Өзбекстандын чыгыш аймагында тутанган жер талаш маселеси Сырдарыя облусуна да жетти. Фермерлер бийлик айыл чарба жерлерин ар кандай шылтоо менен чет өлкөлүк, айрыкча кытайлык инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлө турган системага өткөрүп берүү аракетин көрүп жатканын айтууда. Алардын билдиришинче, бул үчүн соттук териштирүү, карыздарды өндүрүү, административдик басым сыяктуу ыкмалар колдонулуп жатат.
Хаваст районунун тургуну, фермер Гайрат Усмонов ижарага алып иштетип жүргөн жеринен 2021-жылы ажыраган. Анда бийлик жер тилкесин саудиялык инвесторго өткөрүп берип койгон. Дээрлик үч жылдык соттук териштирүүдөн кийин тилке кайрадан өзүнө тийген – 2025-жылы чет өлкөлүк инвестор ал жерди иштетүүдөн баш тарткан.
Бирок, дыйкандын айтымында, жергиликтүү бийлик ал иштетип жаткан жерди кайрадан тартып алуу аракетин көрүүдө. Бул жолу кытайлык инвесторго өткөрүп берилиши ыктымал деген божомол бар.
Усмоновдун айтымында, жергиликтүү акимчилик аны "күрүчтү мыйзамсыз өстүрүп жатасың" деп күнөөлөөдө. Шарты катаал ижара келишиминде эгер мындай мыйзам бузуу катталса документ токтотуларына негиз болору так жазылган. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, айыл чарба багытындагы жерди мамлекеттен 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага алса болот. Мамлекет эгер айрым бир мыйзам бузуулар катталса, мисалы, ижара акысы төлөнбөсө же тилке макулдашылгандан башка максатта колдонулганы аныкталса ортодогу келишимди токтотуп коё алат.
Фермер өкмөттөн ижарага алган жерге эч качан күрүч экпегенин, бирок, ошого карабастан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ишти сотко өткөрүп берип койгонун, алар ушундай жалган жүйөнү ижара келишимин токтотууга негиз катары кармап жатышканын айтууда.
«Алар фактыларды изилдебейт. Сот бийлик өкүлдөрүнүн сөзүн угуп, ошолорду гана жактайт», — деп айтып берди Усмонов "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматы "Озодликке".
Усмонов туш болгон жагдай Өзбекстанда былтыр май айында аймактык "дирекцияларды" түзүү тууралуу мыйзам кабыл алынгандан берки жаралган мындай жалгыз окуя эмес.
Бийлик бул саясатынын максаты катары карыздарды өндүрүп алуу, жер пайдалануу сапатын жакшыртуу деген жүйөсүн келтирүүдө. Бирок "Озодлик" маектешкен фермерлер бийликтин мындай саясаты алар түшүмдүүлүгүн жогорулатыш үчүн жылдап эмгек кылган жерлерден жергиликтүү дыйкандарды бара-бара сүрүп чыгарып, айыл чарба келишимин чет өлкөлүктөр менен түзүү үчүн жерди пайдалануу багытын өзгөртүү каражатына айланып жатканын айтып беришкен. Алар адатта өзүнүн аты-жөнүн ачык айтуудан баш тартышат, анткени, эгер бийлик билип калса куугунтук башталат деп коркушат.
Усмонов жана Хаваст районундагы башка да фермерлер билдиргендей, масштабдуу өнөктүк январь айында башталды. Ондон ашуун фермер бул райондун аймагындагы чарбалардын дээрлик жарымын жаңы система алкагында дыйкандардан алып, мамлекеттик жер резервине өткөрүп берүү пландалып жатканын "Озодликке" айтып беришти.
«Жер фермерден мамлекеттик резервге, андан ары дирекцияга, инвесторго өтөт. Бирок бул чынжырчанын ичиндегилердин эч кимиси кырдаалдын очогунда турган адам эмне болду деп кызыгып да коюшпайт», - деди алардын бири.
КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН АЧЫЛЫП ЖАТКАН ЖОЛ
Сырдарыядагы дыйкандар иштетип келген жердин көбү кытайлык компаниялардын колуна өтүп жатканын "Озодлик" радиосу менен байланышкан фермерлер айтып беришти. Бийлик бул маалыматтын чын-төгүнү тууралуу расмий түрдө комментарий бере элек.
Дыйкандар арасында ушундай эле нааразылык Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян облусунда да чыккан. Былтыр "Озодлик" аталган аймактын бир нече районунда айыл чарба жерлери кытайлык компанияларга берилип жатканы тууралуу кабарлаган.
