Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

АКШ: "Жашыл картанын" жол-жобосу талкууда


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы миңдеген чет элдиктерге Америкада жашоого уруксат берген жылдык лотереяны алуунун шарттарын катаалдаткан мыйзамды жактырды. Бул мыйзам Сенаттан өтөөрү күмөн, бирок ал АКШдагы миграция көйгөйүнүн айланасындагы тирештин күч алышынан кабар берет.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы "грин-кард" (Green card) же "жашыл карта" деген ат менен белгилүү чет элдиктер үчүн жылдык лотереяны дээрлик жоюну караган мыйзамды жактырды. Долбоордо АКШнын жарандыгын алууну көздөгөн документти илим-технология жаатында жогорку илимий даражасы бар чет элдиктерге гана берүү сунушталат.

Республикачылар колдогон мыйзам АКШнын иммиграциялык реформасындагы таймаштын соңку майданы болуп калды.

"Грин-кард" адатта жылыга он миңдеген чет элдикке АКШда туруктуу жашоого мүмкүндүк берет. Беш жылдан кийин "жашыл картанын" ээси Кошмо Штаттардын жарандыгын алууга укугу бар.

Азыр эми Өкүлдөр палатасы кабыл алган мыйзамда илим, технология, инженерия жана математика жаатында "илимдин мастери" же "илимдин доктору" даражасы барларга гана "грин-кард" берүү сунушталат.

Республикачылар да, бийликтеги демократтар да АКШда инновациялардын көбөйүшү үчүн жогорку технологиялар жаатында адистиги бар чет элдиктердин өлкөгө келишин жактаарын айтышат. СТЕМ деп аталган мыйзам долбоорунун автору, техастык республикачы Ламар Смит азыркы сунуш дал ушул максатты көздөйт деп ырастады.

Бирок демократ мыйзамчылар бул кадам ар тараптуу иммиграциялык реформага кесепетин тийгизет деп чыгышты.

Луис Гуттерез демократиялык партиянын Иллионойстон шайланган өкүлү. Ал Нью-Йорктогу Эркиндик айкелинде "иммигранттын акылы мынча пайыз болуш керек деген жазуу" жоктугун белгилейт. Түркүн түстүү калктын бул өлкөгө келүүсүн камсыздоочу "грин-карддын" шарттарын өзгөртүү аракети атайын же жогорку билими жок болсо да, АКШнын экономикасында чечүүчү рол ойногон чет элдиктерди дискриминациялоого тете экендигин эскертет.

Мыйзам долбоору демократтар басымдуулук кылган Сенаттан өтпөй калат деп болжолдонууда.

Бруклин илим изилдөө институтунда эмгектенген, АКШнын иммиграция саясаты боюнча адис Одри Сингер Конгресстеги иммиграциялык реформа боюнча таймаш 2013-жылы да бир беткей болбойт деп эсептейт.

Иммиграциялык реформа президенттик шайлоо өнөктүгүндө эң талаштуу маселелердин бири болду. Ноябрдагы шайлоодо Обаманы теги испандар жана башка улуттук азчылыктар жабыла колдошту.

Обама бул маселени экинчи кызмат мөөнөтүндө бир жаңсыл кылууга сөз берген. Жалпысынан демократтар АКШдагы 11 миллион мыйзамсыз иммигранттын көбүн жарандык алуунун жолуна салуучу мыйзам долбоорун колдошот.

1995-жылдан бери АКШнын "грин-кард" лотереясына миллиондогон киши арыз берип, жылыга алардын 55 миң чактысы утат. Келерки жылы дагы 12 миллиондон ашуун киши лотереяга катышат деп болжолдонууда.

Лотереяга катыша турган адамдын орто мектепти бүткөн аттестаты же эки жылдык билим алууну талап кылган кесипте тажрыйбасы болуш керек. "Жашыл картаны" жеңил алгандар АКШга жашы жете балдарын жана айрым учурларда ата-энелерин да алып бара алышат.

XS
SM
MD
LG