы өз алдынча башкаруусу бар аймак бойдон кала берүүнү туура көрөрүн, мындай шартта алар ички иштеринде кеңири автономияга ээ болуп, өзүлөрүнө мыкты жашоо деңгээлин камсыз кыла аларын айтышкан.

Европанын пикири

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Кошмо Штаттар британдыктардын жакын союздашы бойдон кала берерин, бирок расмий Лондон "баалуулуктарын коргой турганын" билдирди. Ал Гренландиянын айынан АКШнын жана европалык өлкөлөрдүн ортосунда соода согушунун жаралышы эч бир тараптын кызыкчылыгыа жооп бербей турганын жана Атлантика океанынын эки тарабындагы тең адамдарга жана ишканаларга ыңгайсыздык жаратарын белгиледи. Стармер "Биз андай этапка али жете элекпиз, менин максатым – андайга жол бербөө", - деп кошумчалады.

Ал эми европалык айрым башка өлкөлөр Трамптын санкциялык коркутууларына жооп болорун ачык айтып чыгышты.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц эгер мүмкүн болсо эч кандай эскалацияга жол берилбешин каалай турганын айтты, бирок ошондой абал түзүлсө жооп берилерин маалымдады:

"Биз да жооп чара көрө алабыз. Эгер зарыл болсо, албетте, биз өзүбүздүн, европалык баалуулуктарды, анын ичинде Германиянын улуттук кызыкчылыктарын коргойбуз. Европа мамлекеттери биздин топтогу ири державага бизди опузалоосуна мүмкүндүк бербешибиз керек".

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун маалымат катчысы АКШ президенти Трамптын демилгесине жообунда расмий Париж Европа биримдиги "мажбурлоого каршы аракет" көрүшүн колдой турганын айтты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Нуукта. Гренландия, 2026-жылдын 15-январы.

20-январда Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып Макрон АКШ президенти Дональд Трамптын соңку кадамдарын жана билдирүүлөрүн кескин сындады, бирок жеке анын дарегине түздөн-түз сын айтуудан карманды. Француз президенти "дүйнөдө эрежелер жок болуп, баарын күчү барлар гана чече башташы ыктымал" деген кооптонуусун айтты. Ошону менен катар ал союздаштарын "күчтүүрөөк жана көз каранды эмес Европаны" калыптандырууга чакырып, Түндүк-атлантика альянсынын азыркы абалы жакшыртууга муктаж деп НАТОну сынга алды жана форумга катышканы бараткан Трамп менен жеке жолугушуу планы жоктугун билдирди.

Европа кеңешинин лидерлери 22-январда чогулуп, Гренландия маселесин, АКШнын тариф саясатына кандай жооп чараларын көрсө болорун талкуулаганы жатышат. Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта жыйында "Европа мамлекеттеринин аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендигин, ошондой эле алардын ар кандай мажбурлоодон коргонууга даярдыгын" талкуулашарын айтты.

НАТОго мүчө башка да европалык союздаштар биргелешкен билдирүү жарыялап, Данияга тилектештигин билдиришти, америкалык тариф киргизүү тууралуу коркутууларды айыпташты, мындай кадам трансатлантикалык мамилелерге көлөкө түшүрөрүн белгилешти. Билдирүүдө жакында Дания Гренландияда өткөргөн аскердик машыгууга Улуу Британия, Франция, Германия, Швеция, Норвегия, Финляндия жана Нидерланд өлкөлөрүнүн аскердик чакан топтору да катышканы, бул иш-чара Арктикадагы коопсуздукту бекемдөөгө багытталганы жана "АКШнын ниетинен айырмаланып, эч кимге коркунуч жаратпаганы" белгиленди.

Даниянын Lockheed C-130J Super Hercules аскердик учагы Нуук аэропортунда. Гренландия, 15-январь.

"Американын аскердик күч-кубаты болбосо НАТО коркунучка каршы туруучу фактор боло алышы күмөн эле! Муну алар да, мен да билебиз. НАТО качан Гренландия Кошмо Штаттардын колуна өткөндө кыйла айбаттуу жана натыйжалуу болот. Андан аз нерсе кабыл алынгыс", - деп жазды Трамп Truth Social социалдык түйүнүнө.

Ал эми АКШнын каржы министри Скотт Бессент 20-январда Давосто журналисттердин АКШ менен Еврошаркеттин ортосундагы соода согушу ыктымалдыгы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып "тынчтанууга" чакырды жана Кошмо Штаттар менен Европа лидерлери "абалдын курчуп кетишине жол бербей, эки тарапка тең ыңгайлуу чечимге келерине" үмүттөнөрүн айтты. Бирок, ошол эле учурда, ал "Гренландия – АКШнын стратегиялык активи, аны биз эч кимге бербейбиз", - деп кошумчалады.

НАТОго коркунуч жараткан жагдай

Дональд Трамптын билдирүүлөрүнөн улам НАТОнун өзүнүн ички ажырымы тууралуу айткандар уюмдун Уставындагы айрым маселелерге көңүл бурууда. Кеп НАТОнун Негиздөө келишиминин (Уставынын) 5-беренеси жөнүндө болуп жатат. Буга чейин аталган беренени Орусия тараптан келген коркунуч тууралуу сөз болгондо эстешер эле. Анда "альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу деп эсептелет" деп жазылган. Мындай кол салуу болсо НАТОнун ар бир мүчөсүнүн агрессияга жооп кайтаруусу каралган, сөзсүз түрдө куралдуу күч колдонуу деген талап жок.

