Алтоо АКШда: Обаманын жана кыргыз таксисттердин Чикагосу

Чикаго постмодерн жана модерн архитектурасынын борбору саналат.

АКШдагы эң алгачкы асман тиреген үйлөр (sky scrapers - асман тырмагычтар) биринчи ушул Чикагодо курула баштаган.

Чикаго дагы деле жакырчылык жана ага байланышкан кылмыштуулук көп шаарлардын катарында.

Кыргыздардын "Жибек жолу" ресторанына күндүз кыргыз таксисттери көп келсе өзгөчө жума, ишемби күндөрү башкалар көп келет.

Балет бийчиси, 25 жашында "Эл артисти" наамын алган Арстанбек Ирсалиев (солдо) "Жибек жолу" ресторанында жердешине сүрөт көрсөтүүдө.

Чикагодогу бир миң чакты кыргыздын көбү - студенттер. Шаарда Рузвельт (сүрөттө көк түстөгү имарат) жана башка таанымал окуу жайлар көп.

Чикагодогу Колумбия коллежинен көрүнүш

Чикагодогу Колумбия коллежинде журналистика бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуу.

Чикагодогу Колумбия коллежинде Ооганстандагы эң популярдуу "Толо" ТВнин вице-президенти Лутфулла Назифзаде (оңдо) студенттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Колумбия коллежинин журналистика бөлүмүндө

WBEZ - Чикагодогу коомдук теле-радио каналдын теле-студиясынын көрүнүшү. Бул каналдын Worldview радиосу АКШда чет элдик кабарларга арналган саналуу программаларынын бири.

Чикагонун көчөсүнөн көрүнүш

Чикагону "шамалдын шаары" деп аташат. Мичиган көлүнүн боюнда жайгашкан шаардын тургундары "бири калбай, алтургай өлгөндөрү да добуш берет" деп тамашалашат. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү демократтарды колдойт.

Шайлоо күнү президент Обама Чикагого келет деп күтүшүүдө. Ал мында жарандык активист катары саясаттын даңгыр жолуна түшкөн, өмүрлүк жары Мишелге да ушул шаарда жолуккан.