Монголия: жылан кыздар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн аптада Монголияда миң жылдык тарыхы бар Наадам майрамы белгиленди. Бул күн улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштардын күнү саналат. Майрамдын ачылышында өлкө башчысы Цахиагийн Элбэгдорж өзү байыркы бүркүттүн бийин бийлеп көрармандардын жана чет элдик коноктордун оозун ачырды. Бүркүттүн бийинен тышкары Монголияда байыркы искусство саналган жылан кыздардын бийи дагы популярдуу жана ага кызыккан кыздардын саны көп. Монгол искусствосунун өзгөчөлүгү тууралуу кийинки сюжетте.