Бирок НАТОнун Уставынын бир да жеринде эгер ага мүчө мамлекеттердин бири экинчисине кол салса эмне болору жазылган эмес. Негизи 5-берене НАТОнун тарыхында бир гана жолу, АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул учурунда колдонулган. Ал эми азыркы жагдайда альянска мүчө мамлекеттердин бардыгы үчүн бирдей ориентир боло ала турган мисал буга чейин катталган эмес.

Андыктан техникалык жактан, НАТОнун Уставынан алып караганда, альянстын кайсы гана мүчөсү болбосун, бир союздашынын кол салуусуна кабылган экинчи союздашын коргоо үчүн өз аскерлерин жөнөтпөй коюуга укугу бар. Эгер Кошмо Штаттар Гренландияга кирип бара турган болсо НАТОнун башка мүчөлөрүнүн кийлигишүүсүн токтотмок, ошентип, альянс туңгуюкка кептелмек.

Түштүк Дания университетинин профессору Стен Риннинг белгилегендей, мындай кырдаалда Орусия Трамп түзгөн ички башаламандыктан пайдаланып, кайсы бир чагымдын аркасы менен же Түндүк-атлантикалык союзга мүчө болгон коңшу мамлекетке түз кол салып, "НАТО канчалык бекем экенин текшерип көрө алмак":

"Ошондо, эгер НАТО жооп бере албай калса, альянстын жок болгону иш жүзүндө ырасталат".

Гренландиянын борбору Нуук шаарында Трамптын демилгесине каршы калаа тургундарынын дээрлик үчтөн бири катышкан акция. 2026-жылдын 17-январы.

CNN кабарлагандай, 20-январда НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Трампка Гренландияны аннексиялоого альтернатива боло алуучу жолду бейрасмий түрдө сунуштады. Ал сунушка ылайык, АКШ менен Дания ортосундагы 1951-жылдагы макулдашууну кайра карап чыгып, Кытай бул аралдын аймагында эч кандай ишмердүүлүк жүргүзө албастыгы, гренландиялык экономикага инвестиция салбоосу жазылган кепилдикти кошсо болот. Рютте ошондой эле Данияны Арктикага кошумча аскер жөнөтпөй коё турууга чакырды. Бирок Ак үй мындай сунушка деги кулак төшөйбү, жокпу, азырынча белгисиз.

Жаңы реалдуулук

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары, анын чинде PBS жана Bloomberg агенттиги Дональд Трамп Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёреге кат жөнөткөнүн, анда АКШ мындан ары тынчтыкка жетүү аракети менен эле алек боло бербеси, "өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына да көңүл бурары" жазылганын кабарлашты.

Мындай кат тууралуу расмий маалымат чыккан жок, бирок басылмалар кабарлагандай, анда АКШ президентинин маанайындагы өзгөрүүлөргө Трамп Нобелдин Тынчтык сыйлыгын албай калганы да себеп болгон.

АКШ президентинин катында Гренландия маселеси көтөрүлүп, Даниянын бул аралга ээлиги боюнча күмөнү айтылган. Йонас Гар Стёре Трамптан кат алганын тастыктап, АКШ президентине Норвегия бийлиги Нобелдин тынчтык сыйлыгын ыйгарууга тиешеси жоктугун бир нече жолу түшүндүргөнүн кошумчалаган.

Гренландиянын борбор шаары Нуук. Декабрь, 2025-жыл.

Батыш өлкөлөрү арасында Гренландияга көзөмөл маселесинде тиреш күчөп, ошону менен катар Түндүк-атлантикалык союз өзүнүн негизги мүчөсү болгон АКШдан күтүлбөгөн жана жок кылуучу сокку алат деген кооптонуу жаралып жаткан чакта геосаясий орчундуу эки жагдай биринчи планга чыгууда. Бул тууралуу 20-январда The New York Times жазды.

Биринчиси – аталган басылманын баяндамачысы Дэвид Сангердин пикиринде, НАТОнун бардык мүчөлөрү, чынында эле, жылдар бою Арктиканын коопсуздугуна тийиштүү каражат бөлбөй келишти, ошол эле учурда арктикалык муздун эриши, Орусия менен Кытайдын агрессивдүү аракеттери, суу алдындагы оптикалык була байланыш түйүнүнүн өнүгүшү Жердин эң суук аймактарынын бири болгон бул жерди дүйнөлүк чоң державалар ортосундагы чырдын ыктымал очогуна айландырды.

Экинчи жагдай – АКШ президенти мурда эле бышып жетилген бул көйгөйдүн жалпы Батыш үчүн ыңгайлуу болгудай чечилүү жолун издебейт.

Анын ордуна, The New York Times белгилегендей, Трамп НАТОнун дээрлик 77 жылдык тарыхындагы эң ири ажырымга алып келе алуучу процессти атайылап демилгелөөдө. Ал эч кандай дипломатиялык компромисске барууга кызыкдар эместигин да билдирди.

Гренландиянын жергиликтүү инуит элинин кийимин кийген аял Нуук шаарындагы чиркөө алдында диний жөрөлгөлөрдүн биринде. 2025-жылдын сентябрь айы.

"Европалыктар америкалык президентке даниялык автоном жерди АКШнын менчигине толук өткөрүүдөн башка кандай гана жолдорду сунуштабасын, Дональд Трамп анын баарын четке кагып, 57 миңдей киши жашаган 2 миллион 166 миң 86 чарчы метрлик Гренландияны жөн гана өткөрүп берип коюуну талап кылууда. Бул аймактын көпчүлүк бөлүгүндө адамдын жашоосу мүмкүн эместиги Трампты ойлондурбайт окшойт. Ал үчүн бул кыймылсыз мүлк жана жаратылыш ресурстары базарындагы башкы сыйлык – Техастан болжол менен үч эсе чоң жерди алып, өздөштүрө баштоо", - дейт Дэвид Сангер.