Маалымат ачыкка чыккандан кийинки убакта андай окуялар азайып калганын, бирок дирекция деген система чыккандан бери кайрадан көйгөй жарала баштаганын фермерлер билдирүүдө. "Озодлик" өткөн айда бул системаны изилдеп чыгып, дирекциялар дыйкандардан алынган жер тилкелерин кытайлык инвесторлорго ижарага берип жатканын аныктап чыккан.
Дирекция системасы Өзбекстанда атайын мыйзамдын негизинде өлкөнүн жети аймагында —Анжиян, Жизак, Наманган, Сырдарыя, Ташкент, Фергана жана Кашкадарыя облустарында иштеп баштады. Ар биринде кеңселер ачылып, алар жер пайдалануу тармагындагы иштерге, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлорго субарендега берүүгө жооптуу болуп, көзөмөл жүргүзүүдө.
Өзбекстанда ижарага жер алып иштетүүгө кызыгуусун билдирип жаткан чет элдик ишканалардын көпчүлүгү Кытайдын компаниялары. Негизи бул өлкө соңку жылдары Өзбекстандын айыл чарба тармагындагы кызматташтыкка кеңири аралашып, каржылоо, инфраструктура жана технологиялар жаатында иштешүүдө. 2024-жылы өзбек бийлиги Кытайдын Экспорт-импорт банкынын 220 миллион долларлык насыя бөлүп берүүсү тууралуу келишимди жактырган. Документте бул каражат кытайлык мамлекеттик компаниялар, алардын арасында CITIC Construction жана China CAMC Engineering ишке ашыра турган ирригациялык долбоорлорго жумшалары жазылган.
2025-жылы кытайлык агрокомпаниялардын делегациялары Өзбекстандын жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда өлкөнүн чыгышындагы жана борбордук бөлүгүндөгү аймактарды кыдырып чыгууга жетишти. Жыл соңунда, декабрь айында Сырдарыя облустук администрациясынын аткаминерлеринен турган топ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында деп Кытайга барып келгени маалымдалды.
Хаваст районунун фермерлери айтып бергендей, кытайлык инвесторлорго адегенде жол боюндагы, чөп басып кеткен же совет мезгилиндеги колхоз-совхоздордон калып, кароосуз, пайдаланылбай жаткан сыяктуу кунары кеткен жер тилкелери сунуш кылынган. Бирок алар андай сунуштан баш тартышкан.
«Алар өздөштүрүлгөн, биздин фермерлер катаал шарттарга карабастан айлап-жылдап багып, байытып, иштетип келаткан түшүмдүү жерлер керек деп талап кылышыптыр», — дейт жергиликтүү дыйкандардын бири.
Фермерлер эсептеп чыккандай, мисалы, Хаваст районунда эле быйылкы жылы 17 миң гектарга жакын жерди дирекция системасына өткөрүп берүү каралууда. Андан ары ал тилкелер, дыйкандардын айтымында, субаренда иретинде чет элдик инвесторлорго берилери анык.
Андан соң, дыйкандар белгилегендей, 2024-жылдын соңунан бери соттордун чечимдери же фермерлердин мажбурлоо алдында жазып берген арыздарынын негизинде тартылып алынган 10 миң гектардан ашуун жер тилкелерине кошумча дагы 300дөй чарбалык иштетип келаткан жеринен ажырашы мүмкүн.
Өзбекстан. Бухара облусу.
«БААРЫН ТАРТЫП АЛАМ»
Иштетип жаткан жерин мамлекет дирекция аркылуу тартып алышы ыктымал болгон фермерлер жаңы система аймактагы жогорку кызматтагы жетекчилердин, анын ичинде облус башчысы Эркинжон Турдимовдун көзөмөлүндө же ошолордун уруксаты менен иштеп жатканын билдирүүдө.
Турдимовдун маалымат катчысы Манучехр Мирзаев "Озодликтин" дыйкандардын жерин алып коюп жатышканы, басымга кабылганы тууралуу арыз-муңу боюнча суроосуна жооп берген жок.
Хаваст районунун тургундарынын бири "Озодликке" маек куруп, облус башчысынын өкүлү менен жолугушуулардын бирин эстеп, ошондо нес абалда калганын айтып берди. Фермерлерди таң эрте келгиле деп чакырып коюп, өзүлөрү шашпай келишкен. Турдимов ал жолугушууга бир нече сааттан кийин гана барган.
«Ал келер замат баарыбызды коркутуп-үркүтө баштады. Бир киши жерди тамчылатып сугаруу системасына көп каражат сарптаганын, мойнунда азыр миллиард сумга жакын (болжол менен 81 330 доллар) карызы бар экенин айтты эле, облус башчысы аны коркутуп: "Сен керек болсо көчөдө каласың. Болгон оокатыңды, жада калса үйүңө чейин тартып алам" деди», - деп айтып берди маектештердин бири.
