Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

"Гренландия НАТО үчүн сыноо болуп калмакчы"


Учак Гренландиянын борбору Нуукка конгону келатат, 11-март, 2025-жыл
Учак Гренландиянын борбору Нуукка конгону келатат, 11-март, 2025-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын автономдуу аймагы – Гренландияны алуу аракетин улантууда. Копенгаген жана Нууктагы бийлик аралдын сатылбасын, анын тагдырын АКШ чечпей турганын айтып, "Орусия же Кытай тараптан коркунуч туулуп жатат" деген жүйөнү четке кагууда.

Европалык лидерлер Гренландияны колдоорун кайталап, Вашингтондун аракеттери НАТОнун бөлүнүп-жарылуусуна жеткирерин эскертүүдө.

Жекшембиде Дональд Трамп Гренландияны АКШнын көзөмөлүнө алуу ниетин кайталады. “НАТО 20 жылдан бери Орусия тараптан Гренландияга жаралган коркунучту жойгула деп эскерткенине карабай, Даниянын колунан эч нерсе келген жок. Эми убакыт келди, биз аны кылабыз!”

Трамп Гренландияга көзөмөл кылуу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтып жүрөт. Өткөн жумада ал “Гренландияны Кытай же Орусия өз көзөмөлүнө алат. Кытайдын же Орусиянын биздин кошунабыз болушун каалабайбыз” – деп билдирген.

Дания менен түзүлгөн келишимдин негизинде Гренландияда америкалык аскерлер бар, бирок Трамп бул жетишсиз экенин белгилейт. Ал максатка жетүү үчүн “жөнөкөй жол” бардыгын, ал болбосо “катаал” варианттар караларын белгилеген.

Ишембиде америкалык лидер Гренландияны сатып алуу тууралуу макулдашууга жетишилмейинче европалык бир нече өлкөгө 1-февралдан тарта 10% бажы тарифтери киргизилерин, ал эми жайында 25% жетерин эскерткен. Тизмеде Даниядан тышкары Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Британия, Нидерланд жана Финляндия бар.

Жекшембиде Европанын лидерлери өткөргөн чукул жыйында Трамптын бул чечимин "шантаж" деп сыпаттап, тиешелүү жооп кайтарыларын билдиришти.

Анын алдында сөз болгон сегиз өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү урматтоо принцибине негизделген диалогго даярдыгы айтылган. Алар Гренландияны колдоорун кайталашты.

Маселе биримдиктин бейшемби күнкү саммитинде жана Давосто башталган Дүйнөлүк экономиклык форумда талкууланары күтүлүүдө. Швейцариядагы форумга Трамп катышмакчы.

Европалык лидерлер АКШ Гренландияны өз көзөмөлүнө алуу үчүн аскердик күч колдоно турган болсо трансатлантикалык өнөктөштүккө көлөкө түшүп, НАТОнун бөлүнүп-жарылуусуна түрткү болорун эскертишүүдө.

"АКШ Гренландияга басып кирсе Путин дүйнөдөгү эң бактылуу адамга айланмак. Эмне себептен? Биринчиден, анын Украинага кол салганын, бир тараптуу аракетин жана аймактык бүтндүгүнө шек келтиргенин кайсы бир деңгээлде легитимдүү кылмак. Экинчиден, андай аракет НАТОну акыры ажыратып тынат", - деп билдирди Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес.

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Локке Расмуссен Вашингтон менен үч тараптуу конструктивдүү диалог жүрүп жатканын 18-январда бирдирген.

Аналитиктер бүгүнкү кризис падышалыктын тышкы саясатындагы эң орчундуу маселеге айланганын, НАТОнун ички биримдиги үчүн чоң сыноо болуп каларын белгилешет. 15-17-январь күндөрү Дания аралда жүргүзгөн аскердик машыгууга бир нече европалык мамлекеттер, арасында Германия, Швеция, Франция жана Норвегия катышкан.

Даниянын жана Гренландиянын тургундары аймактык бүтүндүккө шек келтирген аракеттерге нааразы. Буга чейин Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Гренландия сатылбасын, арал Дания падышалыгынын бир бөлүгү экенин билдирген.

Аралда 57 миң калк жашайт жана ал Даниянын бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт. Гренландиянын лидери, Даниядан көз карандысыздык үчүн күрөштү активдештирген премьер-министр Муте Эгеде да арал сатылбай турганын, эл өз тагдырын өзү чечээрин бир нече жолу кайталаган.

Гренландия: НАТОдогу өнөктөштөргө ишенебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG