АКШ: купуя сыр прессага аң казып жатат

Гезит беттеринде "Мамлекеттик сырды жайган" деп айыпталган Эдвард Сноуден

Ак үй мамлекеттик сырды ашкереледи деп, коопсуздук маселесин чагылдырган журналисттердин маалымат булагын иликтөөсү коомго “зыян” алып келүүдө.
Кошмо Штаттардын Журналисттерди коргоо комитети соңку иликтөөсүнүн натыйжасында ушундай тыянак чыгарат.

Америкалык журналисттерге мурдагы булактары өкмөттүн каарына калабыз, кызматыбыздан айрылабыз дешип, маалымат бергенден кача башташкан. Бул жөнүндө кеп болуп жаткан докладдын автору, Washington Post гезитинин мурдагы шеф-редактору Леонард Довниге аны менен маектешкен ондогон журналисттер айтышкан:

- Журналисттер, өзгөчө, улуттук коопсуздук темасында жазгандар, ошондой эле федералдык өкмөттүн ишин чагылдыргандардын айтышынча, өкмөттөгү булактар, эл менен иштешкен чиновниктер мурдагыдай сүйлөшкөндөн корко башташкан. Себеби алар маалымат ачыкка чыкса, иликтөө жүрүп, жумушуна зыян тийгизет, иш сотко өтөт деп чочушат. Ошон үчүн алар кабарчылар менен сүйлөшүүнү каалашпайт.

Журналисттерди коргоо комитетинин докладына караганда, мамлекеттик купуя сыр ачыкка чыгып кетти деген жүйө менен коопсуздук кызматтары тарабынан журналисттердин жана массмедианын электрондук почтасын окуу, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо акыркы жылдары көбөйө баштаган.

Андай чабуулга атактуу “Нью-Йорк Таймс” гезити жана "Ассошэйтед пресс" агенттиги да кабылган. Андан улам журналисттер өз маалымат булактары менен e-mail же телефон аркылуу сүйлөшүүдөн сактанып, этияттык үчүн ортомчуларды пайдаланууга өтүшкөн.

“Кабарчылар өкмөттүк көзөмөлдөн этияттанып, адамдар менен жүзмө-жүз жолугушканга, интервьюну арачылар аркылуу алганга аракет кылышат, - дейт Леонард Довни. - Өкмөттүк булактарга - болуп жүргөндөй - детектордук тесттен өтөсүңөр деп айтылчу болсо, алар кабарчылар менен түз сүйлөшпөй калышат”.

Барак Обама Ак үйгө келген 2009-жылдан бери мамлекеттик сырды ашкере кылды деп, сегиз өкмөттүк кызматкер жоопко тартылган. Обамага чейинки бардык АКШ президенттери тушунда мындай үч гана окуя болгон.

2009-жылдан бери соттолгон жарандар улуттук коопсуздукка коркунуч туудурчу маалыматтарды ачыкка чыгарган дейт АКШнын Юстиция министрлиги.

Федералдык чалгындоо кызматынын мурдагы агенти Доналд Сахтлебен сентябрда эле "Ассошэйтед пресс" агенттигине “ал-Каиданын” бомба чабуулу кантип токтотулганы тууралуу жашыруун маалыматты берген деп айыпталды. Тергөөчүлөр анын изине кабарчынын телефон сүйлөшүүлөрүн иликтеп жатып чыгышкан.

“Нью-Йорк Таймстын” коопсуздук саясаты боюнча кабарчысы Дэвид Сангер анын эзелки булактары азыр аны менен сүйлөшпөй калышканын Леонард Довниге айткан.

Докладга караганда Обаманын администрациясы, “Ички коркунучтардын программасы” деген документке ылайык, кайсы бир өкмөттүк кызматкер жашыруун сырды прессага берип койбош үчүн, бири-бирин акмалап турганды суранган.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жей Карни берегидей сөздү куру дооматка чыгарып, Обама башынан эле өлкө тарыхындагы эң ачык президент болом деп убада бергенине көңүл бурган жана өкмөт сайттарынын санын көбөйтүп, Ак үй коомчулук менен байланышта видео жана социалдык медианы кеңири колдонуп калганын айткан.

Бирок Довни жогорудагыдай чараларды коомчулуктан өкмөттүн ишин жаап-жашыруу аракети деп баалайт:

- Алар жасап жаткан иштер өкмөттүн өз кадамдары үчүн жооп берүүсү үчүн зарыл маалыматты кабарчылардын алуусун кыйындадат. Өкмөттүн ишин ачык чагылдыруу Американын Конституциясына ылайык, прессанын маанилүү вазийпасы.

АКШнын журналисттерди коргоо комитети буга чейин Бурма, Пакистан, Кытай жана Египетте маалымат эркиндигинин абалын иликтеген.