Миң-Куш: эл уран калдыгын козгоодон коркуп турат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарынын көчүрүлө башташы элеттиктердин тынчын алууда. Алар уулуу зат жергиликтүүлөрдүн саламаттыгына коркунуч алып келет деп кооптонуп жатышат. Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андан ташылган уулуу зат айылды аралап өтөт.