Фермерлердин айтымында, аларга: "Же силер жерди өз эркиңер менен өткөрүп бересиңер, ошондо тилкелер кайрадан бөлүштүрүлүп, карыздарыңардан кутула аласыңар, же жерди берүүдөн баш тартасыңар да соттун чечими менен жер камакка алынып, өзүңөр карызга батасыңар. Тандагыла" дегендей буйрук беришти.
Дыйкандардын дагы бири айтып бергендей, бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн имараттын кире беришинде полиция кызматкерлери күзөттө турушту. Андыктан эч кимдин ал жактан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жок, баарын бирден чакырып, документтерге кол койдуруп чыгышты.
Ал эми кол коюудан баш тарткандар кесепетин дароо көрүштү.
«Эртеси күнү эле мүлкүн конфискация кыла башташты. Бийлик өкүлдөрү алардын үйүнө кирип барып, телевизорун, короодогу малын, кыскасы, баарын алып кетип калышты», - деди фермер.
БАСЫМ АЛДЫНДА КАЛГАНДАР
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дыйкандарга ижарага берилген жер тилкелерин кайтарып алуунун себеби алардын өтө көп суммада топтолуп калган карызына байланыштуу экенин жүйө келтирүүдө.
Райондук администрациянын Telegram каналына жарыяланган билдирүүсүндө фермердик чарбалардын район алдындагы карызы салык түрүндө 40 миллиард сумга (болжол менен 3,2 миллион доллар), банкка карыз түрүндө дагы 128 миллиард сумга (10 миллион долларга жакын) жеткени, жүздөгөн иш боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды. Жергиликтүү бийлик кеминде 110 фермердик чарба менен ижара келишимин токтотуу тууралуу доо арыз берилгени тууралуу маалыматты тастыктады.
Фермерлердин жана талдоочулардын белгилешинче, доо арызда ошончо карыз кантип топтолуп калганына эч кандай түшүндүрмө берилген эмес, жергиликтүү бийликтин жана айыл чарба бирикмелеринин буга тиешеси канчалык экени да түшүнүксүз.
Өзбекстанда аймактык айыл чарба бирикмелери негизинен мамлекеттин көзөмөлү астында иштешет, алар жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта.
Экономист Отабек Бакиров өлкөдөгү азыркыдай айыл чарба системасынын өзү фермерлерди карыздар абалга кептейт деген пикирде.
"Озодликке" курган маегинде ал 2024-жылы да, 2025-жылы да жыйым-терим учурунда көптөгөн фермерлер аймактык ассоциациялардан «пахта жана дан кластерлери боюнча каражатты толук албай калышканын», ошонун айынан «жер семирткичтер айрымдарына кеч тийип, айрымдары такыр эле куру жалак калышканын, ошонун айынан түшүмү да күткөндөй болбой калганын» айтты.
«Фермерлердин көбү карызга батып калышты», — деди Бакиров.
Жергиликтүү бийлик чет элдик инвесторлорго жер тилкелери көбүрөөк берилсе жалпы экономикага пайдасы, стимулу чоң болорун айтып жатат. Бирок алардын мындай планы ошол жерди иштетип келаткан түпкүлүктүү тургундардын, фермердик чарбалардын акырындап сүрүлүп чыгарылышына алып келүүдө.
Ал эми элет жергесинде жер иштетүүдөн башка жумуш дээрлик жок.
Хаваст районунда эле, мисалы, жергиликтүү фермерлердин эсебине караганда, 300дөй чарбанын жабылышы менен миңдеген үй-бүлө киреше булагынан ажырап калышы ыктымал болууда.
«Фермерлер көчүп кетүүдө, жумушчулар да кетип жатышат, айыл-кыштактар ээн калууда. Миграция күчөдү. Инвестор келет да кетет, а биз эч нерседен жок калып калуудабыз», - дейт жергиликтүү тургундардын бири.
Хаваст районунда дыйкандар кысымга кабылып жатканы тууралуу маалымат ачыкка чыккандан кийин расмий Ташкент бул маселеге көңүлкош эместигин, айрым бир саясий аракеттерге барууга даяр экенин көрсөтүүгө аракет кылды.
Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясынын депутаттары жакында облус башчысы Эркинжон Турдимовго парламенттик расмий кат жөнөтүп, Хаваст районунун фермерлери туш болгон маселеге байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.
Азырынча андан жооп боло элек.