15-февралда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арачыларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун максаты - ишенимди чыңдоо, туруктуу кырдаалды бекемдөө жана мамлекеттик чек ара режимин колдоо болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Иш-чара үч өлкө чектешкен жерде - "Достук" стелласынын жанында өттү.
Жолугушууда тараптар кызматташуу, чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ич ара түз байланыш механизмдери жана чек ара аймагында ар канадй окуялардын алдын алууга багытталган аракеттерди координациялоо боюнча маселелерди талкуулашты.
"Өзгөчө көңүл чек ара аймактарында инженердик, айыл чарба жана жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө кызматташтык тартибине, ыктымал талаш кырдаалдарда ыкчам чара көрүү алгоритмине бурулду. Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өтүп, тараптардын мамлекеттик чек ара режимин андан ары чыңдоого, жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жана чек ара аймактарында туруктуулукту сактоого даярдыгын тастыктады", - деп жазылган маалыматта.
Тараптар мындан тышкары "Достук" стелласынын айланасын жакшыртып, жашылдандырууну чогуу жүргүзүүнү макулдашты.
Кыргызстан Өзбекстан, Тажикстан менен чек араларын толугу менен 2025-жылы чечти. (ZKo)
Шерине