"Уулумдун кайгысынан инсульт алдым". Ууру кылбай, ушак айтпай камалган Молдалиев
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда Фейсбук колдонуучусу Бактыбек Молдалиевдин "KLOOP'тун материалын бөлүшүүгө" айыпталып, эркиндигинен ажыратылганын айыптаган билдирүү менен чыгышты. Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюмунун Европа жана Борбор Азия аймактык директору Фиона О'Брайен муну Кыргызстандагы сөз эркиндигине кысым деп сыпаттады. Ал эми Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Бактыбек Молдалиевди боштондукка чыгарууну талап кылды. Курулушта карапайым ширетүүчү болуп иштеген 49 жаштагы Бактыбек Молдалиевдин үй-бүлөсү анын эркиндикке чыгып келишин күтүп жатышат